Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди "Бишкек мэриясы калаадагы транспорт көйгөйүн кантип чечет?" аттуу тегерек столго чакырабыз.
Иш-чара 18-декабрда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
Тегерек столдун катышуучулары төмөнкү маселелерди талкууга алышат:
— маршруттук таксилерди шаардын тышына чыгаруу мүмкүнчүлүгү;
— шаардык метробустар менен мектеп автобустарын ишке киргизүү;
— электрондук билет системасын киргизүү;
— көп киши бата турган троллейбустар менен автобустарды сатып алуу.
Катышуучулар:
Шайырбек Исраилович БОПОНОВ — Бишкек ШИИБдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси;
Максим Валерьевич СИТНИКОВ — вице-мэр;
Хасанбек Исраилович АЛИМБЕКОВ — Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси;
Кубан Калыгулович ЖУСУПОВ — Бишкек мэриясынын транспорт бөлүмүнүн башчысы;
Артур Туратбекович ӨМҮРЗАКОВ — Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчиси:
Григорий Христофорович НИКОЛАИДИ — "Альянс бус" ташуучулар ассоциациясынын төрагасы;
Нурдин Анарбекович ЕСЕНБАЕВ — "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын өкүлү;
Нурлан Кеңешевич КОЙЧУБАКОВ — "Бишкек жүргүнчү автотранспорт" ишканасынын директору.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 46, (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.
Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.