БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекте №1 СИЗОнун жанында тамеки тартып турган милиционерге айып салынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИББден билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, укук коргоочу бүгүн же эртең айып пулду төлөй турганын билдирди.
15-январда окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына эки милиционердин видеосун жиберген. Алардын бири коомдук жайда тамеки чегип турса, экинчиси түкүрүнгөн. Көп өтпөй алар Чүй облусуна караштуу Жайыл РИИБинин кызматкерлери экени аныкталган.
Январь айында алардын бирине Эреже бузуу кодексинин 53-беренесинин ("Тыюу салынган жерлерде тамеки заттарын тартуу") негизинде айып пул салынган. Ал эми түкүрүнгөн кызматкерге 71-берене ("Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө") боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук администрациясына жиберилген.
Бишкек ШИИББден маалымдашкандай, тамеки чеккен милиционер 1000 сом төлөмөр болсо, экинчи укук коргоочу Октябрь РИИБинин чечимин күтүүдө.