Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. 26-октябрда өлкө боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +19…+24 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +13…+18 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +23…+25 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0