Автордун айтымында, каармандын колуна куш жана камчы кармап турганы бекеринен эмес. "Камчы жигиттин алдында минген аты бар дегенди туюнтат, колундагы чымчык бейкутчулуктун символу", — дейт Бакачиев. Ал эми артындагы көктү көздөй умтулган конструкция жылдан-жылга өсүп-өнүгүп бара жаткан шаарды түшүндүрөт.
Скульптор Иманбек Чолпонбек уулу Бишкек баатырдын образын дал ушундай элестетет. Өзүн Бишкектин урпагымын деп атаган Жамиля Алымбекованын сөзүнө таянсак, баатыр 70 жаштан ашканда каза болгон. Ал азыркы Аксы, Ала-Бука райондорунун аймагында туулган. Кийин Чүйгө көчүп келген.
Эскиз Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын чыгыш тарабында орнотулган Кожомкул балбандын эстелигинин автору Базарбек Сыдыковго таандык. Адистер анын идеясын жактырышты, бирок бир дагы эмгекке толук кандуу ынанымын билдирген жок. Ар бир эскиздин авторуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнү сунушташты.
Бишкек баатырдын басып бара жатканын элестеткен айкелди скульптор Адил Сейталиев жасаган. Каарман орто жашап калган, олуттуу адам катары көрсөтүлгөн.
Автору айкелчи Садабек Аджиев. Учурда Бишкек шаарында бул скульптордун негизги эмгектеринин бири орнотулган. Ал "Ала-Тоо" аянтынын маңдайына коюлган Чыңгыз Айтматовдун эстелиги.
Бишкек баатырга кайрылсак, тарыхчылардын айтымында, инсан Чүй өрөөнү боюнча түз жерде отурукташып, устачылык, дыйканчылык менен алектенген алгачкы инсандардан болгон.
Белгилей кетсек, Бишкек баатырдын айкели Бишкектеги Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишине коюлат. Эстеликти иштеп чыгуу боюнча сынакты 2018-жылы "Бишкек башкы архитектура" жарыялаган. Кароого жалпысынан 18 эмгек келип түшкөн. Жеңүүчү апрель айынын аягында аныкталат.