Ал эми бүгүн Жанболот Эламан уулу менен Талгат Жаңыбаевдин өздүк саат үлгүсү бар, 10 интернет-дүкөнү жана соода борборлорунда эки бутиги иштейт. Эки гана жыл мурда бул жигиттер борбор калааны багындырууга белсенишкен!
— Алгач, үй-бүлөңүздөр тууралуу билсек...
Жанболот: — Экөөбүз тең мугалимдин балдарыбыз, кедей турган үй-бүлөдөнбүз десек да болор. Бюджеттегилердин маянасы өзүңүздөргө маалым.
— Жакшы мугалим менен врачтарды эл багат, белек берет, чөнтөгүнө акча салат дешет...
Талгат: — Бишкекте окуучулардын ата-энелери балдарына жакшы карасын деп белек беришет. Мен Ат-Башыда өскөм. Атам 30 жыл бою айылдык мектепте машыктыруучу болуп иштеген, андыктан, айылыбызда сиз айткандай эмес экенин так айта алам.
Жанболот: — Мугалимдердин балдары үчүн Coca-Cola бөтөлкөсү майрам эле. Бир кезде өзүм да университетте иштегем, айлыгым 8 миң гана сом болчу. Жарымын тамакка сарптап, калганы жол киреге кетчү. Бюджеттик маянага жашаш кыйын.
— Менин жолдошум да Бишкектен эмес. Алардын шаарчасына алгач ирет банан алып барышканда чоң окуя болгондой кабылданыптыр. Силердин айылыңарга азык-түлүктүн жеткирилиши кандай эле?
Талгат: — Дүкөн текчелеринде азыктын ар кыл түрү турчу, бирок аларды сатып алууга көпчүлүктүн чамасы чак келчү эмес. Анткен менен Нарында эл эттен өксүбөйт. Ал жакта ар бир түтүн мал кармайт, жок эле дегенде бир нече кою бар. Ансыз жашаш кыйын, себеби аймактарда айлык акы өтө төмөн.
— Бишкекке көчүп келгениңиздерде сиздерге кайсы нерсе өөн учурады?
Талгат: — Борбордо адамдардын мамилеси таптакыр башкача. Мисалы, айылда кимдир бирөөнө жардам керек болсо, акчаны деле ойлобой кол сунасың. Баш калаада ар ким сенден акы талап кылат.
— Биргелешкен иш ачууга кандайча кириштиңиздер?
Жанболот: — Болгон акчамды санасам, 75 сом чыкты, андай абал мени ойго салбай койбойду. Андан ары кантип жашаарым бүдөмүктөй туюлду... Ошол маалда Талгат чалып калбаспы. Биз бир бизнес тренингинде таанышкан элек. Турмушта дал өзүңдөй кыялкечти кезиктирүү чындап эле маанилүү экен!
Жолугуп сүйлөшүп, белек-бечкек саткан дүкөн ачууну чечтик. Биринчи кадамыбыз соода борборунан бутик ижаралоо болчу. Эсептеп көрсөк, 20 миң сом зарыл экен.
Экөөбүз тең тааныштардан карызга акча алууга ары-бери чапкыладык. Товарды да "Дордой" жана "Ош" базарындагы сатуучулардан карызга алчубуз. Колубузга тийген нерселердин баарын – аялдардын колготкисинен тарта жумшак мамалак оюнчуктарга чейин ташый бердик. Социалдык медиада жарнамаладык эле...
— Иш жүрүп кетти?
Жанболот: — Айтпаңыз! Дүкөндү февраль-марттагы майрамдарга туштап ачтык эле, эки айда 2 миң доллар карызыбызды жаптык, андан да артып калды.
Ишибиз илгерилеп, өнүгө баштадык... Ушул тапта товарды кытайлык ишкерлерден түз буюртма менен алабыз, интернетке караганда алда канча арзан түшөт. Ошондуктан шаар боюнча бизде баалар эң арзан. Жакында иш баштаганыбызга эки жыл толду. Соңку айда биз 375 миң таза киреше алдык, 5 миң доллардан ашуун акча.
— Укмуш го! Кантип?
— Кайсы товар жакшы сатыларын кантип боолголой билесиздер?
Талгат: — Рынокко кылдаттык менен байкоо салып турабыз, америкалык жана европалык сайттарды изилдейбиз. Батышта кеңири тараган товар эки-үч ай өтүп-өтпөй сөзсүз Кыргызстанда да пайда болот. Кээде Кытайдагы товар жеткирүүчүлөр да жакында кайсы буюмга талап күч аларын айтып турушат.
Жанболот: — Мисалы, азыр "анти-кол чатырларга" талап өсөрү күтүлүүдө. Аны жапканда кадимки кол чатырдан айырмалана суу тамган тарабы сыртына эмес, ичине карай бүктөлөт.
— Эң көп сатылган нерсе эмне?
Талгат: —Азыр биздин белек-бечкек жана аксессуар сатылган эки дүкөнүбүз бар. Сумка, капчык жана курлар жылдын ар мезгилинде өтө берет, ал эми белек-бечкектердин сатылышы майрамдардын маалына жараша.
— Кайда жарнамалайсыздар?
Талгат: — 10 интернет дүкөнүбүз иштейт. Эмнеге мынча көп дейт чыгарсыз. Баары аралашып башаламан болбосун деп ар дүкөнгө өз товары гана коюлган.
Жанболот: — Биздин кардарлар – жаштар, баары Instagram колдонот. Ошол себептен, жарнамадан акча аябайбыз, ага күнүнө 500 сомдон 100 долларга дейре каражат сарптайбыз.
Жергиликтүү дүкөндөрдүн көпчүлүгү стандарттык эрежелер менен иш алып барат, ошондуктан ээлеринин аракетинен майнап чыкпайт. Биз маркетинг тармагындагы дүйнөлүк бардык саамалыктардан "татып" көрөбүз. Айрым учурда жарнамага кеткен 500 сом 5 миң сом таза киреше алып келиши ыктымал.
Талгат: — Жарнамалоонун да ыгын билип алган дурус, антпесең, акчаң талаага кетет. Бир жолу 8-мартка карата жарнама берип, бирок товарды аз алыптырбыз. Натыйжада киши көп келип, ал эми биздин товарыбыз жетпей калган. Акчабызды гана тургай, кардарларыбызды да жоготуп алдык.
— Жергиликтүү блогерлерге жарнамага буюртма кылуу боюнча айттыңыз. Ал канчалык үзүрлүү?
Жанболот: — Ооба, бирок өтө дыкат тандоо зарыл, себеби кыргызстандык блогерлердин көпчүлүгүнүн катталуучулары жасалма аккаунттар.
— Кол сааттарын да чыгарасыздар. Мындай демилге кандайча жаралды?
— Кыргызстандыктардын колунда акча пайда боло баштаганда коом аларга көндүм талаптарын кое баштайт: кымбат баалуу жолтандабас минип, кычыраган костюм-шым кийип, белекке сунган конверти калың болушу керек...
Жанболот: — Бизнеске каражат салганыңда аларды каалагандай калчап, чөнтөккө салып кое албайсың. Башында Талгат экөөбүздүн тең бут кийимдерибиз жыртылган боюнча жүрдүк, себеби ар бир тыйынды ишке салчубуз. Ай сайын өзүбүзгө 30 миң сомдон алабыз, калган суммага тийбейбиз. Чындыгында ишибиз оор эле. Кээде үйгө барганга убакыт таппай, иште уктаган учурларыбыз болот.
— Айрым ишкерлер жакшы кызматкерлерди табуу кыйындыгына наалыйт. Андай пикирге кошуласыздарбы?
Талгат: — Ооба, көпчүлүгү кеңседе сериал көрүп отуруп эле 300 доллардан алгысы келет. Албетте, ишти сен күткөндөн эки эсе жакшы аткаргандар да жок эмес, бирок алар аз санда. Болгону иш убактысына карап эмес, натыйжага карап төлөө керек. Ошондо үзүрүн берет.
— Кыргызстандык жаш жигиттерге колукту табуу татаал эмеспи?
Талгат: — Колуңда акчаң болсо, бир айга кыз табуу жеңил. Бирок сени менен дайым, эч нерсеге карабай, керек болсо, суу менен нан гана жеп жашоого да макул болчулары чанда. Андай баарыбызга туш келсе кана!
Акылбек Эсеналиевдин да маегине сөзсүз көз жүгүртүңүз, окурман. Ал Индиянын жакыр бөлүгүндө үч жыл жашап, мекенине кайтып келгенден кийин ийгиликтүү ишкерге айланган.