Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: чачыранды үй-бүлө психологиялык жактан жабыр тартат

© Sputnik / Асель АкматалиеваПедагогика илимдеринин кандидаты, ага окутуучу жана психолог Кадиян Бообекова
Педагогика илимдеринин кандидаты, ага окутуучу жана психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Педагогика илимдеринин кандидаты, ага окутуучу жана психолог Кадиян Бообекова коомдо чачыранды үй-бүлөлөрдүн саны өсүп жатканын айтты.
Бообекова: чачыранды үй-бүлө психологиялык жактан жабыр тартат

Чачыранды үй-бүлө мүчөлөрү психологиялык жактан жабыр тартат. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чачыранды үй-бүлөгө мигранттардын балдары мисал.

"Коомдо негизинен толук, жарым, жетимдешкен, ажырашкан, бөлүнгөн, бактысыз жана бактылуу үй-бүлөлөр бар. Эми булардын катарында чачыранды үй-бүлө деген жаңы түшүнүк пайда боло баштады. Алар белгилүү бир себептерден улам бөлүнүп, ата-энеси бир жакта, балдары башка жакта жашап жатат. Буга көбүнчө мигранттардын балдары мисал боло алат. Мындай үй-бүлө мүчөлөрү социалдашкан жетим үй-бүлө болуп эсептелет. Анткени алар башка бирөөнүн колунда тарбияланууда. Балдарда сагынуу сезими ата-энеси келбей койсо таарынууга өтүп, таарынуудан жек көрүү пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан алыста болгон ата-энелер балдарына телефондон болсо да жакшы сөз арнап койсо жакшы ийгилик алып келет. Ата-энеси баласы үчүн иштеп жүрсө да аны туура жана туура эмес түшүнгөн уул-кыздар бар", — деди психолог.

Ал атайын изилдөөлөрдө ата-энеси чет жакта иштеп жүргөндөрдүн балдары сабактары начарлап кеткенин жана таарынуу сезими жогору экени аныкталганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0