БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. "Байлыкты мыйзамсыз топтоо" беренесин Раим Матраимовго да колдонсо болот. Ошондо ал мыйзамга көптөр ишенип калмак. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Twitter баракчасына жазды.
А ещё "незаконное обогащение" можно применить в отношении Раима. И вот тогда многие поверят.
— Дастан Бекешев (@bekeshev) 10 декабря 2018 г.
Ал эми Facebook баракчасына бул мыйзамдын качан кантип кабыл алынгандыгы туурасында жазган.
Анда ал 2012-жылы Данияр Тербишалиев экөө Токон Мамытов сунуштаган мыйзам долбоорго Кылмыш-жаза кодексине "Байлыкты мыйзамсыз топтоо" беренесин киргизүүнү сунуштаганын билдирген. Кийин ал мыйзам долбоор колдоо тапкан.
"Бул мыйзам элдин эсебинен байып, кымбат баалуу сааттарды тагынып, баасы үч бөлмөлүү батирге тең унааларды айдап, чартаңбай тебүүнү жактырган мамлекеттик кызматкерлерге эскертүү болот деп ойлогонбуз. Бирок иш жүзүндө аткарылбай, кагазда калып кеткен. Мына эми ал беренени иштетүү убагы келди деп чечишти окшойт. Демек шек жаралбашы үчүн бардык мурунку жетекчилерди текшерүү керек", — деди Бекешев.
Мындан улам эл өкүлү байлыгы көп делген Бажы кызматынын мурдагы орун басары Раим Матраимовдун кантип байыганын элге ачыктап берүү керектигин белгилейт.
Ал эми Раим Матраимовдун агасы Искендер Матраимов бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Эскерте кетсек, мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев байлыгын мыйзамсыз топтогон деген кине менен кармалган. Иш аткаминердин киреше тууралуу декларациясын текшергенден кийин козголгон. Ал соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган.