БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Чаткалдын Терек-Сай айылында кармалган жергиликтүү 15 тургундун жакындары менен жолукту. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Жунушалиев иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймагын кыдырып жүрүп, аталган адамдар менен Жалал-Абад облустук милициянын имаратында жолуккан.
"Айыл өкмөт башчы менен туугандары кармалгандарга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүлөрүн суранып, алар жаштыгынан жана мыйзамды билбегендиктен ушундай кадамга барганын айтышты. Кармалгандардын арасында мурда инвесторлорду колдоп, ишкерлик менен алектенип, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзгөндөр дагы бар экендигин белгилешти", — деп айтылат маалыматта.
Аягында министр Жунушалиев бардыгы мыйзамдын негизинде каралууга тийиш экендигин айтып, баш коргоо чарасы сот тарабынан чечилээрин кошумчалаган. Ошондой эле Терек-Сай айылынын жашоочуларынын кайрылууларын мыйзамдын негизинде карап берүүгө убада берген.
Кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 234 ("Бейбаштык") жана 341-беренеси ("Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу") боюнча иш козголгон. 4-декабрь күнү Жалал-Абад шаардык соту Терек-Сай айылынын алты тургунун эки айга, тогузун бир айга тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.