00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбор профессии и подготовка к поступлению. Когда следует начинать этот путь?
08:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Быйыл сугат суу тартыштыгы болбойбу? — жаңы тариф жана үнөмдүү сугаруу ыкмалары
09:03
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Наследники
Возвращались живыми, если стрелком был он: жизнь и подвиги полного кавалера Ордена Славы из Кыргызстана Абдыкасыма Карымшакова
10:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек шаарындагы эски лифттерди алмаштыруу иши кандай жүрүп жатат?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Опора на профессионалов: как в КР повышают культуру промышленной безопасности
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Акушерлик кызматтар жакшырды, бирок кадр жетишсиздиги көйгөй болууда — себеби эмнеде?
13:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кесарево жолу менен төрөөнүн кооптуулугу эмнеде?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Музеи снова в моде: что мы находим среди экспонатов
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ден соолукка зыян келтирбөө үчүн жуунганда кандай суу колдонуу керек?
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Сому-32 года: история главного экономического решения независимого Кыргызстана
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Немистердин согуштагы мыкаачылыгын өмүр боюу эскерген ардагер
19:06
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Зачем в Кыргызстане разделили Минобразования — и при чём тут экономика
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кесарево жолу менен төрөөнүн кооптуулугу эмнеде?
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Таксисттин "кылтагына" илинип калбайын десеңиз... Милициядан 7 кеңеш

© AFP / Sergio LIMAПроект по регулированию компаний по обмену поездками в Бразилиа
Проект по регулированию компаний по обмену поездками в Бразилиа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-ноябрда Instagram тармагына Honda Fit унаасынан кызды түшүрбөй ыйлатып жаткан таксист тууралуу видео жарыяланып, кийин милиция 49 жаштагы айдоочуну кармап, тергөө абагына эки айга камаган.

Такси кызматкерлерине байланыштуу мындай окуя биринчи жолу катталып жаткан жок. Жүргүнчүнү чаап жиберген, бычак такап акча талап кылган таксисттер да болгон. 

"Сактыкта кордук жок" дегендей, такси кызматкерлери менен мындай кырдаалдарга кабылып калбаш үчүн эмнелерди билиш керек? Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Карима Аманкулова айтып берди.

Бишкектеги такси кызматтары - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги такси кызматтарынын баасы, номерлери, WhatsApp жана тиркемелери
— Каттоодон өткөн, башкача айтканда, чакыртып, буюртма менен келген гана таксиге отуруңуз. Жолдон тосо калып же жол жээгинде токтоп турган таксиге ой келди түшө бербеш керек. Биринчиден — кооптуу, экинчиден — кокус унаада баалуу буюм — капчык же уюлдук телефонуң калып калса, ага эч ким жооп бербейт. Жеке таксилерге, айрыкча кечинде жана түн ичинде түшпөй эле койгон дурус.

— Унаада кайсы бир фирманын белгиси илинип турса, унаанын ошол фирмага таандык экенин далилдебейт. Кайдан билесиз, балким ал шашканы базардан сатып алгандыр. Анын үстүнө фирмалардын таксилери сөзсүз чакыртып анан келет. Ошондуктан сөзсүз диспетчерге чалып, 5-10 мүнөт күтсөңүз да каттоодон өткөн ишенимдүү таксиге отуруңуз.

— Чакырып, буюртма менен келген такси болсо да айдоочунун жүрүм-туруму, сырткы кебетесине көз салып коюңуз. Айрыкча караңгыда жалгыз болсоңуз. Эгер жүрүм-туруму сизге жакпай же анын туура эмес кадамдарын байкап калсаңыз, бара турган жериңизге жетпей эле эл көбүрөөк жана жарыгыраак жерден токтотуп коюуну сураныңыз.

— Кандай маселе жаралбасын, такси кызматкери менен урушуп-талашпоого аракет кылыңыз. Эгерде таксист сизге тийишип же коркутса, акырын эле таксинин диспетчерине арыз калтырып же 102 номерине милицияга чалышыңыз керек. Мындай учурга башка адамдарды (мисалы, туугандарды, байкесин, күйөөсүн) аралаштырбоого аракет кылыңыз. Кокус алар кызуу кандуулукка алдырып жиберсе, азабын өзүңүз эле тартып калышыңыз ыктымал.

— "Ала кетейин" деген айдоочудан да сак болуш керек. Арасында жакшысы, жаманы да болуп калышы мүмкүн. Андан көрө тынчыраак коомдук транспорт же такси чакыртып эле кеткен дурус.

Таксист в Москве Кайрат Тентимишев - Sputnik Кыргызстан
Москвада капчык ээсин 8 саат күткөн таксист: кыргыз элине көө жабуудан корктум
— Жанында шериги бар таксисттин унаасына отурбаңыз. Буюртма менен чакырган такси болсо да, кокус анын жанында башка адам болуп калса, ага түшүүдө баш тартыңыз. Жолдун ортосунан "таанышымды ала кетейин" деген айдоочунун сөзүнө да алданбаңыз. Негизи фирмалардын таксисттери антип жанына шерик албайт. Бирок айрымдары "жанымда адам бар эле, каршы эмессизби?" деп сурайт. Кандай болгон күндө да андай таксиден баш тарткан эле оң. 

— Аял киши таксинин арткы орундугуна отурганы жакшы. Кандайдыр бир туура эмес аракеттер болсо, эшикти ачып унаадан чыгып кете аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0