00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ата-энемди таштап, аялым менен жашап жатам... Айласы кеткен кишинин баяны

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүҮй-бүлө. Архив
Үй-бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышына аялы менен энесин жараштыра албай куураган эркектин каты жарыяланмакчы.

Жашым 35те. Үйдө үч эркектин кичүүсүмүн. Улуу агам үй-бүлөсү менен Казакстанда турат. Экинчи байкем оорудан улам каза болуп калган. Өзүмдүн үйлөнгөнүмө 4 жылга чукулдады, кыздуу болгонбуз. Ата-энем өмүр бою кызматта иштеген адамдар, пенсияга чыгышкан. Кудайга шүгүр, ден соолуктары жакшы, турмуш шартыбыз да жаман эмес. Бирок апам менен келинчегимдин жылдызы келишпей бушайман кылды. Байкем алыста жүргөндүктөн ата-энемдин колунда мен калдым. Жаңы үйлөнгөндө экөө тең иштеп көп нерсе билинчү эмес окшойт. Аялым төрөп, апам пенсияга чыккандан кийин ызы-чуу башталды. Атам да адамга катуу айтпаган киши, унчукпайт.

Баласын кучактап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайын журтума эки күйөөдөн чыкканымды кантип айтам? Жаш келиндин каты
Келинчегим күндө бөлүнөлү деп кулак-мээмди жесе, апам "эмне деген аял алгансың" деп айламды кетирди. Экөөнүн тең кыялдары чорт. Апамдын сөзүн сүйлөсөм, аялым эки ирет баланы алып кетип калды. Бирок кызымдын өзүнчө өсүшүн каалаган жокмун, анын үстүнө аялымды жакшы көрөм. Айла жок, ата-энеме түшүндүрүп айтып бөлүнүп кеткенбиз. Андан бери төрт-беш ай болду. Атам деле айласы кетип макул болду. Небересине тез-тез келип турат. Апам деле урушканы менен жашообуздан кабар алып келип-кетип турат. Келиндин чайын ичип, небере жыттаар кезинде үй-бүлөмдү алып кетип калганыма бушайман болуп жүрөм. Бирок аялым "апам менен чогуу жашай албайм" деп жалдырайт. Экөөнүн ызы-чуусуна акыркы күндөрү чыдабай калгам. Апама да, жубайыма да "эптеп тил табышып сүйлөшүп көргүлөчү" деп сурандым. Макул болушканы менен кайра эле баягы көрүнүш.

Азыр эмне кылышты билбей башым катып жүргөн кезим. Ата-энемдин жалгыз калышын, үй-бүлөмдүн бузулушун да каалабайм. Эмне кылсам?

Гүлнара Жасоолова:

Бул үй-бүлөдө баланын апасы менен аялы эмнеден улам тил табыша албай жатканын так аныкташ керек. Кыял-жоругунанбы, же кайненеси келинди башынан каалаган эмеспи? Анткени башка келин алгысы келген кайнене жактырбай, уруш-талаш чыгара бериши мүмкүн. Үй-бүлөнү апасы башкарып, бийлик аялдын колунда болгондо да ушундай учурлар көп болот.

Бирок ар бир ата-эне, өзгөчө эне баласынын бактылуу болушун каалайт. Ошондуктан келин үчүн дагы кайнене менен кайнатанын орду болушу зарыл. Аларга сый-урмат көрсөтүп, туура эмес жагдайлар болсо күйөөсүнөн мурда кайненеси менен жай отуруп сүйлөшүп алса жакшы.

Эркек адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи аялыма батынып бара албай жүрөм... Айласы куруган эркектин тагдыры
Кайнене дагы келин менен атаандашпай, ага акыл-насаат айтышы зарыл.

Эркектин чечкиндүүлүгүнөн дагы көп нерсе көз каранды. Апасын да, аялын да сыйласын, бирок айтчу нерсе болсо ачык айтып, маселе курчуп кете электе ортого салып чечкени оң. Үй-бүлө башчысы экөөнү тең кыя албай, алардын ою менен боло берсе, башына чыгып кетишет.

Ата-энесинин же аялынын айынан ажырашып кеткен үй-бүлөлөр толтура. Бирок ажырашаар алдында адам ойлонушу керек. Экинчи жолу үйлөнгөндө деле эч нерсе өзгөрбөйт, жашоо ушундай эле. Ал тургай мындан жаман болуп калышы мүмкүн. Эң биринчи кезекте балдарды жетим калтырбай, үй-бүлөнү сактап калууну ойлонуш керек. Такыр эле маселе чечилбей жатса, психологго апасын, аялын алып барсын.

Үй-бүлө бузулган мамлекет ураганга барабар дейт, андыктан кайрылган кишиге айтаарым, апасына айта албаса да аялына баарын түшүндүрүп, экөөнү жараштырганга аракет кылсын.

Эки аялга айтаарым, адам бат эле бузулуп кетет, айрыкча эркек киши. Жаман жолго түшүп кетпесин дешсе, бир тилге келип ынтымактуу жашагандары оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0