Кыргызстан менен Казакстанды багындырган пилот Улукбек Италияга чакыруу алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКартинг боюнча Кыргызстандын 8 жолку чемпиону Улукбек Байзаков
Картинг боюнча Кыргызстандын 8 жолку чемпиону Улукбек Байзаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15 жаштагы Улукбек Байзаков өлкөдөгү автоспортчулардын сап башында турат. Ал картинг боюнча Кыргызстандын 8 жолку чемпиону болуп жана Казакстандагы эл аралык мелдештерде бир нече кубокторду уткан.

Жаш спортчунун атасы Бакыт Байзаков ал багындырган ийгиликтерге өлкөнүн эгемен тарыхында эч ким жетпегинин айтып берди. Мунун арты менен улан Италиядагы Автоспорт академиясында окууга чакыруу алды.

Улукбекти бир көргөндө чаң ызгыта машина айдайт деп ойлобойсуң. Анткени ал аз сүйлөгөн, оор басырыктуу, токтоо жигит экен. Келечектен чоң үмүт арттырган пилоттун менен маектештик.

— Картинг спортуна кызыгууң эмнеден улам башталды?

— Картинг унаасына биринчи жолу жети жашымда отургам. Автоспортко келип калышыма атам түрткү болгон. Өзү да жаш кезинде картинг, мотокросс менен машыкчу экен. Ошондуктан чемпионаттарга калтырбай барып турчу. Бир жолу мени Кыргызстандын чемпионатына алып барып, "картинг айдайсыңбы?" деп сураган. Дароо эле макул болгом. Андан соң атам бир досунун үйүндө турган эски картингин сурап келип оңдоп берген. Кийинчерээк командага кошулуп машыга баштадым.

© Фото / Игорь МельниковУлукбек Байзаков Россиянын ТОП-20 автоспортчусунун катарында турат
Чемпионат России по картингу - Sputnik Кыргызстан
Улукбек Байзаков Россиянын ТОП-20 автоспортчусунун катарында турат

— Автоспортто жүргөн сегиз жылыңызда кандай турнирлерге катыштыңыз?

— Кыргызстандын чемпионатына алгачкы ирет чыкканда эле биринчи орунду алгам. Андан соң Алматыдагы Казакстандын чемпионатына барганбыз. Анда биздин картинг СССР убагында чыккан эски машина болгондуктан эл аралык таптарга туура келбейт, катыштырбайбыз дешкен. Сүйлөшүп жатып акыры макулдугун алганбыз. Бирок тоскоолдук кылбасын деп машиналардын эң аягына коюп койгон. Ага карабай берки унааларды аралап өтүп, алдыга чыкканмын. Экинчи этабында дагы артына койюп, анда да ылдамдык менен катуу жүрүп, экинчи орунду алгам. Ошондо Казакстандык машыктыруучулар таң калып, кызыгуусу жаралып өздөрүнүн клубуна чакыра баштады.

Фотомодель Айыма Бактыбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Төрт жашында фотомодель болгон Айыма. Наристенин апасы менен маек
Негизи жыл сайын алты-жети жарыш болот. Казакстанга да тынбай барып турам. Буга чейин кадеттер, юниорлор арасында катышып жүргөм. Соңку учурда чоңдорго кошулуп, жарыша баштадым. Кыргызстандын чемпионатына калтырбай катышып сегиз жолу жеңип алдым. Былтыр Алматыда чоңдор менен жарыштырып көрөлү деп казакстандыктар картинг бергенде биринчи келдим. Чынында ал машина жакшы болчу, андайлар Кыргызстанда жок.

Мурдагы жылы Россиянын чемпионатына катышып, анда 130 спортунун арасынан 35 картингист тандалып финалга чыктык. Анда да болгон аракетимди жумшап 16ынчы болуп келгенмин. Ошондон кийин мени Россиянын ТОП-20 автоспортчусунун катарына киргизген. Бул жарыштын финалына Орто Азия боюнча эч ким жете алган эмес. Негизи эле Кыргызстандан автоспортчулары чоң чемпионаттарга барбаптыр.

© Sputnik / Табылды КадырбековУлукбек Байзаков картинг унаасына биринчи жолу жети жашында отургандыгын айтып берди
Восьмикратный чемпион Кыргызстана по картингу Улукбек Байзаков - Sputnik Кыргызстан
Улукбек Байзаков картинг унаасына биринчи жолу жети жашында отургандыгын айтып берди

— Талантыңызга көзү түшүп, чет өлкөдөн ар кандай сунуштар келип турса керек.

— Көбүнчө Казакстандын клубдары чакырат. Алардан машинасын айдап, клубунун атынан чыгып берем. Бирок ар дайым Кыргызстандын желеги астында чыгам.

Экм жыл мурда "Формула-1" дүйнө чемпионатынын башчысы Жан Тодт Кыргызстанга келип биздин автоспорт менен таанышып кеткен. Ошондо менин ийгиликтериме баам салып, жолугуп сүйлөшүүлөр болгон. Ал "бизге сендей тубаса таланттар керек. 9-классты бүткөндөн кийин Италияга барып бизге тапшыр" деп Италиядагы Автоспорт академиясына чакырган. Бул окуу жайды бүткөндөр дүйнөлүк мелдештерде ат салышкан мыкты пилот болуп чыгат.

— Сиз айдаган картингди канча сомго сатып алса болот?

— Мындай машиналар үлгүсүнө жараша 5000ден 10 000 еврого чейин турат экен. Бирок мен "Калипсо" деген командада жүргөндүктөн алардыкын айдайм. Өзүмдүн жеке картингим жок.

© Фото / Бакыт БайзаковУлукбек Байзаков картинг боюнча Кыргызстандын 8 жолку чемпиону
Улукбек Байзаков картинг боюнча Кыргызстандын 8 жолку чемпиону - Sputnik Кыргызстан
1/3
Улукбек Байзаков картинг боюнча Кыргызстандын 8 жолку чемпиону
© Фото / Игорь МельниковУлукбек Байзаков Италиядагы Автоспорт академиясына чакыруу алды
Улукбек Байзаков Италиядагы Автоспорт академиясына чакыруу алды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Улукбек Байзаков Италиядагы Автоспорт академиясына чакыруу алды
© Фото / Игорь Мельников"Көбүнчө Казакстандын клубдары чакырганда алардын атынан, бирок Кыргызстандын желеги менен чыгам", — деди Улукбек Байзаков
Көбүнчө Казакстандын клубдары чакырганда алардын атынан, бирок Кыргызстандын желеги менен чыгам, — деди Улукбек Байзаков - Sputnik Кыргызстан
3/3
"Көбүнчө Казакстандын клубдары чакырганда алардын атынан, бирок Кыргызстандын желеги менен чыгам", — деди Улукбек Байзаков
1/3
Улукбек Байзаков картинг боюнча Кыргызстандын 8 жолку чемпиону
2/3
Улукбек Байзаков Италиядагы Автоспорт академиясына чакыруу алды
3/3
"Көбүнчө Казакстандын клубдары чакырганда алардын атынан, бирок Кыргызстандын желеги менен чыгам", — деди Улукбек Байзаков

— Кыргызстанда автоспорттун деңгээли кандай?

— Союз учурунда Кыргызстан картинг спорту боюнча Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болчу. Азыр да эң кыйын механик, инженерлер бар. Аксаган жерибиз — бизде автодром жок. Мурдагы автодромго азыр Кыргыз-түрк "Манас" университети курулуп калган. Азыр авто спортчулардын баары Токмоктогу эски аэропортко барып машыгып, мелдештердин баары ошол жакта өтөт. Жакшы автодром, картодром болгондо деңгээлибиз дагы да жогоруламак.  Учурда Кыргызстанда автоспорт менен алектенген төрт-беш клуб бар. Ошондой эле Автоспорт федерациясы да ачылган.

— Машыктыруучуңуз ким?

Флаг Кыргызской Республики на заседании - Sputnik Кыргызстан
Элдин балдары... Жогорку кызматты ээлеген жаштардын тизмеси
— Вячеслав Зарецкийдин кол алдында машыгам. Ал СССРдин эң кыйын моторист, инженерлеринин бири. Анын окуучулары Россияда мыкты спортчулардын катарын толуктайт. Мурда мелдештерге барганда атам жанымда жүрүп, машинам бузулса оңдоп берчү. Быйыл чоңдордун классына өткөндөн кийин техникаларамды өзүм оңдоп, жасай баштадым. Жарыштарда эки жылдан бери мотор майларын чыгарган компания демөөрчү болуп каржылап жүрөт.

— Чемпион болуунун сыры эмнеде?

— Талбай жасалган эмгек жана жүрөксүбөй алдыга кадам таштоо. Унаа айдоодон сырткары залга барып дене мүчөбүздү чыңдап турабыз.

© Фото / Бакыт БайзаковБул сыйлыктардын баары тер төккөн эмгек менен мээнеттин аркасынан келген
Восьмикратный чемпион Кыргызстана по картингу Улукбек Байзаков - Sputnik Кыргызстан
Бул сыйлыктардын баары тер төккөн эмгек менен мээнеттин аркасынан келген

— Картинг спорттун опурталдуу түрүнө кирет эмеспи. Мелдеш учурунда жаракат алган учурлар болду беле?

— Коркуу болот, бирок тажрыйба топтоп кылдат болууга үйрөнөбүз. Сүзүшкөн,  техниканын дөңгөлөгү сынып, кээ бир жерлери ийилип кеткен учурлар болгон, бирок жаракат алган эмесмин.

— Кумир туткан пилотторуңуз барбы?

— Ооба, учурдагы "Формула —1" чемпиону финляндалык Кими Райкконен мага абдан жагат.  9-классты бүткөндөн кийин Италияга барып окуп, тажрыйба топтоп Формула – 4, 3, 2 жана 1 турнирлерине катышсам,  Кыргызстандын  желегин желбиретсем деп кыялданам.

— Канча бир туугансыз, алар эмне менен алектенишет?

— Биз үч бир тууганбыз, мен ортончусумун. 8 жаштагы иним көптөн бери эркин күрөш менен машыгып жүрөт. Ал да чемпион болгусу келет. Эжем спортта жаатында эмес, башка тармакта иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0