БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Иран ЖМКлары Тегерандан алыс эмес жерде кулап түшкөн жүк ташуучу Boeing 707 учагынын экипаж мүчөлөрүнүн сүрөтүн чыгарды.
Twelve of best crew members of 11th Tanker Squadron of #IranAirForce lost their lives in the accident of #IRIAF's Boeing 707-3J9C with 5-8312 s/n (EP-CPP) today. They served people of #Iran and died like heroes while corrupted #IRGC commanders are busy with filling their pockets. pic.twitter.com/z5pxh1NkDy
— Babak Taghvaee (@BabakTaghvaee) 14 января 2019 г.
Учак ичинде 16 киши болгон, Ирандын FarsNews агенттигинин маалыматы боюнча бирөө гана аман калды, ал Фаршад Махдави Неджад аттуу бортинженер.
Ушу тапта он кишинин сөөгү таанылды:
- Гафур Гаджаванд;
- Мухаммед Багер Надери;
- Джавад Сулеймани;
- Мухаммед Абдоли;
- Азизолла Ализаде;
- Саид Касеми;
- Ферейдун Шейхи;
- Шейкер Аджарлу;
- Марьям Зарей Неджад;
- Али Афруг.
"Самолетто Мухаммед Реза Тахери, Мостафа Махмуди, Джавад Моради, Хамид Реза Лотфиан жана Давуд Золфагари болгон. Сөөк таануу процесси уланып жатат", — деп ISNA агенттигине сот-эксперттик департаментинин директору Мехрдад Али Бахши айтып берген.
Каза тапкандардын баары Ирандын жарандары.
Sputnik Кыргызстан агенттиги учактагы жүк кимге тиешелүү экенин аныктап чыккан.