БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жети-Өгүздө дайынсыз болгон балыкчы жубайларды издөөгө эми суучулдар да тартылып, алар Бишкектен жөнөп кетишти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, окуя 1-мартка караган түнү болгон. Кирпичный айылынын тургундары — 38 жаштагы Ю.Г жана 40 жаштагы Н.Р. балык уулоого чыгып, дайынсыз кеткен. Жубайлардын кайыгы 2-март күнү Дархан менен Саруу айылдарынын ортосундагы суудан табылган. Анын ичинде эч ким болгон эмес.
ӨКМ 3-март күнү издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери тартылганын айткан. Бирок андан эч майнап чыккан эмес.
Андан кийин Бишкектен беш суучул жөнөп кеткен.