БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кадимки ашкана тузунун организмде топтолуп калышы аллергияга алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу MedicalXpress медициналык басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Муну Мюнхендин (Гермения) Техникалык университетинин окумуштуулары аллергия болгон адамдын терисин иликтеп жаткан маалда байкашкан.
"Дерматит илдетине кабылган адамдын терисиндеги кызарып, кычышкан жерлерин текшерип көргөндө, анда натрий 30 эсе көп экени маалым болду", — деп айтылат макалада.
Адистердин иликтөөсүнө караганда, туздун курамына кирген натрий хлориди белокторду иштеп чыгып, иммунитетке жардам берет. Бирок ал организмде ашыкча өлчөмдө чогулса, тескерисинче, терини жабыркатат.
Ошондой эле окумуштуулар натрий хлориди азайган сайын теринин жабыркаган жери сакая баштаарын аныкташты.