Актер Эржан Осмонов: жашоом айрымдар ойлогондой анчалык начар эмес

Жазылуу
"Акшоола" сериалындагы Ынак Кабыловичтин образын жараткан Эржан Осмонов жашоодо тамашакөй, жөнөкөй адам экен. Актер жыл жаңырары менен, бүгүн, 1-январь күнү 31ге чыкты.

Төгүлүп-чачылып сүйлөп, "Акшоола" сериалына тартылганга чейинки жана андан кийинки жашоосу, үй-бүлөсү, бала кези тууралуу айтып берди. 

— "Акшоола" сериалында баш каармандын образын жаратуу шыбагасы сизге буйруптур. Ынактын ролун кандайча сиз жаратып калдыңыз?

— Бир күнү режиссер Ырыс Окенова келип: "Акын, жазуучу Жыпара Исабаеванын "Адашкандар" чыгармасынын негизинде "Акшоола" деген сериал тарталы деп жатабыз. Сизди баш каармандын ролуна ылайык көрүп жатабыз",- деп сунуш кылды. Баш тарткан жокмун. Биринчиден, кыргыз сериалы тартылып жатканына кубандым. Экинчиден, чыгарманы окугам, кыргыз радиосунан дагы уккам, абдан жакчу. Үчүнчүдөн, элге таанылууга жакшы мүмкүнчүлүк болду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАктер Эржан Осмонов: "Акшоола" сериалынан кийин көчөдөн жолуккандардын сөкчүсү сөктү, урушчусу урушуп, мактаганы мактап, айтор, ар кандай пикир угуп жатам.
Актер Эржан Осмонов - Sputnik Кыргызстан
Актер Эржан Осмонов: "Акшоола" сериалынан кийин көчөдөн жолуккандардын сөкчүсү сөктү, урушчусу урушуп, мактаганы мактап, айтор, ар кандай пикир угуп жатам.

— Бул тасманы шаар-аймак, чоң-кичине дебей көргөн окшойт. Кай жерге барба, кечки саат 22:00дөн өткөндөн кийин эле "Акшоола" көрөт элем деген киши. Тасмага тартылганга чейинки жашоо жана андан кийинки жашооңузда өзгөрүүлөр байкалдыбы?

— Өзгөрүү чоң. Мурда деле тасмаларга тартылчумун, бирок аларды сериалдай көрүшпөйт экен. Коомдук транспорттордо кенен-кесир эле жүрчүмүн. Сериал тартылып бүткөндөн кийин жакынкы күндөрү эле маршруткага түшсөм, бир апа: "Ай, сен жанагы Ынаксыңбы?" — деди. Күлүп "Ооба" десем, жанындагыга да айтты. Анысы "кана" деп бир карап алды да, болушунча менин ролумду талкуулай башташты. Үйгө жетпей эле орто жолдон түшүп алып такси менен кеттим. Көчөдөн жолуккандардын сөкчүсү сөктү, урушчусу урушуп, мактаганы мактап, айтор, ар кандай пикир угуп жатам.

— Азыр коомдук транспортко түшпөй калдыңызбы?

— Жакында эле унаа алдым. Буга чейин деле бар болчу, орто жолдон бузулуп, аны сатып башкасын алдым.

— Демек, Ынактын образы элге жеткиликтүү болгон турбайбы?

— Ооба, көбү мени чыныгы жашоодо деле Ынактай деп ойлогон окшойт. Бир күнү "Баткенден байланышка чыгып жатам" деп бир эже телефон чалды. Телефон номеримди кайдан тапканын билбейм, ала калсам эле "Ай, сен Ынаксыңбы?"- деди. "Ооба" десем эле "Кандай уяты жок немесиң, жиндисиңби, толготуп жаткан аялды ким таштап кетсин?" — деп урушуп кирди. "Эже, ал жөн гана роль",- десем түшүнбөй көп сөздөрдү айткан. Интернеттен дагы "Эмнеге аялдарга бат алданасыз, жашоодо да ушундайсызбы?" деген суроолор көп берилип жатты.

— Келинчегиңиз эч нерсе деген жокпу?

— Жубайым Махабат Асанбекова өзү да актриса. Андыктан бул чөйрөнү жакшы түшүнөт. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрын чогуу бүтүп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайда да бирге окуп жүрүп баш кошконбуз. Театр чөйрөсүндө иштеп келе жатканыбызга 10 жыл болду. Үч балабыз бар. Актерго ар кандай роль берилет, аны жеткиликтүү ойнош керек. Сыягы Ынактын ролун ачып бергеним үчүн элдин баары мени жашоодо да Ынактай деп ойлосо керек.

— Тасманы көрбөгөн, билбегендер үчүн баш каармандын образы тууралуу айтып кетесизби?

— Ынак — ишенчээк, жашоодо жамандык көрбөгөн, интеллигент адам. Бул каармандын ушул сапатынан айланасындагы адамдар пайдаланып, үй-бүлөсүнөн ажыратат. Жакшы кызматта иштеп, жакшы жашоодо жашаган ишенчээк адамдын ролун жараткам.

— Чыныгы жашоодо кандайсыз?

— Чыныгы жашоодо тамашакөй, ачык-айрым эле адаммын. Ынактыкындай кычыраган унаам, үйүм жок. Негизи эле мага эмнегедир байлардын жашоосу жага бербейт. Өзүбүздүн карапайым элдин турмушунан өтөөрү жок. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАктер Эржан Осмонов: интернеттен "Эмнеге аялдарга бат алданасыз, жашоодо да ушундайсызбы?" деген суроолор көп берилип жатты
Актер Эржан Осмонов - Sputnik Кыргызстан
Актер Эржан Осмонов: интернеттен "Эмнеге аялдарга бат алданасыз, жашоодо да ушундайсызбы?" деген суроолор көп берилип жатты

— "Акшоола" коомчулукка көрсөтүлүп жатканда сиздин жеке жашооңуз, кампада жашай тургандыгыңыз тууралуу видеосюжетти көрдүк эле… Ошол чынбы?

— Ал видео 2016-жылы тартылган. Кыргызстандагы ЖМКнын бири келип "Актердун бир күндүк жашоосу" деген темада тасма тартып кетишкен. Аны ошол жылы эле толук видеосун чыгарып көргөнбүз. "Акшоола" сериалы көрсөтүлө баштагандан кийин баягы толук тасманы кесип, темасын "Кампада жашаган актер" деп өзгөртүп туруп чыгарып коюшуптур. Анда мен мамлекеттен жалдырап үй сурап жаткан байкуштай көрүнүп калыптырмын. Дароо ошол тартып кеткен редакцияга чалып, макулдугумду бербегенимди, интернеттен алып салууну өтүндүм. Эч кимден батир, үй сурабайм. Кудайга шүгүр, алты саным аман, иштеген ишим, үй-бүлөм бар. Жашпыз, убагы келгенде кычыраган үйлүү болоорбуз.

Театрдын декорация, кийим-кече сакталган базасы бар. Ошол жерде 11 бөлмөлүү жатакана жайгашкан. Ал жерде мен эле эмес, театрда иштеген көп эле жаш үй-бүлө бар. Кээ бири кампа десе жер төлөдө жашайт деп ойлоп алышкан окшойт. Бул үй 1938-жылы салынган экен, укмуш шарты жок болсо дагы убактылуу, үйлүү болгонго чейин жашап турууга болот. Кезинде ал жакта эл артисттери деле жашаптыр.

— Театр кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулады деген маалымат жаздык эле. Көбөйдүбү?

— Ооба, айлыгыбыз 80 пайызга жогорулады. Буга чейин эң жогорку категория менен 6200 сом алсам, азыр 10000 миң сом ала баштадым. Кудайга шүгүр, мурункуга караганда жакшы. Башында 2000 сомго деле иштечүбүз.

— Кошумча каражат табуу булактарыңыз барбы?

— Радиого үн коштойбуз, жарнама, клиптерге тартылам. Бирок тамада эмесмин. Аракет кылып той алып барып көрдүм, бирок болбойт экен. Бөөдө бирөөнүн тоюн бузуп албайын деп андан кийин чыккан жокмун.

— Бала чагыңыз, туулган жериңиз, ата-энеңиз тууралуу да айтып бербейсизби?

— Талас районунун Талды-Булак деген айылында төрөлгөм. Картошка айдап, уй-кой кайтарып, чөп чаап айылда эле чоңойгон баламын. Биздин айыл Өтмөктөн өткөндөн кийинки эле биринчи айыл болгондуктан суук. Картошка менен кара тал эле өсөт. Ата-энем экөө тең бухгалтер. Бир туугандарымдын баары Таласта турат. Бишкекте мен элемин.

— Актерлук кесипти тандап алууга эмне түрткү болду?

— Мектепте окуп жүргөндө "Жаш таланттар" кароо сынагына манас айтып катышып, район, облус, республикага чейин баргам. Спектаклдерде ойноп, айтор, чыгармачыл активист болчумун. 11-класс болгондо актерлук кесипти тандайм деп чечтим. Ошентип окууну бүтүп, айылдан апамды ээрчип келип Кыргыз драма театрынын алдындагы училищеге тапшыргам. Экзаменден тез эле өтүп кеткем.

— Театрда жараткан образдарыңыз тууралуу да азыноолак кеп кылсаңыз?

— Театр тармагында жүргөнүмө 10 жыл болду. Бул аралыкта көп эле ролдорду аткардым. Алардын ичинен "Манастын уулу Семетейде" Семетейдин, "Боромбай бийде" Боромбайдын, "Тумар ханышасы" спектаклинде Рустам баатырдын, "Ак боз атта" Шырдакбектин жана башка ролдорду аткарып жүрөм. Көпчүлүк учурда бай, бийлердин образын ойнойт экенмин. Акыркы күндөрү комедия жанрындагы спектаклдерде ойногум келип жүрөт.

— Спектаклдерге киши көп эле барабы?

— Азыр көбөйдү. 5-6 жыл мурун 10го чукул адамга эле ойногон учурлар болгон. Азыр кээде аншлаг болуп, эл залга батпай калганын байкап жүрөбүз.

— Спектакль көргөнү аткаминерлердин барганын байкаган эмес белеңиз?

— Мен иштеп баштагандан бери жөнөкөй күндөрү "кой, театрга барып келейин" деген бир да бийлик башчысын көрө элекмин. "Боромбай бий" спектаклин койгондо депутаттардын көбү келди. Былтыр Чыңгыз Айтаматовдун туулган күнүндө "Саманчынын жолу" спектаклине мурдагы премьер-министр Сапар Исаков келген. Мындай жөнөкөй күндөрү келген аткаминерлерди байкабаптырмын. Кесиптештеримдин деле спектакль көргөнү "чоң" келиптир дегенин уккан эмесмин.

— Актер болбосоңуз ким болмок элеңиз?

— Актер болбосом, айылда улакчы болмокмун. Чын. Айылда жашап, ошол жактан эле бир кызга үйлөнүп, бир чоң унаам, анан кара атым болмок. Мурда улак тартып, оодарышка, эр эңишке түшүп жүрчүмүн. Шаарга келгенде ат жок болуп калды. Бирок ат майданга барып ат минип турам. Негизи мен каскадерлук өнөргө да кызыгып жүрөм. Алар менен кино тартуу учурунда жолугуп калабыз.

© Фото / Айтыш ФильмАктер Эржан Осмонов: актер болбосом, айылда улакчы болмокмун. Чын. Айылда жашап, ошол жактан эле бир кызга үйлөнүп, бир чоң унаам, анан кара атым болмок
Актер Эржан Осмонов  - Sputnik Кыргызстан
Актер Эржан Осмонов: актер болбосом, айылда улакчы болмокмун. Чын. Айылда жашап, ошол жактан эле бир кызга үйлөнүп, бир чоң унаам, анан кара атым болмок

— Соцтармакта активдүү элесизби?

— Дайыма эле колдоном. Бирок сүрөт салып "бул жактамын, тигил жактамын" дей бербейм. Башкалардын сүрөттөрүн көргөнгө эле машмын (күлүп). "Акшоола" тасмасына чейин 600 катталуучум болсо, азыр 5000ден ашып баратат.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Көп эле. Театр жаатында 1,5 сааттык моноспектаклде (жалгыз актер) ойносомбу деген ниетим бар. Керектүү материалдарды даярдап, режиссер менен сүйлөшүп койгонбуз. Жаңы жылдан кийин репетицияларды баштайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0