Сауд Аравияда ымыркайын унутуп калган аялдын айынан учак аэропортко кайтты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАвиакомпания Small Planet Airlines
Авиакомпания Small Planet Airlines  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүнүн унутчаактык оорусунун бар-жогу жана кандай чара колдонулганы боюнча маалымат бериле элек.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Сауд Аравияда эмчектеги баласын унутуп кеткен жүргүнчүнүн айынан учак аба майданга кайра кайтып келгенин РИА Новости "Ахбар24" порталына таянуу менен жазды.

Презентация Боинг 737-800 с надписью Bubusara (Бубусара) на носовой части лайнера - Sputnik Кыргызстан
Териси кургаган аялды авиакомпания баласы менен учактан түшүрүп койду
Маалыматка ылайык, самолет Жидда шаарындагы король Абдель Азиз атындагы аэропорттон учуп чыккандан кийин жүргүнчү наристесин унутуп калганын айткан.

"Ахбар24" порталы аба кемесинин командири менен диспетчердин сүйлөшүп жаткан аудио жаздырууну жарыялаган. Анда командир бир жүргүнчү ымыркайын аэропорттогу терминалга унутуп кеткенин, андан ары учуудан баш тартып жатканын кабарлаган.

Жүргүнчүнүн унутчаактык оорусунун бар-жогу жана кандай чара колдонулганы боюнча маалымат бериле элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0