БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Назгүл Ташпаева КР президентинин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ташпаева 2009-жылы Эмгек жана социалдык коргоо министри болуп иштеген. Андан кийин 2012-2013-жылдары КР президентине караштуу башкаруу академиясында мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу кафедрасында сабак берген.
Акыркы жолу 2019-2030-жылдарга карата калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуучу эксперттик топто эмгектенген.