Ташпаева Назгүл Аскеровна — өмүр баяны

CC BY 2.0 / Epicantus / by Daria / epicantusЖенские очки. Архивное фото
Женские очки. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назгүл Ташпаева 1973-жылы 11-августта Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Билими:

1996 — Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган;

2009 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан билим алган;

Эмгек жолу:

1997 – 1998 — Кыргыз акушерлик жана педиатрия илимий-изилдөө институту, дарыгер;

1998 – 2003 — Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борбору, медициналык-социалдык жардам бөлүмүндө дарыгер, бөлүм башчы;

2003 – 2006 — КР президент администрациясынын аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгында эксперт;

07.2006 – 03.2007 — КР президент администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмү, экономикалык жана социалдык экспертиза секторунда эксперт;

03.2007 – 07.2007 — КР өкмөтүнүн аппаратынын социалдык өнүгүү жана маалымат башкармалыгында жетекчи;

07.2007 – 01.2009 — КР өкмөтүнүн аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы;

01.2009 – 10.2009 — КР эмгек жана социалдык коргоо министри;

2009 – 2010 — Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директору;

2010 – 2012 — Европа Союзунун бюджеттик колдоо сектордук саясат программасында эксперт;

2012 – 2013 — КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кафедрасында окутуучу;

07.2013 – 08.2013 — ПРООНдун бюджетти талдоо боюнча долбоорунда эксперт;

2013 – 2014 — ЮНИСЕФтин социалдык коргоо боюнча долбоорунда консультант;

2014 – 2015 — Социалдык коргоону өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү;

2015 — 2017 — 2018-2040- жылдарга Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун мүчөсү;

2017 – 2018 — 2019-2030-жылдарга карата калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун жетекчиси;

2018-жылдын 21-декабрынан КР президент аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы.

Сыйлыктары, наамдары:

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси наамы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0