Баланы мектепке канча жаштан берген туура? Адистердин пикири

© Sputnik / Эмиль СадыровГүл көтөргөн кыз. Архивдик сүрөт
Гүл көтөргөн кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү мектептер окуучуну 1-класска канча жаштан баштап алат? Бала өзү кайсы курагында мектеп босогосун аттоого даяр болот? Ушул жана башка суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги тиешелүү адистерден жооп алды.

Бүгүнкү күндө айрым балдар 1-класска алты жашынан барса, кээси жетиге толгондо окуп жатат. Балдардын жаш курагы көпчүлүк ичинде талаш-тартыш жараткан маселеге айланууда.

Бушайман болгон ата-энелер

Бишкек шаарынын тургуну Нурбай Солтоевдин уулу 2019-жылдын октябрь айында алты жашка чыгат. Ата-энеси баласын мектепке быйыл же кийинки жылы берерин билбей бушайман болуп жаткан чагы.

"Уулум "мектепке барам" деп даярдана баштады. Өзү да бир нерсени бат кабыл алат, ой жүгүртүүсү жакшы. Бирок октябрда араң эле алтыга толот. "Эрте эмеспи" деп ойлоп жатабыз. Бирок кийинки жылга калтырсак, жетиге чыгып кетет экен. Анда кеч болуп окууга кызыгуусун жоготуп коебу деп да кооптонуудабыз", — деди Солтоев.

Пригородная средняя общеобразовательная школа  - Sputnik Кыргызстан
Окуучуларым ЖРТдан 200дөн ашык упай алат! Адис тест тапшыруунун сырын ачты
Борбор калаанын дагы бир тургуну Салтанат Кадырова да чүрпөсүн кайсы жылы мектепке берсем деп сарсанаа. Анын кызы 2013-жылдын январь айында төрөлүптүр. "Азырынча оюн менен алаксып мектепти деле ойлогон жок" деген эне кийинки жылга да калтыра албай турганын айтты.

"Быйыл берсем оюнга алаксып сабакка көңүл бурбай коет го деп ойлоп жатам. Анын үстүнө бакчанын даярдоо курсуна эми бара баштайт. Баланы эрте эле кыйнай бербейин деп ойлогом. Бирок 2020-жылга калсак, күзүндө жети жаштан ашып кетет экен",— деди Кадырова.

Буларга окшоп баласын канча жашында мектепке берүүнү билбей жаткан ата-эне көп эле болсо керек.

Адистер эмне дейт?

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, мыйзам боюнча баланын ден соолугу жакшы болуп, эч кандай каршы көрсөтмө жок болсо, жалпы билим берүү мекемелерине 6-7 жаштан баштап кирүүгө укуктуу. Ал эми башка жаш курактагы (мисалы, 5 же 8 жаштагы) жеткинчектерди 1-класска райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн буйругу менен гана берүүгө болот.

Балдар психологу Жылдыз Кудайбердиева чүрпөнү 1-класска берүүдө алгач анын жөндөмүнө кароо керектигин айтты.

"Кээ бир жеткинчектер алты жашында эле өнүгүп, жети жаштагы баланын маселесин чыгарып, сабагын окуп коет. Эгер бала 6 жашында окууга даяр болсо, күтүүнүн кереги жок. 6 жашында оюнду ойлоп сабакка көңүлү жок болсо, анда 7 жашта эле берүү оң. Бул жерде баланын жаш курагына эмес, жөндөмүнө караган туура", — деди Кудайбердиева.

Анткен менен башталгыч класстын мугалимдери баланы кыйнап эрте мектепке берүүнүн кажети жок дейт.

Бишкек шаарындагы №51 мектеп гимназиясында башталгыч класстын мугалими Чынара Кашкелеңованын пикири боюнча баланы өтө эрте мектепке киргизүү жөн эле кыйноо.

Сабактагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда билим берүү толук акы алмайга өтсө кандай болот? 5 пикир
"Негизи 1-класска бала жети жашка толгондон баштап окушу керек. Ата-эне баласын мектепке берерде туулган жылын, айын, күнүн — бүт эсепке алышы зарыл. Мисалы, эреже боюнча январдын башынан майдын аягына чейин төрөлгөн балдар ошол жылы алтыга чыкса, сентябрда мектепке барса болот. Анткени ал 7 жашка карап калат. Ал эми майдын аягынан декабрга чейин төрөлгөн балдарды кийинки жылга эле калтырган туура. Айрымдары чүрпөлөрүн "жакшы окуйт болушу керек" деп үстүртөн эле карап туруп алты жашынан 1-класска берип салышат. Бирок биз көрүп жатпайбызбы, алар тез чарчап кыйналып калышат. 7 жашында бала дене-бою жактан дагы, акыл-эс жагынан да окуганга даяр болот", — деди Кашкелеңова.

Ат-Башы районунун Адыраңов атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Сагын Эмилбаева да баланы өз убагында окуткан оң дейт.

"Биз жакта азыр балдарды алты жашында даярдоо классынан окутуп, жети жашында мектепке киргизип жатат. Бул жакшы экен. Анткени бала бир нерсени билип келет. Даярдоо классына барбаган бала кичине кыйналып калат. Башкача айтканда, алты жашында даярдоо классына барып, жети жаштан баштап мектепте окуйт. Эрте окутат элем деп баланы беш жашынан даярдоо классына, алты жашынан мектепке берип салса, жеткинчек сөзсүз кыйналат", — деди Эмилбаева.

Баса, быйылкы жылдан тарта борбор калаадагы мектептердин баары балдарды 1-класска электрондук каттоо менен гана ала баштады. Ата-энелер бул нерсени эске алышы керек. Электрондук каттоонун жол-жобосун Sputnik даярдаган материалдан окуй аласыздар

Жаңылыктар түрмөгү
0