Чүйдө иштебеген медиктер кантип айлык алган? Министр менен жетекчинин жообу

© Sputnik / Светлана ФедотоваРабота Бишкекского научного центра травматологии и ортопедии
Работа Бишкекского научного центра травматологии и ортопедии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым дарыгерлер "Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун (ҮМБ) директору иштебеген 5 адамга эмгек акы катары 681 миң 600 сомду негизсиз чегерип салды" деп кине коюуда. Мындан сырткары, 2017-жылы 147 тонна майда, күйбөгөн көмүр таратып, ак халатчандар менен бейтаптарды суукка тоңдурган деп арызданышты.

Айтылган жүйөлөрдү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусу (ММКФ) тарабынан түзүлгөн комиссия да иликтеп чыгып далилдеген. Дарыгерлер саламаттык сактоо министри ушунун баарын билсе да көз жуумп койду дешүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул жагдайдын чоо-жайын билүүгө аракет кылмакчы.

681,6 миң сом кайда кеткен?

Кине коюлуп жаткан Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Бактыгүл Мамытова ММКФ комиссиянын жыйынтыгы менен макул эместигин айтат.

"Текшерүү учурунда далилдөөчү документтерди көрсөткөнүбүздө кабыл алышкан эмес. Иштебеген адамдарга айлык төлөндү деген туура эмес. Беш адамдын бирөөсүнө, тагыраак айтканда, Атыркүл Исаковага гана кылмыш иши козголгон. Төртөөнө тагылган айып далилденген жок", — деди Мамытова.

Директор Госагентства автомобильного и водного транспорта Анарбек Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
Агенттиктен 2 млн. сом уурдаткан аткаминер кайра директор болду. Видео
Эмгек акы негизсиз берилди делгендердин ичинен Гүлнара Сыдыгалиевага эң көп акча чегерилген. Ал бир жыл үч айда 298,6 миң сом алган. Негизги жумушу — Аламүдүн районунун Ленин айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси. Кошумча жумуш катары Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун медициналык-маалыматтык бөлүмүндө врач-статист болуп иштеген.

Эмгек кодекси боюнча дарыгер кошумча жумушта иштөө үчүн Саламаттык сактоо министрлигинен уруксат алышы керек эле. Бирок Сыдыгалиева анткен эмес. Мындан сырткары, иш графигине "күнүнө үч сааттан иштейт" деп жазылган. Бирок иш жүзүндө ал жумасына 2-3 жолу гана келип турчу экен.

"Гүлнара Сыдыгалиева чынында эле бизде иштеген. Бош убагында келип отчетторду жасап кетчү. Ал билимдүү, иштин көзүн билгендиктен ушундай келишим менен жумушка алганбыз. Табелге күнүгө иштеген деп жазып коюуну бухгалтерлер сунуштаган. Ушундай жол менен ага маяна чегергенбиз. Кошумча жумушта иштөө үчүн министрликтен уруксат алуу керектигин билген эмеспиз. Аны кийин текшерүү маалында айтты", — деди директор.

Күйбөгөн көмүр көйгөйү

ММКФ комиссиясынын корутундусу боюнча 2017-жылы Пригородное, Ала-Тоо, Кой-Таш, Арашан, Васильевка, Төмөнкү Ала-Арча жана Маевка айылдарына сапатсыз, майда көмүр таратылган. Чүй облустук ҮМБ тендерден уткан MNG Consulting компаниясы менен келишим түзүп, 147 тонна көмүрдү 382,1 миң сомго сатып алган.

Чүй облустук ҮМБдин директору Бактыгүл Мамытова көмүр ташыган компания дайынын таптырбай кетип алиге чейин издеп жүрүшкөнүн айтат.

"Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчилери ошондой көмүрдү кабыл алып коюшкан. Кийин көмүр ташыган компаниянын мекемесине чейин барып такыр таба албай койдук. Ошон үчүн сотко да бердик. Тендерге катышып жатканда документтери жайында болчу. Мага чейинки директор ал компания менен 8 жылдан бери иштешчү экен. Анан эмнеге мындай болуп калганын таптакыр түшүнбөй жатабыз", — деди Мамытова.

Ошол жылы Пригородное айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 10 тонна көмүр түшүрүлгөн. Ал жерде стоматолог болуп иштеген Максат Жолдошев күйбөгөн көмүр кыштын суугунда бир топ түйшүк жаратканын билдирди.

"Мынчалык начар көмүрдү бекер берсе да албаш керек эле. Жетекчиге эки-үч жолу кайрылдык, эч кандай реакция болгон жок. Акыры эшиктер тоңгондо прокуратурага кайрылууга туура келди. Кабинеттер муздак, келген бейтаптар да үшүп кыйналдык. Өзүбүз үйдөн эки-үч каптан көмүр алып келип, айыл өкмөт жардам берип эптеп кыштан чыкканбыз", — деди Жолдошев.

Министр баарына көз жуумп отурабы?

Кой-Таш айылдык Үй-бүлөлүк медицина борборунун мурдагы медайымы Гүлмира Салымбаева директорду саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев калкалап жатканын айтат.

"Муну биз эле ачык айтып жатабыз. Башка дарыгерлер арыздансам кызматтан кол жууп калам деп коркушууда. Министрге да эки-үч ирет кайрылганбыз. Акыркы жолу 10-декабрда колубуздагы фактыларды көргөндөн кийин орун басарын, статс-катчысын жана жардамчысынын көзүнчө Бактыгүл Мамытованы кызматтан кетирерин айткан. Бирок 31-декабрда анын жылдык келишимин дагы бир жылга узартып коюптур. Бул биз үчүн таң калычтуу болду", — деди Салымбаева.

Жогоруда айтылган дооматтар боюнча саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевден комментарий алуу оңойго турган жок. Кабинетине барып же телефон аркылуу байланышалы деп беш күн убара болдук. Акыры Жогорку Кеңештин имаратынан жолуга алдык.

Автобекеттеги чууга карабай транспорт министрине чейин жеткен Ногойбаевдин чыйыры - Sputnik Кыргызстан
Автобекеттен куулуп транспорт министрине чейин жеткен Ногойбаевдин чыйыры
Чолпонбаев мунун баары дарыгерлердин пикир келишпестигинен улам чыгып жатканын айтат.

"Ал директорду жумуштан алам деп айткан эмеспиз. Ар бир кайрылган адамга карап көрөбүз деп айтылат. Аны кетирсек, арызданса дагы соттон башыбыз чыкпай калат. Азыр бизде соттошкондор көп болуда. Ал иш боюнча териштирүү жүрүп жатат. Жыйынтыгы чыксын, анан карап көрөбүз. Жылдык келишимин узартуу — ал жыл бою директорлукта калат дегенди түшүндүрбөйт", — деди министр.

Прокуратура: 771,6 миң сом жең ичине кирип кеткен

Дарыгерлер эл өкүлү Жыргалбек Турускуловго кайрылышкан. Ал ишти караган Чүй облустук прокуратурасынан төмөндөгүдөй жооп алган.

— Беш адамга маяна катары 771,6 миң сом негизсиз төлөнгөн. Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директоруна мыйзамсыз которулган каражатты мамлекеттин эсебине кайтарууга сунуш берилди.

Мындан тышкары, Кой-Таш айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардам кызматында диспетчери катары (эки жыл) Атыркүл Исаковага 328,9 миң сом маяна берилген. Чынында ал ден соолугуна байланыштуу иштей алган эмес. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКга жибирилген. Калган төрт адамга иш козголуп же козголбогону айтылган эмес.

— MNG Consulting ЖЧКсы келишимди бузуп сапатсыз көмүр түшүргөн, ташуу иштерин кечигүү менен аткарган. Бирок Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги компанияга чара колдонуп же келишимди жокко чыгарган эмес. Көмүрдү убагында ташып келбегени үчүн компаниядан 14,5 миң сом туум өндүрбөй коюшкан. Укук коргоо органдарына да кат жөнөтүлгөн эмес.

Экинчи тарап Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылган Гүлмира Салымбаева менен Максат Жолдошевдин бир нече иштери боюнча кагаздарды көрсөттү.

"Өчөшүп ар жакка арыздана берип бизди иштетпей жатат",- деп тескерисинче аларга нааразылыгын билдирди.

Утро в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура: Улуттук университеттин кызматкерлери 1,5 млн. сомду кымырып алган
Анда Гүлмира Салымбаева Кой-Таш ҮДТнын мурдагы улук медайымы кызматынан 2018-жылдын декабрында Эмгек кодексинин 83-беренесин 5-пункту менен жумуштан бошотулган деп жазылып турат. "Буга тартиптик жазаларын жана бир нече ирет жүйөлүү себептерсиз эмгек милдеттенмелерин аткарбаганы негиз болгон", — деди ал. 

Кой-Таш ҮДТнын жетекчиси Динара Осмонкулова мамлекеттен берилген дарыларды өзүнө ыйгарып алганы үчүн Салымбаеваны жумуштан бошотконун айтат. Бул боюнча Кылмыш Кодексинин 173-беренесинин 1-пункту боюнча кылмыш иши козголгон деген маалыматты кошумчалады.  Мындан сырткары, ал иштеген жеринен 31 504 сомдук күйүүчү май уурдаганы аныкталган деп документтерин көрсөттү. 

Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Бактыгүл Мамытова Пригородное ҮДТнын стоматологу Максат Жолдошев  2011-жылы 83-берененин 6-пункту менен иштен бошотулганын айтты. Бирок 2013-жылы кайрадан жумушка орношкон.  Ага 2018-жылы ишиндеги чекиликтер үчүн үч ирет сөгүш берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0