БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. UFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегор менен күйөрман-фанатынын пикир келишпеген учуру тартылып калган видео интернетке жарыяланды. Окуя АКШнын Флорида штатындагы Майами-Бич шаарында болгон.
Макгрегор аны видеого тартып жатканда фанатынын колунан аппаратын жулуп алып, аны жерге таштап, тепселеп жана талкалап салган.
NEW VIDEO: Conor McGregor smashes fan’s phone outside Fontainebleau Miami Beach hotel, charged with robbery by sudden snatching and criminal mischief https://t.co/aGT4ampcLj pic.twitter.com/cRjH3gLZMM
— Billy Corben (@BillyCorben) 10 апреля 2019 г.
Мушкер бул кылыгы үчүн бейбаштык жана мүлккө зыян келтирүү боюнча айыпталып кармалган. Кийин жабырлануучу эч кандай доосу жок экенин айтып, иш сотко өтүп кеткенге чейин өз ара элдешип алышкан.