БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Сейсмология институтунун маалымдашынча бүгүн, 30-октябрда, эртең мененки саат 8:22де кыргыз-кытай чек арасында күчү 6 баллга жеткен жер титиреген. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, силкинүү Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 3 балл болуп сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Буга чейин Нарында дагы жер титиреген.