Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маткерим уулу: Жогорку Кеңеш лицензиянын наркын аныктоону кечеңдетип жатат

© SputnikПредседатель подкомитета ТПП КР по транспорту Маткерим уулу Талантбек
Председатель подкомитета ТПП КР по транспорту Маткерим уулу Талантбек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу лицензияларды узартуу боюнча эки айга чыгарылган чечимдин бүтүшүнө он күндөй убакыт калса да эл өкүлдөрү али күнгө чейин жаңы наркты аныктай электигин айтты.
Маткерим уулу: Жогорку Кеңеш лицензиянын наркын аныктоону кечеңдетип жатат

Жогорку Кеңешке кайрыла берип чарчадык. Кат жазсак жооп келбейт. Телефон чалсак бир адиси жаңы эмгек өргүүсүнөн чыккан болот, экинчиси катты өкмөткө жолдогонун айтат. Жыйынтыгында жүк ташуучу унааларын насыяга алган айдоочулар күнүнө 360 долларга чейин чыгым тартууда. Бул тууралуу Талантбек Маткерим уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген кодекстерге ылайыктуу жүк жана жүргүнчү ташыган унааларга лицензия берүүдө наркы аныкталбай калган. Мыйзамда баа саясаты Жогорку Кеңештин катышуусунда белгиленет деп жазылып калгандыктан, тиешелүү министрлик эч нерсе жасай албай келет. Ал эми эки айга эски лицензия менен иштеп турууга берилген уруксаттын мөөнөтү бүтөрүнө саналуу гана күндөр калды.

"Жүк жана жүргүнчү ташыган көлөмдүү унааларга лицензия берүү менен Жолдор жана транспорт министрлиги алектенет. Бирок жаңы кодекстерден улам мурдагы мыйзамдар иштебей калган. Ал эми жаңы мыйзамдарда лицензия берүүдөгү баа жазылбай калыптыр. Мунун негизинде жаңы жылдан бери эле жүк ташуучу унаалар уруксат кагазынын мөөнөтүн узарта албай келишет. Министрлик эч кандай чара көрөр албайт, анткени наркты Жогорку Кеңеш коет. Ал эми эл өкүлдөрү маселени создуктуруп келүүдө. Баасы аныкталганча деп эки айга лицензиянын мөөнөтүн узартып туруу боюнча чечим кабыл алып беришти эле. Бул чечимдин мөөнөтүнүн бүтүшүнө да он күндөй гана убакыт калды. Лицензиясы бүткөн айдоочулардын саны болсо күндөн-күнгө көбөйүүдө", — деди Маткерим уулу.

Ал келип чыккан көйгөй ички рынокко терс таасирин тийгизип, импорттолчу товарлардын наркы кымбаттоого шарт түзүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0