00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кечке отуруунун, аз кыймылдоонун ден соолукка кандай бычак экени айтылды

Жазылуу
Окумуштуулар аз кыймылдаган киши кант диабетинен, жүрөк оорусунан өмүрү кыскара тургандыгын айтып, коңгуроо каккан.

БИШКЕК, 27-мар. – Sputnik. Аз кыймыл менен бир жерде көпкө отуруу өлүмдү эртелетерин РИА Новости Journal of Epidemiology & Community Health басылмасына таянып жазды.

"Улуу британиялыктардын көбү бош убактысын отуруп же жатып алып өткөрөт. Буга кошумча — адамдардын басымдуу бөлүгү күн бою отурган ордунан жылбайт. Андыктан, мындай жашоо образына каршы күрөш коомчулуктун ден соолугун жакшыртууга жардамчы болот", — деп айткан Белфаст (Улуу Британия) университетинин кызматкери Леония Эрон.

Акыркы учурда медицина кызматкерлери, социологдор бир жерден жылбай отуруу менен кыймылсыз жашоо образы адамдардын жашоосуна кандай терс таасирин тийгизе тургандыгына кызыга баштаган. Мисалы, мындан 3-4 жыл мурда окумуштуулар аз кыймылдаган киши кант диабетинен, жүрөк оорусунан жана ден соолукка кооптуулук жараткан илдеттерден өмүрү кыскара тургандыгын айтып, коңгуроо каккан.

Бир күн ичинде 2-3 саат басып же тикесинен турган киши орто эсеп менен алганда орточо салмакта болуп, кандагы холестеринден азыраак жапа чеккен. Башкаларга салыштырмалуу узак жашаган.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк оорунун алдын алуунун эң жөнөкөй жолдору айтылды
Бул ачылыштар Эрон менен анын кесиптештерин гиподинамия (аз кыймылдын кесепетинен дененин булчуңдарынын алсыз болуп калышы) канча кишинин өмүрүн алып кетип, экономикага канча зыян тарттырарын иликтөөгө мажбурлаган.

Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм менен Британиянын ден соолукту коргоо боюнча улуттук кызматы топтогон материалдарга таянып, пассивдүү жашоо образындагы адамдардын санын, алар эмнеден жабыркарын аныктап чыгышкан. Алар гиподинамиядан улам мезгилинен эрте кант диабетинен, инафаркттан, өпкө жана түз ичегилердин рагынан жана дагы башка илдеттерден каза болгондор эле.

Мындай адат менен компьютерде отуруп же диванда жатып алып 6 сааттан ашык убактысын өткөргөн ар бир үчүнчү британиялыктын жапа чегери аныкталган. Отуруп алып убакыт өткөргөн жашоо образдын кесепетинен зыян тарткандар абдан көп болгон, тагыраагы, жыл сайын 70 миңге чукул адам көз жумган.

Британиядагы ар бир онунчу өлүм, дегеле дүйнөдөгү көз жумгандардын арбыны жетишерлик кыймылдабаган жана көп отургандан улам каза табары белгилүү болду.

Адамды ажалга жетелеген экинчи типтеги кант диабети экен. Бул илдеттен жабыркаган ар бир оорулуу аз кыймылдагандыктан, организми инсулинди кабыл албай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0