БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Франциянын императору Наполеон Бонапарттын (1769–1821) тагы француз монархтарынын "Фонтенбло" деп аталган резиденциясындагы аукциондо 500 000 еврого (38 340 000 сом) сатылды. Бул туурасында "Моя планета" жазып чыкты.
Алтын жалатылган кресло алгач 80 000 еврого бааланган. Себеби Наполеондун отуруп жүргөн тагы экендигинен күмөн санагандар чыккан. Osenat деп аталган аукцион өткөргөн тарап эксперттер анын чын же жасалма экендигин жарым жылга жакын изилдеп чыккандыгын айтышты.
XIX кылымдын аягында америкалык филантроп Майкл Генри де Янг бул тарыхый тактыны Сан-Францискодогу көркөм өнөр музейине берген. Аталган буюм Наполеондун чөйрөсүндө жүргөн туугандарынын бири, француз меценатына керээз катары калтырылганы айтылат.
Көп убакытка чейин бул императордун беш тактысы тууралуу кеп жүргөн. Бирөө Париждеги Тюильри сарайында, экинчиси Сен-Клу сепилинде, үчүнчүсү Сенатта, төртүнчүсү Мыйзам чыгаруучулардын имаратында, ал эми бешинчиси Париждин мэриясында деген маалыматтар болгон.