БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстанга келген Россиянын президенти Владимир Путин Улуттук гвардиянын Ардак кароолу менен кыргызча учурашты.
Россиянын лидерин мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясынан президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алып, эки өлкөнүн гимни жаңырды. Андан соң катарга тизилген Ардак кароолго карай бет алышты. Путин аскерлер менен "Салам, аскер!" деп кыргызча учурашты.
КТРКнын түз эфиринен алынган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлгөн.
Буга чейин президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков жаңы протокол иштелип чыкканын билдирген. Ага ылайык, тосуп алуу аземи жаңы форматта өтүп, коноктор да, биздикилер да таң кала тургандай болору айтылган.
Эске салсак, Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.
Учурда эмне болуп жатканын билүү үчүн Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуңуздар.