БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргыз улуттук академиялык драма театры декабрдагы репертуарын жарыялады.
Бул айда жалпы театр сүйүүчүлөрүнө 6 спектакль көрсөтүлүп, анын үчөө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлмакчы.
11-12-декабрь — "Кылым карытар бир күн", Чыңгыз Айтматов;
13-декабрь — "Саманчынын жолу", Чыңгыз Айтматов;
14-декабрь — "Чыңгызхандын ак булут", Чыңгыз Айтматов;
18-декабрь — "Бакбергендин балпайган бактысы", Флорид Буляков
19-декабрь — "Көздөн учкан Ата Журт", Бексултан Жакиев;
20-декабрь — "Абийир кечирбейт", Токтоболот Абдумомунов.
Спектаклдердин баары саат 18.00дө башталат.