Таласта үй ичинде чакага от жаккан келин кызы менен көз жумду

© Sputnik / Алексей ДаничевОт жагып жаткан аял. Архив
От жагып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдын дагы эки баласы ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Суу айылында түтүнгө ууланып 37 жаштагы келин жана анын 15 жаштагы кызы көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык 20-февраль күнү болгон.

"Үйдү жылытуу максатында бөлмөгө чаканын ичине от жагышкан. Жыйынтыгында андан чыккан түтүн үй-бүлөнү ууландырган. Каза болгон келиндин дагы 13 жаштагы кызы жана 6 жаштагы уулу оор абалда ооруканага жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсык болгон жерде ӨКМдин Талас райондук бөлүмүнүн 2 офицери, 3 куткаруучусу иштеди.

Жаңылыктар түрмөгү
0