Ата-эне жана балдар үчүн кызыктуу берүүлөрдү даярдаган каналдын ишмердүүлүгү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Баластан" телеканалынын жетекчиси Кундуз Аманова айтып берди.
— Чоңдорго караганда кичинекейлер менен иш алып баруу кыйын эле болсо керек?
— Эфирге, конокко келген кичинекей балдар менен иштешүү чоң кишиге салыштырмалуу кыйын эле. Мисалы, конокко келген чоң киши оюн бир жерге топтоп, эмне айтарын билет. Ал эми балдардын айрымдары эфирге келгенде сүйлөбөй коюшу мүмкүн. Же болбосо "ооба", "жок" деп кыска жооп берип же жөн эле башын ийкеп коюшат. Бирок биздин кызматкерлер алардын тилин табыш үчүн ар кандай ыкманы колдонушат. Айтор, бизде иштеген кыздар психолог болуп калышты (күлүп). Кайсы бала кандай учурда сүйлөбөй коерун да билебиз. Кээ бирин алдасаң, айрымдарын күлдүрүп, өзү тууралуу сурап жатып араң ачып, анан тартабыз.
— Кызматкерлердин арасында кичине балдар дагы бар да. Алар менен иштөө кандай?
— Бизде башында беш гана штаттык бирдик болчу, азыр кеңейтилип сегиз болду. Бул орунда жалаң чоң кыздар иштейт. Кичине балдар көбүнчө сырт кабарчылар. Алар гонорар алып иштешет. "Баламды эфирге чыгармак элем" деп көп эле ата-эне чүрпөсүн жетелеп келет. Алардын арасынан таланттуу, шыктуусун тандап алабыз. Башында балдар радиодон тажрыйба топтошот, андан соң телеге чыга баштайт. Биз "Баластанга" гана көрсөтүү даярдоо менен чектелбейбиз. Кыргыз радиосунун жыштыгынан чыккан "Балдар FM" радиосуна дагы 7 сааттык уктурууларды даярдайбыз. Радиодо "Момпосуй", "Тапкан тапалак" сыяктуу программалар бар. Андан сырткары, түз эфирге чыгышат, кызыктуу жаңылыктарды окушат. Кичинекей эле балдар түз эфирге сүрдөбөй чыгып, чоң алып баруучулардан кем калбай иштөөнү үйрөнүштү. Айтор, биз болочок журналисттерди таптаган мектеппиз десем да жаңылышпайм.
— Эң кичинекей кызматкериңер канча жашта?
— Канат Дилдедосов деген баланы баары эле тааныса керек. Ал бизге төрт жашында келген. Беш жашынан баштап маалыматтарды жаттап алып бара баштаган. Азыр ал 12ге чыкты. Негизи 3-класстан жогору алабыз. Үндөрү өзгөрүп кеткенге чейин алып барышат.
— Көпчүлүк "Баластан" десе эле Канатты элестетсе керек...
— Ооба. Канатты бизге апасы алып келген. Ал аял төрт баланы өзү жалгыз тарбиялап чоңойтот экен. Анда Канаттын карындашы Акмарал кичинекей кыз болчу. Азыр клип, кинолорго тартылып жүрөт. Канат алгач ыр айтканы келген. Анан "Таалимтай" деген берүүгө актер катары сынап көрсөк, таланттуу, аракетчил бала экенин көрсөттү. Апасы да бир мүнөт кечиктирбей, сөздөрүнүн баарын жаттатып алып келчү. Аябай жоопкерчиликтүү үй-бүлө. Андан кийин алып баруучулукка сынап көрдүк. Беш жашында бала тамга деле тааныбайт да. Анан болгон текстти апасы түнү менен жаттатып чыкчу экен. Азыр мектепте окуйт, билим керек экенин азыртадан түшүнүп, англис тилин үйрөнүп көп нерсени билүүгө далалаттанып жатат. Берген тапшырманы аткарбай, жаттабай келген дагы балдар бар. Айрымдарына конфет берип алдап жатып сүйлөтөбүз.
Быйыл ири, масштабдуу кыргызча мультфильм тарталы деген план коюп жатабыз. Азыр аниматорлор менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Алгач долбоорду бекитип алсак, анан демөөрчү издей баштайбыз. Мындан сырткары, таанып-билүүчү багыттагы чет өлкөлүк мультфильмдердин дагы лицензиясын алышыбыз керек. Көп акча талап кылып жатышат, бирок мүмкүнчүлүк жетишинче сатып алып, анан которо баштайбыз. Азыр бизде которулган айрым мультфильмдер да даяр турат, бирок үн коштоло элек. Лицензиясын алгандан кийин ага үн жаздырып, анан эфирге бере баштайбыз.
— "Баластан" телеканалынын ачылганына беш жыл болуптур. Бул аралыкта кандай ири долбоорлорду ишке ашыра алдыңар?
— Беш жыл деп айтылганы менен артында түмөн түйшүк бар, бир топ кыйынчылыктар баштан өттү. Анткени бул жоктон пайда болгон канал. Мурдагы жетекчи Кубат Оторбаевдин учурунда ачылганбыз. Ал киши "Балдар FM" радиосунан кызыктуу уктурууларды угуп, анан "Кыргызстанда кыргызча телеканал ачышыбыз керек экен" деп ушул ишти баштаган. Ал кезде биз радиого гана чыкчубуз. Теленин түйшүгүн билбей эле макул болуп койгонбуз. Бирок эрдик кылып иштеп кеттик. 2011-жылы "Келечек" студиясы ачылды. Анда радиого да, телеге да берүү даярдачубуз. Андан соң "Баластанга" айландык.
Көп эле жакшы долбоорлорду даярдап, көрсөтүп жатабыз. Алсак, өлкөдөгү балдардын "Манас" боюнча билимин сынаган "Манас таануу" долбоору, "Баластан шоу", "Таалимтай", "Бирге окуйлу", "Акыл ордо" сыяктуу берүүлөр бар. Болгону ар кандай кырдалга байланыштуу айрымдарын жабууга туура келди. Мисалы, Салтанат Саматова алып барган "Акыл ордону" азыр башкача форматта алып чыгууга даярдык көрүп баштадык.
— Айрым учурда силердин каналдан бир эле мультфильм же кинолордун кайталанып берилгенин байкайбыз. Программаны кимдер түзөт?
— Программаны биз каалагандай алып туруп түзүп алган эмеспиз. "Баластан" каналы ачылардын алдында 2013-жылы Түркиянын ТРТ, Казакстандын "Балапан" каналдары менен сүйлөшүп, алардын эфирдик торчосун алганбыз. Азыр биз сегиз жарым саат оригинал программа даярдап, анан кайталоого коебуз. Мындан сырткары, эртең менен мектеп, бакчага кеткен балдар кечиндеги кайталоону көрүшөт, ошол себептен дагы мультфильм, кинолор эки сыйра берилет.
— Аял киши үчүн жетекчи болуу оор эмеспи?
— Негизи КТРКда иш убактысы 9да башталат. Бирок кагаз иштеримди эртерээк бүтүрүп салайын деп жумушка 7:30дарда эле барып алам. Жетекчи болгондо кагаз иштеринен баштап ар бир чалууга чейин жоопкерчиктүү болуп каласың да. Эфирге чыга турган берүү, уктуруунун баарын бир сыйра текшериш керек. Кээде кечке чейин калып монтаж иштерин бүтүрүшүп анан кетем. Түнкү 2ге чейин калган күндөр болот, аймактарды кыдырабыз. Мунун баарын жолдошум түшүнөт, колдойт. Ал эми үйдө кадимкидей кожойке, энемин. Үйдүн түйшүгү да оңой эмес. Антсе да курбу, аяштар менен жолугуп, бир туугандардан кабар алып, баарына жетишүүгө аракет кылам. Азыр аялдар баарына эле жетишип калды го.
— Өзүңүз тууралуу сурагым келип жатат. Кандайча балдар менен иштешип калдыңыз эле? Негизги кесибиңиз кайсы?
— КТРКда 16 жыл иштептирсиз. Башка тармактан өзүңүздү элестете аласызбы?
— КТРКнын тузу оор болсо керек... Негизи мен эмгек жолумду бала бакчада кыргыз тилинен сабак берип, мугалим болуп иштеп баштагам. Андан кийин айылда да мугалим болуп эмгектендим. Ошондуктан бул кесип мага жагат. Эгерде балдарга көрсөтүү даярдап журналист болуп кетпегенде, мектепте мугалим бойдон калмакмын. Себеби балдар менен иш алып баруу жагат. Алар менен оңой эле тил табышып кетем. Башка чөйрөдөн өзүмдү көрө алган жокмун. Кийин жылдардын бир жылдарында кайрадан окутуучу эле болуп калаттырмын. Бул азыр жөн гана ойлор...
— Өзүңүздүн канча балаңыз бар?
— Бир эле балам бар. 24 жашка чыкты. Ал дагы теле тармагында, оператор болуп иштейт. Өзү эле режиссер болом деп ушул багытта кетти. Азыр Искусство институтунда окуп жатат.
— Бала чагыңыз кайда өттү эле?
— Талас облусунун Талас районунун Арал айылында төрөлгөм. Апам өмүр бою китепканада иштеди, атам болсо чыгармачылыкка түздөн-түз тиешеси бар адам. Көп жыл Таластагы маданият үйүн жетектеген. Комузда кол ойнотчу. Атамдын арты менен мен дагы чыгармачылыкка жакын болуп калдым окшойт. Алты бир тууганмын. Арабызда мугалими да, дарыгери да бар. Ал эми жолдошум Көлдөн, башында мугалим болчу, кийин ишкерлик менен алектенип кетти.
— Алдыдагы пландарыңыз тууралуу да айта кетсеңиз?