БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Чаткал районунун Терек-Сай айылында атайын даярдыктагы отряддын үч аскерин сабады деп кармалган жергиликтүү тургундардын 13ү үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Ал эми облустук сот бул иш боюнча 16 адам айыпталганын маалымдады. 4-декабрь күнү Жалал-Абад шаардык соту Терек-Сай айылынын алты тургунун эки айга, онун бир айга тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.
"Айыпталуучулардын жактоочулары шаардык соттун чечимине макул болбой, облустук сотко даттануу жиберген. Мындан улам иш 17-декабрда кайра каралып, 13 жаран үй камагына чыгарылып, үчөө бир айга тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган кишилердин тарапташтары аларды бошотууну талап кылып митингге чыгышкан. Мындан сырткары, бийлик өкүлдөрүнө да кайрылууларды жиберген. Терексайлыктар менен кечээ, 17-декабрда, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да жолуккан.