Тыныбекова, Махмудов, Маслова... Айына 50-60 миңден алган спортчулардын тизмеси

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшЧемпион и призер Азиатских игр получили денежные премии в Оше
Чемпион и призер Азиатских игр получили денежные премии в Оше  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулар эски токтомдун негизинде буга чейин 2 миң сомдон 45 миң сомго чейин стипендия алып келген.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасына кирген спортчулар өкмөттүн жаңы чыккан токтомунун негизинде ай сайын 50-60 миң сомго чейин стипендия ала баштады. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, мурдагы токтом боюнча курама команданын мүчөлөрү спорттук жетишкендиктерине жараша 2 миң сомдон 45 миң сомго чейин сый акы алып келген. 

Дзюдоист Отар Бестаев на чемпионате мира по дзюдо в Астане - Sputnik Кыргызстан
Краковецкий, Бестаев баштаган дзюдочулар Германиядагы турнирге катышат
Былтыр 2018-жылы жай айында Мамагенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов спортчулардын стипендиясын 75 миң сомго чейин көтөрүлө турганын убадалаган.

Стипендия тууралуу жаңы токтом былтыр декабрда кабыл алынып, алгачкы стипендия декабрдын эсебинен 133 спортчуга берилди. Мамгенттиктин бюджетинен 3 миллион 45 миң сом каралган.

Алар спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча 7 категорияда, спорттун улуттук түрлөрү боюнча 3 категорияда жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча 4 категорияда алышат. Стипендиялар бир жылдык мөөнөткө чегерилет

75 миң сом — I категория

(Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда биринчи орун алгандарга берилет)

Азырынча эч бир спортчу илине элек.  

 60 миң сомго үч спортчу илинген. II категория

(Олимпиадалык, Паралимпиадалык оюндарда экинчи орун, Азия жана Азия Пара оюндарында, чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында жана дүйнөлүк универсиадада биринчи орун алгандарга берилет).

Айсулуу Тыныбекова — эркин күрөш боюнча Азия оюндарында алтын медаль тагынган;

Дарья Маслова — жеңил атлетика боюнча Азия оюндарында биринчи орунду камсыздаган;

Төрөхан Багынбай уулу — Азия оюндарында жиу-житсу боюнча баш байгени жеңген.

 50 миң сом жети спортчуга берилген. III категория

(Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда коло байге, Азия жана Азия Пара оюндарында II орун, чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль, жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль алышы керек.  Бул категорияга чоңдор арасындагы Азия чемпионатынан II орун, жаштар арасындагы Азия чемпионатынан күмүш медаль, дүйнөлүк универсиададан II орун ээлегендер да кирет). 

Магомед Мусаев — Азия оюндарында эркин күрөштөн экинчи орунга ээ болгон;

Каныбек Жолчубеков — Азия оюндарында эркин күрөштөн күмүш тагынган;

Алмазбек Исаков — эркин күрөш боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балбандар арасындагы дүйнө биринчилигинен күмүш байгеге татыган;

Эрбол Бакиров — өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынан алтын медаль тагынган;

Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарында экинчи орунду камсыздаган;

Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш медалга ээ болгон;

40 миң сом 17 спортчуга берилген. IV категория

(Сурдлимпиадалык оюндардан алтын медаль, өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндарынан I орун, Азия жана Азия Пара оюндарында коло медаль, чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынан III орунду алгандар. Андан сырткары жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан II орун, өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынан алтын байге, дүйнөлүк универсиададан III орун, студенттер арасындагы дүйнөлүк чемпионаттан биринчи орунга ээ болгондор. Чоңдор арасындагы Азия чемпионатынан экинчи орун, жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биринчи орун алгандар).

Атабек Азисбек — грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында экинчи орун;

Жолдошбек Акимканов — пенчак силат боюнча Азия оюндарында үчүнчү орун;

Иззат Артыков — оор атлетика боюнча Азия оюндарынан коло байге;

Үзүр Жүзүпбеков — грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарынан үчүнчү орун;

Мээрим Жуманазарова — эркин күрөш боюнча Азия оюндарынан коло медаль алган;

Айпери Медет кызы — эркин күрөш боюнча Азия оюндарында үчүнчү орунду ээлеген;

Владимир Золоев — дзюдо боюнча Азия оюндарынан үчүнчү орунган илинген;

Амантур Исмаилов — Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн коло байге;

Абдурахманхаджи Муртазалиев — жиу-житсу боюнча Азия оюндарында күмүш медаль;

Муртазали Муртазалиев — Азия оюндарына жиу-житсу боюнча коло медаль;

Артур Тэ — Азия оюндарында дзюдо боюнча үчүнчү орунду камсыздаган;

Данияр Токуров — пенчак силат боюнча Азия оюндарында коло байгеге татыган;

Азат Үсөналиев — бокс боюнча Азия оюндарында коло медалдын ээси;

Урматбек Аматов — грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатынан экинчи орун;

Кубанычбек Айбек уулу — дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынан алтын медалга ээ болгон.

Эрлан Шеров — дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатынан биринчи орун;

Верифицированные страницы социальных сетей известных людей из КР - Sputnik Кыргызстан
Каримова, Шевченко, Бабанов... Соцтармакка расмий катталган атактуулар
Кирилл Вайс — сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатынан күмүш байге.

Олимпиадалык спорттун түрүнөн дагы 19 спортчуга 30 миң сом берилсе, 27 стипендинт 20 миң, 12 бала 10 миң сомдон алды.

Ал эми олимпиадалык эмес спорттун түрүнөн биринчи категория менен 11 спортчу 20 миң сом, экинчи категория менен 11 бала 15 миң сом алса, 27 спортчу 10 миң сом берилди.

Стипендианттар менен толук Мамагенттиктин сайтынан таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0