Булут байырлаган аймактагы алтын кен. "Жер-Үйдөн" тартылган алгачкы сүрөттөр

Жазылуу
Учурда Талас облусундагы "Жер-Үй" кенинде курулуш кызуу жүрүүдө. Бийик тоолуу аймакта учурда 400гө жакын куруучу, 140тай техника иштеп жатат. Өлкөдөгү эң ири өндүрүш жайларынын бири кантип салынып жаткандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөттөрүнөн көрүңүз.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Моло кени - Sputnik Кыргызстан
Аксыдагы талашка түшкөн "Ак-Моло" кени. Эки компаниянын чырын ким чечет
Деңиз деңгээлинен 3000-3800 метр бийиктиктеги ак кар баскан тоого учурда техниканын түрү барып, жумушчулар эмгектенүүдө. Ал кенди иштетүүгө "Восток-геолдобыча" ("Русская платина" мамлекеттик концерни) компаниясы 2015-жылы лицензия алган. Азыр ал жакта алтын иштетүүчү фабрика, жылуулук берүүчү имарат, күйүүчү-майлоочу заттарды жана калдыктарды сактоочу жайлар курулууда.

Көлөмү боюнча "Кумтөрдөн" кийинки орунда турган ири кенде алтын казуу иштерин 2019-жылы баштоо пландалууда. Алдын ала эсептөөлөр боюнча "Жер-Үйдө" 2,68 миллиондой унций алтын бар. Кенде бир тонна рудадан 26 граммга чейин алтын алууга мүмкүн болот. Долбоор ийгиликтүү өндүрүшкө кирсе, миңдеген жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болот.

Аталган кендин айланасында жаралган маселелердин күнгөй-тескейи менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас облусундагы "Жер-Үй" кени деңиз деңгээлинен 3750 метр бийиктикте жайгашкан
Разработка месторождения Джеруй в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
1/11
Талас облусундагы "Жер-Үй" кени деңиз деңгээлинен 3750 метр бийиктикте жайгашкан
© Sputnik / Табылды КадырбековАлтын кенинде азыр 400гө жакын куруучу, 140тай техника иштеп жатат
Разработка месторождения Джеруй в Таласской области / - Sputnik Кыргызстан
2/11
Алтын кенинде азыр 400гө жакын куруучу, 140тай техника иштеп жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековАлдын-ала болжолдоолор боюнча "Жер-Үйдө" 2,68 миллиондой унция алтындын кору бар
Разработка месторождения Джеруй в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
3/11
Алдын-ала болжолдоолор боюнча "Жер-Үйдө" 2,68 миллиондой унция алтындын кору бар
© Sputnik / Табылды КадырбековАталган кенди иштетүү үчүн лицензияны чет элдик инвесторлор 20 жылдык мөөнөткө алган
Разработка месторождения Джеруй в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
4/11
Аталган кенди иштетүү үчүн лицензияны чет элдик инвесторлор 20 жылдык мөөнөткө алган
© Sputnik / Табылды КадырбековКенди ишке киргизүү үчүн инвесторлор акыркы үч жылда 104 миллион доллардан ашык каражат сарптаган
Разработка месторождения Джеруй в Таласской области / - Sputnik Кыргызстан
5/11
Кенди ишке киргизүү үчүн инвесторлор акыркы үч жылда 104 миллион доллардан ашык каражат сарптаган
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жер-Үй" кенинде кыргыз өкмөтүнүн бир пайыз дагы үлүшү жок, 2015-жылы ал толугу менен чет элдиктерге 20 жылга берилген
Разработка месторождения Джеруй в Таласской области / - Sputnik Кыргызстан
6/11
"Жер-Үй" кенинде кыргыз өкмөтүнүн бир пайыз дагы үлүшү жок, 2015-жылы ал толугу менен чет элдиктерге 20 жылга берилген
© Sputnik / Табылды КадырбековКен өндүрүшкө кирсе, миңдеген жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болот
Разработка месторождения Джеруй в Таласской области / - Sputnik Кыргызстан
7/11
Кен өндүрүшкө кирсе, миңдеген жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болот
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жер-Үй" кенинде 2019-жылдан август айында алгачкы алтын чыгарыла баштайт
Разработка месторождения Джеруй в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
8/11
"Жер-Үй" кенинде 2019-жылдан август айында алгачкы алтын чыгарыла баштайт
© Sputnik / Табылды КадырбековАлтынды иштеткенден кийин чыккан калдыктарды сактоочу аянт
Разработка месторождения Джеруй в Таласской области / - Sputnik Кыргызстан
9/11
Алтынды иштеткенден кийин чыккан калдыктарды сактоочу аянт
© Sputnik / Табылды КадырбековУчурда кыргызстандык куруучулар түрдүү мүнөздөгү имараттарды куруу менен алек
Разработка месторождения Джеруй в Таласской области / - Sputnik Кыргызстан
10/11
Учурда кыргызстандык куруучулар түрдүү мүнөздөгү имараттарды куруу менен алек
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жер-Үй" кени жалпысынан 1300дөй гектар жерди ээлейт
Разработка месторождения Джеруй в Таласской области / - Sputnik Кыргызстан
11/11
"Жер-Үй" кени жалпысынан 1300дөй гектар жерди ээлейт
Жаңылыктар түрмөгү
0