Айтылуу талант 27 жылдык өмүрүндө мезгил менен жарыша иштеп, узакка жашай турган чыгармаларды жаратып кетти. Анын "Назира", "Эмне мынча сүйөм сени", "Издей берем" сыяктуу бир топ ырлары азыркыга чейин актуалдуулугун жоготпой ырдалып жүрөт. Тилекке каршы, улуу таланттын артында туяк калбай, сүйүүсү да, өлүмү да табышмак болуп калды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Таалай Бектурганов тууралуу 7 факты сунуштайт. Ага улуу эжеси Бүажар Камчыбекова жана жакын досу Өмүрзак Кайыпов жардам берди.
11 бир туугандын арасында чоңойгон
Таалай Бектурганов 1968-жылы 19-июнда Жалал-Абаддын Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылында жарыкка келген. 11 бир туугандын сегизинчиси болуп төрөлүп, жети уул, төрт кыздын арасында чоңойгон. Атасы мал чарбада санитар, мал доктурдун жардамчысы болуп иштеген. Апасы баатыр эне, үй тиричилиги менен гана алектенген.
Бектурганов мектепте маданий иш-чараларга активдүү катышчу. Райондук конкурстарга да барып турган. Атасы комузчу болгондуктан ал да комуз черткенди үйрөнгөн. "Таалайдын чыгармалары чыккан сайын аябай кубанып күтчүбүз. Чал-кемпирдин баласы өз таланты менен эл оозуна алынды деп үй-бүлөбүз менен сыймыктанаар элек. Атам "бизден ушул уулум чыгат" деп ишеним артып отурчу",- деп эскерет эжеси.
Бишкекке сапар, чоң сахнаган таштаган кадам
Айылда мектепти бүткөндөн кийин аскердик кызматын өтөгөн. Андан келгенден кийин Бишкекке сапар алып, эки жылдай иштеп жүргөн. Ошол учурда устаты Нурлан Тиллебаев менен таанышып, гитара чертүүнү үйрөнгөн. 1992-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор факультетине тапшырган. Ал үйлөмө аспаптар багытында окуп, чогойно чоор, чопо чоор жана сыбызгыны үйрөнгөн. Бирок гитарасын эч качан калтырбай көтөрүп жүрчү. Ата-энеси пенсия курагында жана көп бир тууган болгондуктан студент кезинде ар жакта иштеп өзүнүн жанын өзү бакчу дешет.
Ашыктыктан жаралган "Назира" ыры
Таалай Бектурганов Назира аттуу кызга ашык болуп, жан дүйнөсү менен сүйгөн. Ал жакшы бир окуу жайда билим алган, нарктуу-насилдүү үй-бүлөдөн чыккан тарбиялуу, өтө мыкты кыз болчу. "Назира" ырын анын артынан чуркап жүргөн маалда чыгарган. Сөзүн да, обонун да өзү жазган. Кийин экөө мамиле түзүп, көпкө чейин сүйлөшүп жүрүшкөн. "Достор менен отурганда Назиранын көзүнчө ырдоодон айбыгып турчу. Болбой эле биз ордунан тургузуп, өзүбүз кошулуп ырдайт элек",- деп айтат досу. Бирок жаштар эки ача жолго түшүп калышкан.
Ал эми эжеси Бүажар Камчыбекова:"Назира өзүбүздүн коңшулаш айылдан эле. Ата-энесин деле тааныйбыз, дарыгер болуп иштешчү. Кыз көңүлдөнүп эле жүрчү экен. Бирок ата-энеси каршы болуп бербей коюптур",- деп түшүндүрдү. Андан кийин Жылдыз деген кыз менен мамиле курган. Бирок тагдыр экен, талант экөө менен тең бир боло албады.
Жөнөкөйлүгү көбүн таң калтырчу
Таалайдын адамгерчилик сапаты да башкача эле. Ушунчалык жөнөкөй, тамашакөй, кичи пейил, чыгармачылыкка өтө тыкан, дилгир болчу. Ата-энеси улгайып калгандыктан өз киндигин өзү кесип, жоктон бар кылганды билген. Адамдар менен бат тил табышып, алакага кыйын эле. Орус тилин жакшы билбесе да оруспу, татарбы деп карабай бат аралышып кетчү экен. "Бир жолу менин туулган күнүмө классташтарым келип калды. Анан Таалай ордунан тура калып тамак жасап, тапканын коюп, чай куюп берип коноктогондо өзүм да таң калгам. Ал кезде Таалай Бектурганов деген ысым элге таанылып, атагы таш жарып турган. Классташтарым ага чай куйгузмак турсун, ырын угуп кете алабызбы деп келишкен",- дейт Кайыпов.
Коомчулук билбеген өнөрү
Ал комузда, үйлөмө аспаптардан сыбызгы, чопо чоор, чогойно чоордо жакшы ойноп калган. Бирок бул өнөрү менен сахнага чыга элек болчу. Куудулдук жагы да бар эле. Спорт жагынан да жетишкендиктери көп, ушу саньда менен машыгып, спорт чеберлигине талапкер болгон. Алматыдагы эл аралык мелдеште экинчи орунду алган. Өзбекстан, Россияга чейин да барып, өлкөдөгү турнирлерге катышып турган. Мындан сырткары, волейболду жакшы ойногон. Сууда мыкты сүзгөн, Чаткал дарыясынын аркы өйүз, берки өйүзүнө чейин сүзүп өтчү деп эскерет классташтары.
Акыркы концерт, акыркы сапар
Тынымсыз иштеп, обондорду тез-тез чыгарып турду. Элдин колдоосу ага стимул болуп, казынасын тынбай каза берген. Россияда жүргөндө да бир топ обондорду чыгарып жүргөн экен. Тилекке каршы, анысы эч жерге жазылбай өзү менен кошо кетип калды дешет. 1995-жылы Бишкекте тушоо кесүү концертин берген. Эки күн бою зал толо эл келип, аншлаг менен өткөн.
Ал эми эжесинин айтымында, экинчи сүйүүсү Жылдызга үйлөнөм деп турганда Таалайдын бир тууган агасы киши өлүмүнө шектелип жалган жалаа менен камалып кетет. "Агам түрмөдө отурса, мен кантип үйлөнөм?" деп ал кызы менен Россияга барат. Экөө базарда кийим-кече сатып иштеген.
Поезддеги каргаша
Таалай Бектурганов Россияга кеткенине эки-үч ай эле болгон. Товар алып келе жатып поездде милиция менен жаңжалдаша кеткенде "маселени чече турган жигиттерди чакырып кел" деп досторун жөнөткөн. Алар келсе Таалай жок болуп чыккан, тарап кетишкен турбайбы деп ойлоп алар кетип калышат. Бирок ал күнү үйгө келбей, достору издөөгө алат. Акыры үч сутка өткөндө белгисиз киши комада жатат деп угуп барышса, Таалай болуп чыккан. Көрсө аны вагондон түртүп жибергенде жерге кара кушу менен тийип калган экен. 7-ноябрдан 16сына чейин комада жатып үзүлгөн. Каражаттын жоктугунан сурак-тергөө иштери жүрбөй калган. Ошол бойдон кылмышкер табылган эмес. Сөөгүн поезд менен алып келишип, кичи мекени Жаңы-Базар айылына коюшкан. Көп өтпөй уулунун артынан ата-энеси да дүйнө салган.
Каза болгондон кийин өзү туулган Жаңы-Базар айылындагы маданият үйүнө Таалай Бектургановдун ысымы ыйгарылган. Ал эми былтыр Чаткал районундагы көчөлөрдүн бирине да аты берилди.