Хэ Чен Юй, Джек Кристофер Ватсон, Джанг Хуа... Кен лицензияларын дагы кимдер алган

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКен кызматкерлери. Архив
Кен кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы учурда кен байлыктарына берилген лицензиялар боюнча коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, түрдүү суроолор пайда болууда. Буга 30-январда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун бир эле адамга 41 "алтын" лицензиясы берилгендигин айтканы себеп болгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитети берген 2600дөн ашык лицензияларды карап чыгып, ал жактан чет элдик компания, ишкерлердин ысымдары менен байланышкан бир топ уруксат кагаздарын таап чыкты.

Кенге берилген 10 лицензия

Хань Сицзинь аттуу ишкердин Кыргызстанда катталган "Скания", "Карбон-Минерал", "Аксер", "Цзинь Лун Тоо өндүрүү Компаниясы", "Кумбель", "Май Тоо" аттуу жоопкерчилиги чектелген коомго тиешеси бар. Ал компаниялар жалпы 10 лицензия алган, уруксат кагаздарынын басымдуу бөлүгү көмүр казууга берилген. Андан сырткары, аталган ишканалардын негиздөөчүлөрү жана жетекчилери катары Хань Сицзинь, Чжуань Цзянжуй, Цой Светлана Валериевна жана "Цзинь Лун Тоо өндүрүү Компаниясы", "Темир Хан ЛТД" ЖЧКлары көрсөтүлгөн.

Алтын издөөгө, чалгындоого

Өлкөдө катталган "Геокенч", "Кенчшумкаргео", "Шумкаргеокенч", "Геокапитал" ЖЧКларын Ван Минли аттуу ишкер Самат Жусупахунов менен бирге негиздеген. Кен казуу менен алектенген ал төрт ишкана алтынды издөөгө, чалгындоого беш лицензия алган.

Алтын кендерине байланыштуу лицензиялар

Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир күндө 19 лицензия алган. Алтын кендерин басып жаткан Жумаевдин таржымакалы
Кыргызстандын аймагында катталган "ШенСин" инвестициялык компаниясын, "Рич Маунт Гонконг тоо кен компаниясы", "Разор" жана "Нем и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомдорун Лань Цзюнь жетектейт. Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитети аталган компанияларга алтын казуу, чалгындоого үч, бериллий казууга эки лицензия берген. Юстиция министрлигинин расмий сайтында аталган ишканаларды "АнБо Ресоурсес Лимитед", "Блю Сифронтс Ресоурсес Компани Лимитед" компаниясы менен "ВаллейВерди" ЖЧКсы негиздеген деп жазылып турат.

Көмүр менен сурьма кенин чалгындоо

Джанг Хуа аттуу ишкерге республика аймагында "Адылбек", "Асуан", "Тоо-Кен Ийгилик" жоопкерчилиги чектелген коомдору катталган. Ал компаниялардын негиздөөчүлөрү — Таалайбек Кеңешов, Марат Шамырбеков, Каримжан Сурапбаев, Цзян Чжидун жана Джанг Хуа. Ишканаларга көмүр менен сурьманы чалгындоого үч лицензия берилген.

Нефть, алтын издөөгө үч лицензия

Силази Кейнаму Кыргызстанда "ЕвроХаус Билдинг", "Бускар", "Шар-Ак-Таш" ЖЧКларын ачкан. Ал фирмалар нефть, газ издөө үчүн эки, алтын издөө үчүн бир лицензияга ээлик кылат. Анын негиздөөчүлөрү катары "Баткен Оил Газ", "Евразия Голд" жоопкерчилиги чектелген коомдору көрсөтүлгөн.

Жер казынасына берилген төрт лицензия

Чжу Жунцзюнь "Апатит", Tien Shan gold placers ишканаларын негиздеген. Кен казган эки компания суу, алтын, курамында чопо менен кум болгон топуракты чалгындоого төрт лицензия алган.

Графит казуу, алтын чалгындоо

Джек Кристофер Ватсон Бишкек шаарында "Аванте Капитал", "Клауд Брейк Инвестментс" жоопкерчилиги чектелген коомун ачкан. Ал ЖЧКлардын негиздөөчүлөрү катары Жылдыз Жамантаева, Хаусон Эндрю Джон менен "Флагман и Фаворит" юридикалык жана каржы компаниясы жазылган. Алар Ысык-Көл облусунда графит казуу, алтын чалгындоо үчүн эки уруксат кагазына ээлик кылат.

Сымап, хромдиопсид, сурьма

У Яньтянь аттуу ишкер "Байлык-Кен ЛТД", "Хусинь" Тоо-кен компаниясы" ЖКЧларын Алим Кудайбердиев, Кумушбек Абдыкапаров менен чогуу ачкан. Миңдеген гектар аймакты ээлеген сымап, хромдиопсид, сурьма кенин чалгындоо үчүн эки лицензияны 2021 жана 2023-жылга чейин алган.

Алтын, жез, коргошун, цинк, күмүш

Ли Ган буга чейин беш лицензияга ээлик кылып келген. Азыркы маалда анын алтын, жез, коргошун, цинк, күмүштү казуу жана издөөгө уруксат берген үч кагазы бар. Ли Ган өзүнүн "Боорду", "Рок" жоопкерчилиги чектелген коомдорун Жао Жи Чин аттуу адам менен бирге түзгөн.

Нефть, газ издөө

Чиан Феньцзинге "Вектор Гео", "Орто Азия энергоресурстары" жоопкерчилиги чектелген коому катталган. Ал эки компанияны Чжан Даофу экөө түзгөн. Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитети аларга Өзгөн, Ат-Башы, Сузак райондорунда нефть, газ издөө, чалгындоого үч лицензия берген.

Суу, шагыл, кум, барит

Депутат Улан Примовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Депутат Примовдун жакындары 11 лицензияга ээлик кылабы? Чоо-жайы
Хэ Чен Юй аттуу ишкер өлкө аймагында иштеген "Тоо-кендерин өндүрүү компаниясы Сан Хэ", "Бай-Таш" жоопкерчилиги чектелген коомун ачкан. ЖЧКларды ал Чжун Шэн, Мунире, Чжу Чуньбинь, Вэн Чжицзюнь, Рахатбек Турпанов менен чогуу ишке киргизген. Эки компанияга шагыл, кум, барит казууга, суу чыгарууга алты уруксат кагазы берилген.

Акиташ өндүрүү

Мэн Вэй Чжун Кыргызстандагы "ЕВРОБЕТОН", "ЗЭТ Цемент" жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Эки ЖЧК Чүй облусунда акиташ казуу үчүн төрт лицензия алган. Уруксат кагаздарынын айрымдары 2028-жылга чейин берилген. Юстиция министрлигинин расмий сайтында ал компаниялардын негиздөөчүсү катары кыргыз-кытай "ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ" ЖЧКсы жазылган.

Чопо, кум казуу, жер алдынан суу чыгаруу

Ян Чженчуань, Женг Чунжянг, И Минь аттуу ишкерлер "Новый Союз", "Жайыл" Кирпич заводу" ишканаларын негиздеген. Курулуш материалдарын өндүргөн ишканалар курамында чопо менен куму бар топуракты казууга, жер алдынан суу чыгарууга эки лицензия алган.

Нефть, газ, флюорит

Пенг Сяохуа өлкө аймагында "ЛонгВотер", "Хаушен" жаратылыш ресурстары боюнча Компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомдорун негиздеген. Ишканаларга Жалал-Абад облусунда нефть, газ издөөгө, Таласта флюорит казууга уруксат кагазы берилген.

Көмүр казууга үч лицензия

Ли Ханьчжун өзү түптөгөн "Маркай көмүрү", "ШАХТА-ТУЛЕК" кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомун жетектейт. Эки компания Жалал-Абал облусунун аймагында көмүр казууга үч лицензия алган. Ал ЖЧКлардын негиздөөчүсү катары Гун Сяодун менен Зекербай Айтахунов да көрсөтүлгөн.

Шагыл, кум казууга эки лицензия

Ма Ланьфан "Лан-Шен Бургео сервис", "Шайнинг Стоун" жоопкерчилиги чектелген коомун ачкан. Анда эки ишкананын тең негиздөөчүлөрү катары Джанг Руилинг, Бекжан Кенешбеков, Азизбек Озубеков көрсөтүлгөн. ЖЧКларга шагыл, кум казууга эки лицензия берилген.

Көмүр, фосфорит аянттарын чалгындоо

Жан Бао Ин аттуу ишкерге Кыргызстанда "Мол Азык – Фей Компани", "Ноокат Алтын-Кирпич курулушу" ЖЧКсы катталган. Аларга көмүр, фосфорит аянттарын чалгындоого эки лицензия берилген. Негиздөөчүлөрү катары Умида Абдурахманова, Айчурок Маматова жазылган.

Сымап жана алтын аянттарын чалгындоо

Депутат Арапбаев Азамат - Sputnik Кыргызстан
Депутат Арапбаев 12 лицензияга ээлик кылабы? Уруксат кагаздардын чоо-жайы
Фу Мао Хуэйге өлкө аймагында "Эгиз-Суу", "Саманчы" ЖЧКлары катталып, ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан сымап жана алтын аянттарын чалгындоого эки лицензия берилген. Негиздөөчүлөрү катары "Нарын Холдингс Лимитед" компаниясы, Сейдем Бегалиева, Кенешбек Мусуров, Алтынбек Окенов, Дэн И По, Чынарбек Тегизбеков, Шакир Гапаров көрсөтүлгөн.

Алтын казуу, чалгындоо

Го Цзяньцзинь ачкан "Султан Голд Холдинг", "Лабори Майнинг Компани" ЖЧКлары беш лицензияга ээлик кылат. Алардын бардыгы тең 214 гектар жерде алтын казууга, чалгындоо берилген.

Эки лицензия алтын чалгындоого

Бао Сюэцзин өзү ачып жетектеген "Sultan Gold", "Тоо аймак" ишканалары алтын чалгындоого эки лицензия алган. 947 гектар аймакты ээлеген аянтка уруксат кагаздары 2020-жылдын август айына чейин ыйгарылган.

Алтын чалгындоого эки лицензия

Джин Сын Гю аттуу ишкер Жоомарт Сакеев жана Асима Сакеева менен биргеликте "САРЫ-БУЛАК ЧАТ", "Чат Ресурс" жоопкерчилиги чектелген коомун ачкан. Алар Чаткалда алтын чалгындоо үчүн эки лицензия алган.

Алтынга жети лицензия

Ишкер Йан Цинлон "Цзюйфэн Голд Корпорациясы", "Чаткал-17" ЖЧКларын "ЦЗУФЭН ИНДАСТРИ ГРУП КО.,ЛИМИТЕД" компаниясы жана Ван Чжипен менен биргеликте негиздеген. Аты аталган тараптардын алтын казууга алты, издөөгө бир лицензиясы бар.

Нефть, газ өндүрүүгө үч лицензия

"Баткеннефтегаз" ачык акционердик коомун жетектеген Кан Лимин нефть, газ өндүрүүгө үч лицензия алган. Уруксат кагаздары 2028-жылдын сентябрь айына чейин берилген, компаниянын негиздөөчүлөрү жазылган эмес.

Вольфрам, калай кендери

Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года  - Sputnik Кыргызстан
Кендеги коррупциянын тамыры кыйылабы? Жээнбековдун тапшырмасы
Хун Юань Чао жетектеген Central Asian Tin Company жоопкерчилиги чектелген коому вольфрам, калай (олово — ред.) чалгындоого, казууга үч лицензиясы бар. Анын негиздөөчүсү деп БРАЙТ ОУШЕНЗ НОН-ФЕРРОУС МЕТАЛ ЛИМИТЕД жана БРАЙТ ОУШЕНЗ РЕСОУРСЕС ЛИМИТЕД корпорациялары көрсөтүлгөн.

Алтынга эки лицензия

Ли Юнгпинг аттуу адам башкарган Consolidated Aurum ЖЧКсы Чаткал районунан алтынга эки лицензия алган. Ал ишкананын негиздөөчүсү жазылган эмес.

Алтын казуу

Кен казган KGM Ltd компаниясы Ала-Бука районунда алтын издөөгө буга чейин үч лицензия алган. Азыркы маалда казууга бир лицензиясы бар. Ал ишкананын негиздөөчүлөрү — Чжао Дун, Тумар Идынов, Алманбет Эсенкулов, Анарбек Эрбаев.

Алтын казууга эки лицензия

Ким Бъенг Ук башкарган KALTON жоопкерчилиги чектелген коому алтын казуу үчүн эки лицензияга ээлик кылат. 975 гектар аянттагы кенди иштетүүгө уруксат кагазын алган ал ЖЧКны KALTON KOREA акционердик коому түзгөн.

Жез, алтын издөө

Ванг Ренху өзү ачкан Oyasa Resources Company жоопкерчилиги чектелген коомун жетектейт. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети ал ишканага жез, алтын издөөгө үч лицензия берген.

Алтын казуу

Ву Тяньвэн кен казган Palladex KR жоопкерчилиги чектелген коомунун директору. Ал ишкана алтын казуу үчүн 270 гектар аянтка лицензия алган. Аталган ЖЧКны Pan Web Mining International Limited компаниясы негиздеген.

Алтын, күмүш, сурьма

Ли Вентао жетектеген Z-EXPLORER ("ЗЕТ-ЭКСПЛОРЕР") жабык акционердик коому алтын, күмүш, сурьма, кум, шагыл казуу жана издөөгө алты уруксат кагазын алган. Аны Александр Беккер аттуу адам негиздеген.

Алтын, жез казууга эки лицензия

Алтын кен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лицензияны жергиликтүү ишкерлерге бербегендерди да жоопко тартуу сунушталды
Zhong Ji Mining company кытай-кыргыз компаниясынын 1500 гектардан ашык жерден алтын, жез казууга эки лицензиясы бар. Аталган ишканасынын негиздөөчүсү деп "ЧАЙНА ГОЛД ГОНКОНГ БУЧУК МАЙНИНГ КОМПАНИ ЛИМИТЕД" ЖЧКсы көрсөтүлгөн.

Чаткалда алтын издөө

Ян Ваньфэн аттуу ишкер негиздеген "АСЫЛКЕН-НУР" ишканасы Чаткал районунун аймагындагы 393 гектар жерден алтын издөөгө укук алган. Аны Бексултан Каратай жетектейт.

Акиташ өндүрүү

Янь Синьцзянь "АФК Юнион Стоун" жоопкерчилиги чектелген коомун кыргызстандык эки жаран менен биргеликте түзгөн. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети аларга Өзгөн районунда акиташ өндүрүүгө бир лицензияны 2037-жылга чейин берген.

Жогоруда тизмектелгендер лицензия алгандардын чети гана. Уруксат кагаздарынын басымдуу бөлүгү алтын кендерине берилген. Андыктан Sputnik Кыргызстан агенттиги аларды тактап тактап, тизмектөөсүн улантмакчы.

Маалыматтар Юстиция министрлиги менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0