00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Билим алуу менен эс алууну айкалыштырса болот - Жайында китепканаларда жаштарга кандай шарт түзүлгөн?
09:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
За игнор — штраф: чиновников обяжут отвечать на жалобы
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Туура тамактануунун орду чоң. Жайдын аптаптуу күндөрүндө спорт менен кантип туура алектениш керек?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы курулуш кандай инновациялык чечимдерге муктаж? — курулуш нормалары, илимий изилдөө
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Закат феодалов, подъём капиталистов: беседа о смене эпох и устройстве общества
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген кыргызстандык ишканалардын саны 462ге жетти – Бул тизмеге киргендер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот?
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Филологи, философы, медиаспециалисты — кого готовят в КРСУ сегодня
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Күнгө күйүү — теринин досубу же душманыбы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Талантливая молодежь и нехватка простого оборудования: беседа о работе Национального онкоцентра
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз тасмалары эл аралык аренада. ШКУнун кызыл килеминде “Качкын” сыйлыкка ээ болду
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Энергетическая дипломатия для Центральной Азии: новый сезон школы фонда Горчакова
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген кыргызстандык ишканалардын саны 462ге жетти – Бул тизмеге киргендер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот?
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат Арапбаев 12 лицензияга ээлик кылабы? Уруксат кагаздардын чоо-жайы

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында бир эле адам 41 "алтын" лицензия алганын билдирип, ага таң калганын айткан.

Жыйында сөз болгон "алтын" лицензиялардын ээси Эрик Жумаев бир күндө эле алтынга 19 лицензия алгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттиги аныктап чыккан. Ал кезде Өнөр жай, энергетика жана кен боюнча мамлекеттик комитетин Дүйшөнбек Зилалиев жетектеп турганы маалым.

Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир күндө 19 лицензия алган. Алтын кендерин басып жаткан Жумаевдин таржымакалы
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагында дагы кимдер көп лицензияга ээлик кыла тургандыгын тактап көрдү.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин расмий сайтындагы маалыматына ылайык, "Даннур-Юг" деп аталган жоопкерчилиги чектелген коому 12 лицензияга ээлик кылат. Ал эми аны Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев негиздеген.

"Чыйырчык-Южный"

Эл өкүлү өткөн жылдын июль айында Алай районундагы "Чыйырчык-Южный" участогундагы 10 гектар жерди чалгындоо үчүн эки жылга лицензия алган.

"Кароол-Тоо"

2017-жылдын соңунда Ош облусунун Араван районундагы "Кароол-Тоо" участогундагы 200 гектар жерге Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети лицензия берген. Депутат уруксат кагазын акиташты чалгындоого алган.

"Кокликтау-2"

Арапбаев Араван районундагы "Кокликтау-2" участогуна дагы 2020-жылга чейин лицензия алган. Уруксат кагазына ал курамында чопо менен кум көбүрөөк болгон топуракты чалгындоо үчүн ээлик кылып келет.

"Чыйырчык"

"Даннур-Юг" жоопкерчилиги чектелген коому Алай районундагы 150 гектар аянтты ээлеген "Чыйырчык" участогуна да лицензия алган. Мамлекет аны кумдак жерди чалгындоо үчүн берген.

"Кокликтау"

Эл өкүлү 2017-жылдын август айында Ош облусундагы "Кокликтау" участогуна лицензия алган. Документ курамында чопо менен куму бар 7,6 гектар аянттагы топуракты чалгындоо үчүн берилген.

"Араван" аянты

Араван районундагы кыш чыгаруу үчүн кум, чопого берилген лицензия 20 гектар аянтты ээлейт. Депутат аны төрт жылга алган.

"Жилгин-Сай" кени

Азамат Арапбаевдин ЖЧКсы Кара-Суу районунда жайгашкан Жилгин-Сай кениндеги кум, шагылды иштетүүгө алган лицензияга 2014-жылдан бери ээлик кылып келет. 9,2 гектар жерге алынган уруксат кагазынын мөөнөтү 2030-жылы соңуна чыгат.

"Гүлбахар" кени

Эл өкүлү беш гектар аянтка жакын жерди иштетүү үчүн лицензияны 10 жылга алган. Уруксат кагазы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан курамында чопо менен кум көбүрөөк болгон топуракты казууга берилген.

"Мады" кени

Саясатчыга катталган "Даннур-Юг" ишканасы Кара-Суу районунда 10,4 гектар жерди ээлеген аянтка да лицензия алган. Мөөнөтү 2027-жылы бүтө турган лицензия кыш чыгаруу үчүн кум, чопого алынган.

"Западное месторождение" участогу

Цемент үчүн доломит, акиташ казууга берилген лицензияны депутат 2008-жылы алган. Уруксат кагазы мамлекет тарабынан 2028-жылга чейин берилген.

"Центральное месторождение" участогу

Ноокат районундагы бул участоктон кыш чыгаруу үчүн кум, чопо казылат. 3,1 гектарды ээлеген жер дагы эл өкүлүнүн ЖЧКсына 2028-жылга чейин берилген.

"Ош 9" кени

Кара-Суу районунда 12 гектар жерден кыш өндүрүү үчүн кум, чопого лицензия 2025-жылга чейин берилген. Аны эл өкүлү 2005-жылы алган.

Күмтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: тоо-кен тармагындагы салыкты жогорулатуу керек
Жыйынтыктап айтканда, Жогорку Кеңештин депутатынын ЖЧКсына 2005-жылдан бери алган уруксат кагаздарынын бардыгы Ош облусунун аймагында берилип, жалпы жонунан 452 гектарды ээлейт. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети берген кагаздардын алтоо чалгындоого, калганы иштетүүгө арналган.

Ал эми Азамат Арапбаев болсо, мындай маалыматтарды четке какпайт.

"Мага катталган "Даннур-Юг" компаниясын 2007-жылы башка адамдын башкаруусуна өткөрүп бергем. Ошондуктан ал кагаздарды мен түзмө-түз алган эмесмин. Компания лицензиялардын көпчүлүгүн чопого эле алган, ал жерде алтындын жыты да жок. Анан сиздер ал ишкана канча салык төлөп, канча жумушчу орун түзгөндүгүн да тактагыла. Муну Коопсуздук кеңешинде сөз болгон алтынга берилген уруксат кагаздары менен салыштырууга болбойт. Анткени алар мамлекетке бир сом дагы акча төлөгөн эмес", — деди Арапбаев.

Эл өкүлүнүн курулуш материалдарын чыгарган ишканасы мамлекетке 2018-жылы 33 миллион 705 миң сомдой төлөгөн.

Мындан сырткары, Юстиция министрлигинин расмий сайтында Азамат Арапбаевге жана анын жакындарына 11 ишкана катталгандыгы көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0