00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бурят кызга үйлөнүп... Арсен эмес, Асанбек Өмүралиев тууралуу 6 факты

Жазылуу
Узаган жумада белгилүү театр жана кино актеру Арсен (Асанбек) Өмүралиевди эскерүү кечеси өттү. Ал көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак, бирок жүрөк оорусу 70 гана жаштын даамын таттырды.

Өнөрпоздун чыгармачылык жолу, үй-бүлөсү жана эмне себептен Арсен деп аталып калганы тууралуу кызыктуу фактылар актердун жубайы жана кызы менен биргеликте даярдалды.

Шамал урган Балыкчынын кулуну

Асанбек Өмүралиев 1933-жылы 7-декабрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Өзүнүн эскерүүсүндө кыштын ызгаарында жарыкка келген. Энеси отун тергени баратып, орто жолдон суусу кетип бадалдын арасына көз жарып койгон. Агезде шамал катуу уруп турчу. Кийин өзү "шамал жашоомдо чыдамкай болууга үйрөттү жана ар дайым коштоп жүргөндөй сезиле берчү" деп айткан.

11 жашында үйүнөн качып чыгып Караколдогу Кол өнөрчүлөр окуу жайына тапшырат. Бир аз темир уста болуп иштегенден кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищесинин хор дирижерлук бөлүмүнө окуйт. Спорт менен алектенип, Москвадагы Спартакиага туу көтөрүп барган. 

© Фото / сайт БГДТ им. А. УмуралиеваАрсен Өмүралиев 11 жашында үйүнөн качып чыгып Караколдогу Кол өнөрчүлөр окуу жайына тапшырган. Бир аз темир уста болуп иштегенден кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищесинин хор дирижерлук бөлүмүнө кирет.
Народный артист КР Асанбек Умуралиев  - Sputnik Кыргызстан
Арсен Өмүралиев 11 жашында үйүнөн качып чыгып Караколдогу Кол өнөрчүлөр окуу жайына тапшырган. Бир аз темир уста болуп иштегенден кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищесинин хор дирижерлук бөлүмүнө кирет.

Ысмайылдын ролуна кирүү үчүн окуяга болгон жерге барган

Каскадер Усен Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
Кылмышкерлерге каршы чыгып... Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 6 факты
Ал 1954-1957-жылдары Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театр институтунда окуган. Билим гана албастан орус тилин да өздөштүрүп келген.

"Менин театрга кызыгуума апам себепкер, ал чыгармачылык тууралуу көп айтып берчү. Студент кезде окуудан чыгып дароо театрга жөнөп, кандай гана спектакль болбосун көрүп калганга ашыгат элек. Биздей жаштарга түрдүү тагдырлар менен окуялар ачыла берди. Көп окуп жаркын келечекке умтулганыбыз да ошондон болду", — деген Өмүралиев.

Чыгармачылыктын алгачкы жылдары актер үчүн чыныгы сыноо болгон. "Чыңгыз Айтматовдун "Бетме-бет" чыгармасындагы Ысмайылдын ролун эч окшоштура албай койдум. Өнөктөш кыз менен түнгө чейин калдык. Эмнегедир Ысмайылга жан дүйнөм кире албай койду. Өзүмө сансыз суроолорду берип жооп таба албадым. Көп өтпөй биздин театр гастролго чыгып, кокусунан повестте сүрөттөлгөн жерлерге туш болдук. Мен ошондо Ысмайыл жашынган жерлерди издеп таптым. Анын тагдырын сезгендей болдум" деген. 

© Фото / сайт БГДТ им. А. УмуралиеваӨмүралиев: студент кезде окуудан чыгып дароо театрга жөнөп, кандай гана спектакль болбосун көрүп калганга ашыгат элек. Биздей жаштарга түрдүү тагдырлар менен окуялар ачыла берди.
Народный артист КР Асанбек Умуралиев  - Sputnik Кыргызстан
Өмүралиев: студент кезде окуудан чыгып дароо театрга жөнөп, кандай гана спектакль болбосун көрүп калганга ашыгат элек. Биздей жаштарга түрдүү тагдырлар менен окуялар ачыла берди.

Кино менен театрдагы ролу, Арсен аталышы

Неизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
Елизавета IIни таң калтырган Муратбек Рыскулов тууралуу 5 факты
Актер 40 жылдык карьерасында 100дөн ашык роль жараткан. Спектаклде Ысмйылдын ролунан сырткары Шекспирдин "Король лиринде" Эдмунтту, "Ромео менен Жульеттада" Тибальтты, Грибоедовдун "Акылдан азабында" Чацкийди, Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" чыгармасында Нурдинди, "Жыгылган оогонго күлөт" драмасында Атабаевди, "Ак боз атта" Дадыйды келиштире ойногон.

Мындан тышкары, "Муз жүрөк жөнүндө баян" (Мээркан), "Алыскы тоолордо" (Назаркул), "Артыбызда Москва" (Бауржан), "Тянь-Шянь кызы" (Муса), "Көчүп жүргөн фронт" (Хатан Батог Максаржав), "Улан" (Нуртай), "Кырк биринчи" (Ыманкул), "Ашуу" (Садык) жана башка тасмаларга тартылган.

Жаш кезинде "Арсен" аттуу тасма чыгат. Асанбек ал каарманга кулк-мүнөзү менен окшош болгондуктан айланадагылары Арсен деп атап, ошол ысым боюнча таанылып калган. 

© Фото / сайт БГДТ им. А. УмуралиеваАрсен Өмүралиев театрда да, кинодо да бир топ ролдорду ийине жеткире аткарган
Народный артист КР Асанбек Умуралиев - Sputnik Кыргызстан
Арсен Өмүралиев театрда да, кинодо да бир топ ролдорду ийине жеткире аткарган

Бишкек шаардык театрын негиздеген

Актер Арсен Өмүралиев чыгармачылык жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында баштаган. 1993-жылы театр сынчысы Цыцыгма Умуралиева менен чогуу Бишкек шаардык драма театрын негиздеген. Өнөрпоздун жетекчилиги алдында бир нече көрүнүктүү спектаклдер коюлуп, артисттер дембе-дем гастролго чыгып турган. Ал ошондой эле драмалык, фольклордук "Саамал" жана джаз-инструменталдык "Аура" ансамблин башкарган. Каза тапканда театрга аты берилген. 

© Фото / сайт БГДТ им. А. Умуралиева1993-жылы театр сынчысы Цыцыгма Умуралиева менен чогуу Бишкек шаардык драма театрын негиздеген. Өнөрпоздун жетекчилиги алдында бир нече көрүнүктүү спектаклдер коюлуп, артисттер дембе-дем гастролго чыгып турган. Фольклордук "Саамал" жана жаз-инструменталдык "Аура" ансамблин башкарган.
Народный артист КР Асанбек Умуралиев - Sputnik Кыргызстан
1993-жылы театр сынчысы Цыцыгма Умуралиева менен чогуу Бишкек шаардык драма театрын негиздеген. Өнөрпоздун жетекчилиги алдында бир нече көрүнүктүү спектаклдер коюлуп, артисттер дембе-дем гастролго чыгып турган. Фольклордук "Саамал" жана жаз-инструменталдык "Аура" ансамблин башкарган.

Бурят кызга үйлөнгөн

Арсен Өмүралиев өмүрлүк жолдошу Айгүл менен "Последний угон" тасмасына тартылуу үчүн кастингге барганда Свердлов киностудиясында таанышкан. Жубайы бурят кызы. Эки кыздуу болушкан. Улуусу Ааламгүл жаштар театрынын координатору болсо, кичүүсү Оюна — эл аралык мамилелер боюнча адис. Айгүл Өмүралиева — учурда театрдын көркөм жетекчиси. Артист, маданиятка эмгек сиңирген ишмер. 

© Фото / сайт БГДТ им. А. УмуралиеваАрсен Өмүралиев өмүрлүк жолдошу Айгүл менен "Последний угон" тасмасына тартылуу үчүн кастингге барганда Свердлов киностудиясына барганда таанышкан. Жубайы бурят кызы. Эки кыздуу болушкан.
Народный артист КР Асанбек Умуралиев - Sputnik Кыргызстан
Арсен Өмүралиев өмүрлүк жолдошу Айгүл менен "Последний угон" тасмасына тартылуу үчүн кастингге барганда Свердлов киностудиясына барганда таанышкан. Жубайы бурят кызы. Эки кыздуу болушкан.

Шум ажал

Ырчы Таалай Бектурганов. Архив - Sputnik Кыргызстан
9 күн комада жатып үч күндө араң табылган... Таалай Бектурганов тууралуу 7 факты
2003-жылы 9-декабрда Москва шаарында операция учурунда каза тапкан. Стенокардия (жүрөк оорусунун бир түрү — ред.) менен жабыркаган. Ошол эле жылы өзү түптөгөн Жаштар театрына ысымы ыйгарылган.

"Мен тагдырыма жана шамалга ыраазымын. Адамдын жашоодогу эң чоң жетишкендиги — өзүн табуу. Мүмкүнчүлүктөрүңдү билип андан ары өркүндөтүү" деген мурунку маектеринде.

Өнөрпоздун эмгеги бааланып, учурунда Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген (1964) жана эл артисти наамы (1977) ыйгарылган. III дарадажагы "Манас" ордени менен Чыңгыз Айматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0