Элетте эмне көйгөй? Депутаттар шайлоочулардын арыз-муңун укту

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание депутатов к Жогорку Кенеше
Заседание депутатов к Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары 8-11-январь аралыгында шайлоочулар менен жолугушмак.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Мындан улам Sputnik редакциясы айрым эл өкүлдөрү менен байланышып, ушул тапта элди кайсы маселелер түйшөлтүп жатканына кызыгып көрдү.

Депутаттардын билдиргенине караганда, аймактарда дайымкы таза суу, жол, мектеп көйгөйлөрүнөн тышкары айып пулдар боюнча мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө дагы ар кандай пикирлер айтылды.

Азамат Арапбаев 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Арапбаев Азамат
Депутат Арапбаев Азамат - Sputnik Кыргызстан
Депутат Арапбаев Азамат

— Менин шайлоочуларым Ош шаары менен Араван районунда. Маселелер бар, бирок көбүн жергиликтүү бийлик эле чечип койчу көйгөйлөр. Мисалы, тазалык боюнча. Сүйлөшүп, кеңешип отуруп, айрымдарын жеринде эле чечип келдим.

Айнуру Алтыбаева 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат VI созыва ЖК Айнуру Алтыбаева
Депутат VI созыва ЖК Айнуру Алтыбаева - Sputnik Кыргызстан
Депутат VI созыва ЖК Айнуру Алтыбаева

— Ош облусунун Кара-Суу районундамын. Эл билим берүү жаатындагы көйгөйлөргө көп токтолуп жатышат. Мектеп, бала бакчалардын тартыштыгы, окуу китептеринин сапатсыздыгы айтылды. Түкүрүк, айып пул боюнча Эреже бузуулар кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү дагы талкууладык.

Нурбек Алимбеков

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат VI созыва ЖК Нурбек Алимбеков
Депутат VI созыва ЖК Нурбек Алимбеков - Sputnik Кыргызстан
Депутат VI созыва ЖК Нурбек Алимбеков

— Мен Ош шаарынын Кара-Суу районуна барып келдим. Аймактарда жергиликтүү бюджет кабыл алынып жаткандыктан, эл ага жаңы социалдык объектилердин курулушун киргизүүгө аябай кызыкдар экен.

Мирлан Бакиров 

© Sputnik / Andranik GhazaryanДепутат ЖК Мирлан Бакиров
Депутат ЖК Мирлан Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Депутат ЖК Мирлан Бакиров

— Жалал-Абад облусунда көптөн бери эле таза суу маселеси курч. Мындан тышкары, айыл өкмөттөрүнүн бюджетин бекитүүгө ички булактарды табыш керек. Бул боюнча айылдык депутаттар менен талкуулап, бир катар сунуштарды киргиздим.

Мирлан Жээнчороев 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жеенчороев Мирлан Канатбекович
Депутат Жеенчороев Мирлан Канатбекович - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жеенчороев Мирлан Канатбекович

— Менин электоратым Бишкекте. Шаарда өзүңөр билгендей, чарба иштери, коомдук транспорт, электр энергиясынын баасы боюнча көйгөйлөр ар дайым болуп келет. Бул жолу акыркы кездеги мамлекеттик чечимдер, тагыраагы, эреже бузуулар жана айып пулдар боюнча сүйлөштүк. Айрымдар бул чечимдерге нааразы экен. Бул эми бир гана түкүрүккө байланыштуу маселе эмес, негизинен эле бийликке болгон сын экенин байкадым.

Каныбек Иманалиев 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Каныбек Иманалиев
Депутат Каныбек Иманалиев  - Sputnik Кыргызстан
Депутат Каныбек Иманалиев

— Чүй облусунун Кемин районундагы айылдык кеңештин депутаттары менен кезиктим, аларды бюджеттик ишканалардагы тендерлер жана ооруканалар жетишсиздиги боюнча маселелер түйшөлтөт. Ошондой эле Кеминде ички жолдор, таза суу көйгөйлөрү бар.

Аида Исмаилова 

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Жогорку Кенеша от фракции "Республика — Ата-Журт" Аида Исмаилова
Депутат Жогорку Кенеша от фракции Республика — Ата-Журт Аида Исмаилова - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жогорку Кенеша от фракции "Республика — Ата-Журт" Аида Исмаилова

— Жыл жаңырарына 2-3 күн калганда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна барып келдим. Ал жакта таза суу маселеси абдан курч. Мурда айылдарга суу жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, документтерин бүтүрүүгө жардам берип жүргөм. Бул жолу суу сордуруу станциясына реконструкциялоо боюнча капсула салууга катыштым. Буюрса, жакында жетиөгүздүктөрдө таза суу маселеси жоюлат деген ишеничтемин.

Аида Касымалиев 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Аида Касымалиева
Депутат ЖК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Депутат ЖК Аида Касымалиева

— Өзгөн районунун Зергер айылында жүрөм. Бир компания көмүр казып жатып, эл суу ичкен булакты булгап салыптыр. Калк суусуз калган. Жергиликтүү органдар, Экологиялык техникалык инспекциянын кызматкерлери менен барып, утурумдук болсо дагы суу чыгарып бергиле деп сүйлөштүк. Андан тышкары, түкүрүк, айдоочуларга айып пулдар тууралуу бир аз түшүндүрүп бердим. Негизинен айыл эли бул өзгөрүүнү колдойт экен.

Жылдыз Мусабекова 

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жылдыз Мусабекова
Депутат Жылдыз Мусабекова - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жылдыз Мусабекова

— Жаңы эле Ак-Ордо жаңы конушундагы майып балдардын ата-энелери менен жолуктум. Жакында оорулуу балдарын багып үйдө отурган ата-энелерге айлык төлөө боюнча жаңы мыйзам токулбадыбы. Бирок күчүнө кире элек. Ошону тездетип берсеңер деп сурангандар көп болду. Анткени жаңы конушта көп үйлөрдө оорулууларды жуунтуп-тазалантууга шарт жок. Үйдүн ичине дааратканда, душ салууну каалашат.

Табылды Тиллаев 

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Таабалды Тиллаев
Депутат ЖК Таабалды Тиллаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат ЖК Таабалды Тиллаев

— Лейлек району сел көп жүргөн аймак эмеспи. Ал жакта ар дайым сел жууп кеткен ички жолдор, үйлөр жана көпүрө маселеси турат. Мындан тышкары, бул жолу жаңы үй-бүлө кургандарга жер берүү маселесин көтөрүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0