"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында туугандары багып алган кызын кайра алууну ойлоп жаткан келиндин тагдыры баяндалат.
Бир үйдүн кенжесимин. Ата-энемдин 40тан өтүп калганда көргөн кызы болгондуктан, аябай эле эркелетип чоңойтушту. Мектепти бүткөндөн кийин калаадагы престиждүү окуу жайлардын бирине тапшырып, бир тууган эже-жездемдин колуна келдим.
Баары оюмдагыдай болчу. 3-курста шаардык бир бала менен сүйлөшүп, сүйүүгө мас болуп жүрүп боюма бүтүп калыптыр.
Ызаланып, ыйлап, бир жумадай үйдө жатып, акыры аборт кылдырууну чечкем. Бирок эжем "баланы алдырбай төрөп бер, биз багып алалы" деп суранды. Өзүнүн бир эле уулу бар болчу. Бул сырды ата-энебизге кийинчерээк айттык.
Ошентип ооруп жатам деген шылтоо менен окууга барбай, сыртка көп чыкпай төрөгүчө үйдө жаттым. Ай-күнүм жетип, кыз төрөдүм. Менден дагы эжем менен жездем аябай сүйүнүштү.
Энелик сезимдер ойгонгон менен аны жалгыз бага албасыма көзүм жеткен. Анын үстүнө никесиз перзент. Жаштыкка, оюнга тойбой турган учурум, тыңыгандан кийин эле өзүнчө батирге чыгып кеткем. Кызды болсо эже-жездем өздөрүнө каттатып алышкан.
Арадан убакыт өтүп окуумду бүтүп, турмушка чыктым. Баары жакшы эле башталып келе жаткан. Бирок канча күтсөк да боюма бүтпөй айлам кетти. Күйөөгө тийгениме 4 жылга чукулдады, төрөй албай кыйналып жүрөм. Дарыгерлерге көрүнсөм деле жыйынтык жок. Ортодо бала болбосо мамиле да муздай баштайт окшойт, жолдошум менен көп уруша баштадык.
Дарыгерлердин "төрөй албайсың" деген сөздөрүн уккандан бери кызымды көп ойлочу болдум, боорума кысып "апаң менмин" деп айткым келет, бирок анте албайм. Ал азыр мектеп босогосун жаңы аттады.
Акыркы учурда кызымды көрүш үчүн эжемдикине көп каттачу болдум. Анткен менен эч нерсе билгизбей, жөн эле көрүп алып кетип калам. Бирок бул качанкыга чейин кайталанат? Кенедейинен баккан ата-энеси абалды түшүндүрсөм береби? Күйөөмө кызым бар экенин айтсам кандай кабыл алат? Кыйналып кетип, акыры психологго кат жазып көрүүнү туура көрдүм.
Гүлнара Жасоолова, психолог:
Келиндин убагында психологго кайрылганы жакшы. Кат жазбай эле мындай учурда алгач психолог менен отуруп жекеме-жеке сүйлөшкөнү оң.
Келин азыр өзүнүн кызыкчылыгынан дагы кичинекей кызды биринчи орунга коюш керек. Анткени баарынан да бул маселеде бала кыйналат. Айткандан кийин бул кабарды кандай кабыл алат, кандай көтөрөт? Ошондуктан сөзсүз түрдө психологдор менен иштешкени жакшы.
Кайрылган келинге кеңешим — алгач бул сырды кызына айтардан мурда психологго барып өзүн-өзү даярдасын. Андан кийин эже-жездеси менен сүйлөшүп кеңешсин, балким алар деле каршы болбостур. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, күйөөсүнө да баарын түшүндүрсүн. Бул азыр болбосо да кийин баары бир билинип, угула турчу нерсе.
Баары даяр болгон соң кызга баккан, төрөгөн энелери акырын, жай отуруп түшүндүргөнү оң. Андан кийин калганын бала өзү чечет. Мыйзам боюнча эгер бала 10 жашка чыккан болсо, кайсы үй-бүлөдө калаарын өзү тандайт. Психологиялык жактан алганда да балага тандоого мүмкүнчүлүгүн бериш керек. Эгер кыйнап эле "сени мен төрөгөм" деп алып кетип калса, кыз туура эмес жолго барышы же кээ бир кадамдары өзүнүн өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн.