"Кыргызстан пенсионерлер өлкөсүнө айланып баратат" деген эл өкүлү экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев менен биргеликте Sputnik Кыргызстан радиосунун түз эфиринде өлкөдөгү пенсия системасын талкуулашты.
— Таабалды Гапырович, 15-ноябрда сиз күч түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлердин пенсиясын же айлыгын кыскартыш керек деп айтып чыктыңыз. Өз кезегинде бул калк арасында кызуу талкууну жаратты. Мындай сунуш менен эмнени айткыңыз келди?
Таабалды Тиллаев: — Менин сунушум укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин пенсиясы тууралуу болгон эле. Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда сөз сүйлөөгө чектелүү гана убакыт берилгендиктен, оюмду толук айтууга жетишпей калдым. Өлкөдө жылдан-жылга пенсияга чыккандардын саны өсүп, бюджетке оорчулук жаратууда. Тез арада реформа жасабасак, мамлекеттин бюджетинин тагдыры татаал болору анык.
Ал эми реформаны күч түзүмдөрүнөн башташ керек дегеним, алар 30-40 жашында эле пенсияга чыгып калып жатышат. Андан кийин иштөөгө же жеке ишкерлик менен алектенүүгө мыйзам жол бербейт. Башкача айтканда, биз тажрыйбасы бышып, жетилип, күчкө толуп турган кыз-жигиттерди пенсияга чыгаруу менен көчөдө калтырып жатабыз. Күч түзүмдөрү дегеним ИИМ, ӨКМ, УКМК кызматкерлери, прокуратура, Бажы кызматы, Финансы полициясы, соттор, мындан сырткары, атайын байланыш кызматкерлери да ушул категорияга кирет. Булар бардык социалдык төлөмдөрдөн бошотулган. Пенсияга чыкканда Финансы министрлиги аркылуу түздөн-түз өлкө бюджетинен алышат. Учурда Кыргызстанда 80 миң кызматкер болсо, анын 57 миңин, башкача айтканда, 60 пайызын пенсионерлер түзөт. Ал эми алардын 90 пайызы мамлекеттик кызматта иштеген пенсионерлер.
Сунушка аскер кызматкерлери өздөрү да макул болуп жатышат. 50-60ка чейин иштеген бизге деле туура болот деп айтышууда. Баласы мектепке барып, тууган-урук менен катыш күтүп баштаган учурунда иши жок пенсионер болуп көчөдө калууну алар да каалашпайт. Ошондуктан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине пенсия курагына жеткенде алдына тандоо коюу керек. Кааласа пенсиясын алып эс алууга кетсин, каалабаса пенсиядан баш тартып, кызматын улантсын. Анткени Башмыйзамда "ар бир жаран 65 жашка чейин иштегенге укуктуу" деп так жазылып калган.
— Айылчы Сарыбаевич, экономист катары айтсаңыз, депутаттын берген сунушу канчалык деңгээлде реалдуу? Ишке ашырса болобу, ал үчүн канча убакыт талап кылынат?
Айылчы Сарыбаев: — Таабалды Гапырович аарынын уюгуна тийгендей эле маселени көтөрүп чыкты. Көйгөй бар, маселе туура, өз учурунда айтылып жатат. Бирок аны чечүү жолдору бир топ чиеленишкен. Себеби СССРдин пенсиялык системасы менен базар экономикасындагы шарт бири-бирине таптакыр дал келбейт. Учурдагы пенсиялык система чала иштелген мыйзамдардын негизинде иштелип, Эмгек кодексиндеги карама-каршылыктар да ушул көйгөйдү шарттоодо. 40 жылдан бери мамлекеттик бюджет, пенсия, пособия системаларын иликтеп жүргөн адис катары айтарым — тез арада бул маселени жолго коюу керек. Казакстан менен Россияны мисалга ала турган болсок, алардын пенсиялык топтомо фондусунда чогулган каражат өлкөнүн бюджетинен көп. Кыргызстанда болсо эл топтомо системаны жакшы түшүнбөй жатат. Парламент, президент, өкмөт деле же укпай калабы, же түшүнбөйбү, билбейм, аталган система боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, жайылтууга, колго алууга көңүлкош мамиле жасап келет. Топтомо системага өткөрөбүз деп коюп, ошол эле күч органдары мамлекеттик бюджеттен, башкача айтканда, эски система менен пенсия алып жатышы, албетте, теңсиздикти жаратат. Алар ошол эле мугалимдер, врачтар жана башка кесип ээлеринин эсебинен пенсия алып жатышпайбы.
Өлкө ичинде эле көмүскө экономика аркылуу иш жүргүзүп жаткандар канча. Статистика боюнча ишкерлердин 60 пайыздайы көмүскө экономика аркылуу бизнес жасайт деп айтылат, бирок бул көрсөткүч иш жүзүндө 70-80 пайызга жетет. Мунун бардыгы теңсиздик көйгөйүн жаратууда. Бул маселени кыска убакытта эле чече коюу мүмкүн эмес. Туура, Эмгек кодексинде мүчүлүштүктөр бар. Коюлган маселе да убагында туура көтөрүлүүдө. Бирок 30-40 жаштагы милицияны "сен пенсияга чыктың, иштебе, иштесең пенсияңды алба" деген реформа болбойт. Көйгөйдү башкача жол менен чечүү керек.
— Эми маселени чечүү жолдору кандай болмокчу? Сунушту берген соң анын жообу да өзүңүздө бар болсо керек?
Т. Т.: — Маселе учурда өкмөткө тапшырылды. Албетте, менин өзүмдүн да ойлорум, каалоолорум бар. Алар да кези келгенде айтылат. Башкысы көмүлүп жаткан көйгөй көтөрүлдү, талкуу башталды. Мындан ары коомчулук да маселени жолдо калтырбайт деп ишенем. Айта кетчү жагдай, пенсиялык реформа азыр эле жүрүп кетпейт. Бул келечектин иши. Учурдагы пенсионерлер коркпой эле койсун, алар мындай өзгөрүүлөргө дуушар болбойт. Алдыда, ошол эле соттор, милиционерлер, дарыгерлер, мугалимдер менен жолугабыз. Жаралган көйгөйдү кандай чечсек болот деп алардын да ой-пикирлерин угабыз.
Жогоруда Айылчы Сарыбаевич пенсиянын топтомо фондуна салык төгүүдөгү кайдыгерлик боюнча айтып кетти. Бул да аталган системадагы чоң көйгөйлөрдүн бири. Айлык алып иштеп жаткан кыргызстандыктардын 40-60 пайызы топтомо пенсиялык системага ишенбейт, акча которбойт экен. Андан көрө бүгүн көбүрөөк маяна алайын деген позиция өкүм сүрөт. Чынында биз бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, пенсиялык топтомо системасын күчөтүшүбүз керек. Ал үчүн алгач айлыктарды теңдеш керек болот. Мунун баары Эмгек кодексиндеги мүчүлүштүктөрдү оңдоону талап кылат.
А.С.: — Бул жааттан алып караганда калк мамлекетти саан уй сыяктуу караган психология менен күрөшүш керек. Бизде Советтер Союзунан калган "мамлекет мага муну, тигини жасап бериши керек" деген түшүнүк жашайт. Ушул убакка чейин кимдир бирөө "мамлекетке салык төлөйүн десем, албай жатат" деп тиешелүү органдарды сотко бергенин уктуңуз беле? Жок. Базар экономикасында өлкө жарандарына эч нерсе берүүгө милдеттүү эмес. Ошол эле убакта төлөнгөн салык да элдин өзүнө жумшалууга тийиш. Учурдагы Кыргызстанда андай болбой эле ар ким өз көмөчүнө күл тартып жатпайбы.
— Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тууралуу сөз болгондо эл аралык кандайдыр бир келишимдерге карама-каршы келбейт бекен? Мисалы, соттордун көз карандысыздыгын коргоо конвенциясы деген бар, ага Кыргызстан мүчө эмеспи.
Т.Т.: — Жок, каршы келбейт, анткени биз иретке келтирүү, теңдештирүү, ошол эле мамлекеттик кызматкерлердин өзүнө ыңгайлаштыруу жолдорун сунуштап жатабыз. Айлыкты теңдөө — эмгек акысы аз кызматкерлердин маянасын көтөрүү дегенди түшүндүрөт. Ошол эле учурда, мисалы, соттор көп маяна алат деп кыскартып койбойбуз. Күч түзүмдөрүнүн эмгек акысы өзгөрбөйт. Алар мыйзам негизинде, өз жолу менен көбөйгөндө көбөйүп кете берет. Ал эми пенсия курагы узартылат. Социалдык фондго башка кызматкерлердей эле салык төлөөгө милдеттендирилет. Бул нерсе соттордун көз карандысыздыгын чектебейт да.
А. С.: — Маселенин экинчи жагын да алып карасак. Соттор мамлекет берген каражаттарды актап жатабы? Коррупцияга жол бербей, ак иштешүүдөбү? Соттор биринчи кезекте финансылык жактан көз карандысыз болсун, акыйкат иштесин деп мамлекет жогорку айлык, пенсия төлөп берип жатат. Бирок, тилекке каршы, коррупция гүлдөп өнүгүп жатпайбы. Сотторго болгон элдин ишеними төмөн. Өз укугун айтаардан мурда ар бир жаран милдетин да унутпаш керек экендигин бул кесиптин ээлери эң сонун билишет да.
— Сиз сунуштап жаткан реформа өлкөдөгү коррупциянын ооздукталышына кандайдыр бир таасирин тийгизеби?
Т. Т.: — Албетте, оң таасирин тийгизет. Бул маселени көтөрүп чыккандан кийин көп нерсени ачык айтууга туура келип жатат, айтайын. Бажы, салык кызматы, прокуратура, күч түзүмдөрү, ошол эле судьялык кызмат орундары "майлуу" кызматтар деп саналат. Керек болсо акчасын көтөрүп алып мага чейин келишет, "тиги жумушка орношоюн дедим эле, бул кызматка сүйлөшүп бере аласызбы" деп. Сунуштаган каражаты да аз эмес. Бажы, прокуратура кызматтарында "ушул жерге ишке кирсем, айлык албай деле иштей берет элем" дегендер бар. Керек болсо жөнөкөй эле участкалык милиционер болуш үчүн да акча аркылуу кызматка келип калышты. Себеби эмнеде? Анткени башка кызматтарга салыштырмалуу маянасы жакшы, эч кандай салык төлөшпөйт, эрте пенсияга чыгат жана алган пенсиясы жогору. Мына ушул нерселер калыпка салынса, бул тармактагы коррупция да жоюлат.
А. С.: — Муну жоюунун эң кыска жана туура жолу бирөө эле. Ал Социалдык фондго ар бир жаран өз пенсиясына каражат топтошу керек. Пенсиянын топтомо системасынын маанилүүлүгүн калк арасына кенен жайылтып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү мамлекет кыска убакыттын ичинде колго алышы зарыл. Ошондо сен 50гө чыктың, сен 100гө чыктың, эрте пенсияга чыгып жатат, кеч чыгып жатат, көп алууда, аз алууда деген маселер өзүнөн-өзү жок болот. Ар бир жаран өзү топтогон каражатын белгилүү өлчөмгө жеткенде пенсия кылып алат. Жашоо минимумуна жетпеген жарандардыкына мамлекет кошумча төлөйт. Ал эми иш жүзүндө мамлекетке эмгеги сиңген, өмүрүн тобокелге салып иштеген кызматкерлерди бир категорияга бөлүп, бюджет тарабынан сый акча иретинде кошулуп төлөнүшү зарыл. Ушундай системага өтүү менен гана жаралган көйгөйдү чече алабыз. Ал эми айлыгыңдан же пенсияңдан баш тарт деген менен маселе өзгөрбөйт.