Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мигрант энелер эми балдарын таштабай калабы?

© AFP / CHAIDEER MAHYUDDINНасилие над детьми в Индонезии
Насилие над детьми в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Күндү күлүп тосолу!

Сыртта суук. Ысык чай же кофе даярдап алыңыз дагы кечээки күндүн жаңылыктарын Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуп чыгыңыз. Кабардан артта калган — замандан артта калганга барабар эмеспи.

Анда эмесе, өткөн күндүн маанилүү маалыматтарын тизмектейбиз.

Өлкөдө коррупция менен күрөш катуу жүрүп жаткандай. Кечээ башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун төрагалыгы алдында Координациялык кеңешме өттү. Анда 2017-жыл менен  2018-жылдын 10 айында мамлекеттик сатып алуу жаатында 2930 мыйзам бузуу аныкталып, анын 125ине кылмыш иши козголгону айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмүндө иштеген кызмат адамдары ушул эле мамлекеттик сатып алууларда 613 мыйзам бузууга жол бергени аныкталган

Дарыгерлер демекчи, аталган кеңешмеде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сагынбек Исмаилов Саламаттык сактоо министрлигинин жүргүзүп жаткан айрым иштерин сынга алып, фармбарондор дарыгерлерди колго алып койгонун айткан.

Күнүң дарыгер менен милицияга түшпөсүн деген сөз чын эле. Кайсы дарыгерге барба, өзү бир келишим түзүп алган дарыкананын же фармкомпаниянын дары-дармегин жазып берет дагы алдына өзүнүн мөөрүн басып коет. Болгондо да кымбатын, күчтүүсүн жазат. Кээ бири акчасы жетпей, толук дарыланбай коюп жатышпайбы.

Баса, өткөндө транспорт жана жолдор министри Калилов кызматынан кетпеди беле. Координациялык кеңешмеде ал тууралуу да сөз болуптур. Көрсө, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Калиловго ал жетектеген тармакта коррупциялык көрүнүштөр бар экендигин буга чейин эскертиптир

Кыргызстандан чет өлкөгө агылган мигранттар толтура. Көбү балдарын ата-энесине таштаса, арасында дос же кошунасыныкына калтырып койгондор да бар экен. Бул боюнча азыр жаңы мыйзам долбоору иштелип жатыптыр. Эгерде жаңы эрежелер күчүнө кирсе, ата-эне чет өлкөгө кетээр алдында өзүнүн балдарын башка бирөөгө ишеним кат менен таштап кетиши зарыл болот. Ошондой эле ата-эне үч жашка чейинки баласын үч айдан ашык убакытка таштап кете албай калат экен

Жакшы кабар. Бишкекте шаардыктарды тез ташыган метробустар ишке кирерин мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Качан экенин шилтемеге кирип билип алыңыздар.

"Жер-Үйдөн" тартылган алгачкы сүрөттөрдү жана фотокапканга түшкөн жаныбарларды да көрүңүздөр

© Фото / Пресс-служба ГАООС и ЛХ Фотоловушки в природном парке "Хан Тенири" и заповеднике "Иссык-Куль"
Фотоловушки в природном парке Хан Тенири и заповеднике Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Фотоловушки в природном парке "Хан Тенири" и заповеднике "Иссык-Куль"

Сүрөт демекчи, кабарчылар биздин сыймыктуу кызыбыз, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун сандыктагы сүрөттөрүн "сууруп чыкты" 

© Фото / из личного архива Валентины ШевченкоКыргызстанский боец UFC, чемпион мира в наилегчайшем весе Валентина Шевченко
Кыргызстанский боец UFC, чемпион мира в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанский боец UFC, чемпион мира в наилегчайшем весе Валентина Шевченко

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.77 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Сасык тумоодон сак болгула!

Аманчылык каалап Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0