Жаз мезгили жакындаганына байланыштуу өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго салуу максатында өкмөттүн "Айыл чарбасын каржылоо-7" долбоорун ишке ашыруу башталды.
Анын негизинде февраль айынын ортосунан баштап дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыя бериле баштайт. Тиешелүү буйрукка январь айынын соңунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги элеттиктер насыяны качан кантип ала тургандыгын тактап көрдү.
Насыя кимдерге берилет?
Дыйкандар айыл өкмөттүн жазуу жүзүндөгү сунушу менен жеке насыяны 150 миң сомго чейин, топтук насыяны 500 миң сомго жакын өлчөмдө 18 айга чейин ала алат.
Кимдерге артыкчылык берилет?
Жогоруда аталган 11 продукцияны чет өлкөгө чыгаруу үчүн келишимдери бар тараптарга, насыя алуучулар арасында асыл тукум заводу, фермасынын же үрөн чарбасынын статусу бар ишкерлерге, кант кызылчасын өстүргөн субъектилерге артыкчылык берилет.
Мал чарбачылыгы менен алектенгендер:
— бодо мал баккандар;
— кой, эчки, жылкы, коён баккандар;
— тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө өңдүү айыл чарба канаттууларын өстүргөндөр;
— бал челек кармап, аарынын момун өндүрүүчүлөр;
— балык өстүргөн, балык питомниктерин, балык фермаларын иштеткендер;
— уяң жүндүү, тянь-шань жарым уяң жүндүү, алай, гисар, меринос койлорун, Ала-Тоо, карала, Аулие-ата, голштин, жерсей, симменталь, айшир, герефорд, голланд, ярослав, холмогор, күрөң швиц сыяктуу асыл тукумдуу уй жана топоз, жылкы баккандар.
Балчы, малчы, балык өстүргөндөр үч миллион сомго чейин насыя ала алат. Ал эми асыл тукум мал же жасалма жол менен уруктандыруу үчүн мал же жабдуу сатып ала тургандарга 10 миллион сомго чейинки насыя жылына 10 пайыздык үстөк менен берилет.
Насыя берүүдө фермерлердин кыш мезгилинде тоют сактоо шарты эске алынып, өз продукцияларын өткөрүү үчүн келишим түзгөндөргө басым жасалат.
Дыйканчылык менен алектенгендер
— дан, бакча, көчөт, жашылча өсүмдүктөрүн өстүргөндөр;
— техникалык өсүмдүктөр менен алектенгендер;
— күнөскана чарбачылыгын колго алгандар;
— мөмө жана жер-жемиш өстүргөн багбандар;
— тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүүнү каалаган субъектилер.
Алар насыя алуу үчүн жеке менчик же ижарага алынган айыл чарба багытындагы аянты бар экенин ырастаган документи (мамлекеттик акты, күбөлүк, ижара келишими, сатып алуу-сатуу келишими) сөзсүз болушу керек. Кийин кезекке турбастан жылдык 10 пайыздык үстөгү менен акча каражаттарын алат. Бул категорияга кирген дыйкандар үчүн насыянын өлчөмүнө чектөө коюлган эмес.
Айыл чарба продукцияларын кайра иштеткендер
— айыл чарба продукцияларын (дан, чанактуу эгиндер, бодо малдын жана кой-эчкинин эти, териси, сүтү ж.б.) кайра иштеткендер;
— балык жана балык азыктарын консервациялагандар;
— жемиш, жашылча, мөмөлөрдү кайра иштетип жана консервациялагандар;
— өсүмдүк жана малдын майын өндүргөндөр;
— айыл чарба жаныбарлары үчүн тоют даярдагандар;
— айыл чарба продукцияларынан тамак-аш жасагандар;
— жер семирткич, азот кошулмаларын чыгаргандар;
— айыл чарба продукцияларын таңгактап, топтоп сактагандар;
— малды, канаттууларды союу цехин иштеткендер;
— жүндү иштетип, кийиз буюмдарын жасагандар;
— айыл чарба продукцияларын сатып алууну, сактоону, ташууну жана сатууну уюштуруу боюнча логистикалык борборлор.
Бул топко киргендердин ичинен жыйырма жумушчудан ашык эмгектенген ишканалар 150 миллион сомго чейин, 20 адамга чейин эмгектенген чарбалык субъектилер 10 миллион сомдон ашпаган насыяны жылдык 6 пайыздык үстөгү менен алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Акча каражаттарын алууну каалаган тараптар Социалдык фонд, салык кызматы өңдүү бир катар мамлекеттик органдарда катталган болушу абзел. Ошондой эле ишкерлерди тандоодо экспортко багытталган продукцияларды даярдагандар менен аны сатууда келишимдери бар ишкерлерге артыкчылык берилет.
Жеңилдетилген насыяны алгандардын бардыгы алты айга чейин төгүм төлөөдөн бошотулат. Алардын айрымдары акча каражаттарын үч жылдык мөөнөткө чейин алса, жаңы түзүлүп жаткан кайра иштетүүчү тамак-аш ишканаларына, күнөскана чарбасын жүргүзгөндөргө, тамчылатып сугаруу системасын киргизүүгө берилүүчү насыялардын төлөө мөөнөтү беш жылга чейин уруксат берилген. Акча каражаттарын алган тараптар насыянын негизги суммасын төлөөдөн 6 айга чейин толук бошотулат.
Учурда Финансы министрилиги ал насыяларды берүүгө кызыкдар тараптар менен келишим түзө баштады. Азыр аталган министрликке "Айыл Банк", "РСК", "Салык", "Оптима" банктары насыя берүү ниетин билдиришти. Алардын саны 10-февралга чейин дагы көбөйүшү мүмкүн. (Sputnik агенттиги насыя бере турган банктар бекитилгенден кийин алардын тизмесин жарыялайт —ред.)
Кошумчалай кетсек, беш жылга пландалган "Айыл чарбасын каржылоо-7" долбоорун ишке ашыруу милдети Улуттук банк, Финансы министрлиги, Экономика министрлиги, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлгөн. Алар тийиштүү маалыматтарды чогултуп, каражаттардын өз багытында колдонулуп жаткандыгын жана каржылоонун аркасынан өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын көлөмүн мониторинг кылат.