Такси жүргүнчүсүнө бычак такап акча талап кылгандар боюнча милиция иштеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак менен кол салып жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Бычак менен кол салып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучусу түндө таксиге түшүп, аз жерден өмүрү менен кош айтышып кала жаздаганын жазды

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Токтосун Деңиз түндө "Жорго" таксисине шашылыш түшүп, кийин ага кол салуу болгонун жазып чыкты.

Анын жазганына караганда таксист жолдон досторун да салып алууну суранганда, ал макулдугун берген. Машинанын артына үч киши отуруп, анын кайда иштерин сурап кызыгышкан. Бул маалда таксист машинаны башка тарапка айдап жөнөгөн.

"Артта отурган үч бала мени муунтуп, сабап киришти. Таксист Воронцовканы көздөй катуу бара жаткан. 20 мүнөттөй жүрдүк. Күмбөздөргө жакын жерге келип токтоп, кекиртегиме бычак такап, 50 миң сом акча талап кылышты. Эки телефонумду тартып алышып, ал жактагы бардык нерселерди карашты. Катуу сабашты", — деп жазды Деңиз.

Такси в Гамбии - Sputnik Кыргызстан
Аймактарга каттаган "шумахер" таксисттерди лицензия системасы тизгиндейби...
Досунан акча алып берүү үчүн келе жатканда жолдо турган кайгуул милициясы аны куткарып калган. Колдонуучу кол салгандар кармалып, Ленин райондук милиция бөлүмүнүн бирине алып келингенин, кийин алар коё берилгенин жини келип маалымдады.

Шаардык милициянын маалымат кызматы аталган окуя боюнча толук маалымат берилет деп ишендиришти.

"Жорго" такси боюнча факт Ленин райондук ИИБине каттоого алынды. Аталган жаран таксистке карата чара көрүү боюнча арыз жазган. Айдоочу кармалып, көрсөтмө берип, учурда сот-медицниалык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Кол салуу, коркутуп акча талап кылуу болуп-болбогону териштирилүүдө", — деп ШИИБден маалымдашты.

Sputnik агенттиги "Жорго" компаниясынын кеңсесине кайрылганда алар бул факты боюнча түшүндүрмө берүү тууралуу жетекчилик менен байланышарын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0