Баткенде кутурган карышкыр беш кишиге кол салды

Жазылуу
Жабыркагандардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Баткенде карышкыр беш кишиге кол салды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынын консультанты Елена Баялинова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, окуя Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында 23-октябрь күнү болгон.

Баялинова жабыркагандардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Буга чейин ЖМКлар карышкырлар айылга чейин түшүп келип жатканын, тургундар бир жырткычты сабап өлтүргөнүн жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0