БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамды одоно бузгон соттор сөзсүз түрдө жазага тартылышы керектигин Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, учурда президенттин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.
Ал өз сөзүндө соттордун ишине кийлигишүү оюнда жок экенин, бирок айрым учурлар кийлигишүүгө аргасыз кылып жатканына токтолду.
"Соттордун ишине кийлигишейин деген кыпындай да оюм жок. Бирок соттор оор кылмыш жасагандарды актап, туура эмес чечим чыгарып, элдин укугун тепселеп жатса, мен президент катары бардык нерсеге кийлигишем. Мага элдик бийликти ишке ашырууга эл өзү уруксат берген. Бардыгын мыйзам чегинде аткарабыз", — деди ал.
Президент ошондой эле айрым соттор жан сакчылар менен жүрүп, өз жанынан коркуп калганын айтты.
Жээнбеков ошондой эле акыркы эки жылда президенттин дарегине укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине даттанып, жарандардан 5 480 кайрылуу келгенин кошумчалады.