Өз курагынан эки эсе жаш көрүнгөн Элдосбек: 21 жаштамын деcем эч ким ишенбейт

© Фото / Алмаз кызы Диана21 жаштагы Элдосбек Алмаз уулу. Архив
21 жаштагы Элдосбек Алмаз уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элдосбек Алмаз уулу Instagram баракчасында видеоблоггер катары жакындан бери таанымал боло баштады. Интернет колдонуучуларын ал өзүнүн жаш курагы менен кызыктырып алган. Элдосбек учурда 21 жашта, бирок сыртынан 4-5-класстын окуучусундай көрүнөт.

Көпчүлүктү жаш курагы менен кызыктырып, Интернетке кызыктуу видеолорду жүктөгөн видеоблоггер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сүйлөштү.

Элдосбек Кыргызстандан тыш жүргөндүктөн аны менен жолугуп, кенен-кесир баарлаша алган жокпуз, видеого да тарталы деген ниет бар болчу. Антсе да видеоблоггер менен телефон аркылуу байланышып, кыскача маек курдук.

— Элдосбек, өзүңүз тууралуу айтып бересизби?

— 1997-жылы 25-сентябрда Ош облусундагы Кара-Суу районунун Тельман айылында төрөлгөм. Ошол эле айылда Эрнест Тельман атындагы №49 орто мектепти аяктагам. Төрт бир тууганмын. Эжем, иним, карындашым бар. Атам базарда соода кылат, апам үйдө.

© Фото / Алмаз кызы ДианаДарыгерлер Алмазбек уулу Элдосбекке гипофизарный нанизм (эргежээл) дарты менен жабыркаарын айтышкан
21-летний Элдосбек Алмаз уулу - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер Алмазбек уулу Элдосбекке гипофизарный нанизм (эргежээл) дарты менен жабыркаарын айтышкан

— 21 жашка толгон турбайсызбы, бирок сыртыңыздан окуучу баладай көрүнөт экенсиз?

— Ооба, элдин баарынын кызыкканы эле ушул суроо. Боюм жай өсөт. Дарыгерлер "гипофизарный нанизм" деген диагноз коюп, гормон жетишпегендиктен ушундай өсөт деп айтышкан.

— Ата-энеңиз, бир туугандарыңызда мындай дарт жокпу?

— Үйдөн мен эле ушундаймын.

— Азыр чет мамлекетте окшойсуз?

— Ооба, учурда эжем экөөбүз Москва шаарындабыз. Ата-энем айылда эле.

© Фото / Алмаз кызы ДианаАлмазбек уулу Элдосбек төрт бир туугандын экинчиси
21-летний Элдосбек Алмаз уулу, страдающий гипофизарным нанизмом - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек уулу Элдосбек төрт бир туугандын экинчиси

— Иштейсизби же окуйсузбу?

— Эжем иштейт, мен бул жакка эс алганы эле келгем.

— Мектепти бүткөндө жогорку окуу жайга тапшырдыңыз беле?

— Жогорку окуу жайга убагында тапшыра албай калдым. Биринчиден паспортум кеч бүтүп, документтер кеч калып калган. Анын үстүнө турмуш шартка байланыштуу да окубай калдым.

— Азыр эмне менен алектенесиз?

— Азыр көбүнчө убактым Instagram баракчасына кетет. Кыска видеолорду тартып жүктөйм. Учурда баракчама катталгандардын саны 10 300гө жетти.

— Пайда көрөсүзбү анан?

— Ооба, жарнамадан жакшы эле акча табам. Бир жарнама 500 рубль. Негизи мага кара жумушта иштеп, оор көтөргөнгө болбойт. Кичине кезимде каным аз болуп, алым кетип, ай сайын дарыланып турчумун. Үйдөгүлөр жумуш жасатышкан жок. Курьер болуп, компьютердик жумуштарда иштей алам.

— Негизи бул диагноз менен дарыланса болот бекен?

— Дарыгерлер 15 жашка чейин дарыласа болот деп айтышкан. Азыр кеч. Убагында ата-энем дарылатууга аракет кылышты, толук айыгыш үчүн Россияга барып бир жыл ийне алыш керек болду. Бирок бир ийнеси эле 100 доллар болгондуктан, каражатыбыз жетпей барбай калганбыз. Ошентип акчанын жогунан убагында дарылана албай калгам.

© Фото / Алмаз кызы Диана"Азыр көбүнчө убактым Instagram баракчасына кетет. Кыска видеолорду тартып жүктөйм", — дейт Элдосбек
21-летний Элдосбек Алмаз уулу, страдающий гипофизарным нанизмом - Sputnik Кыргызстан
"Азыр көбүнчө убактым Instagram баракчасына кетет. Кыска видеолорду тартып жүктөйм", — дейт Элдосбек

— Элдин көбү эле сизди кичинекей бала катары кабыл алса керек?

— Мектепте 9-классты бүткөндө 1 метр 12 сантиметр болчу, азыр 1 метр 30 сантиметр. Мектепти 2015-жылы бүттүм. Үч жыл ичинде 18 сантиметр өсүптүр. Сиз айткандай көбү менин чыныгы жаш курагыма ишенбейт. Ал тургай паспортумду көрсөтсөм "кайдан билебиз, балким документиң жасалмадыр" деп айтышат. Айла кеткенде досторум, жанымдагы жакындарым баарын түшүндүрүп ишендиришет.

— Мектепте окуп жүргөндө боюңуздан жапа чеккен учур болгон жок беле?

— Мектепте жакшы окучумун. Ошол себептенби, айтор, боюма же жашыма асылган деле учур болгон жок. Тескерисинче, боюм кичине болгондуктан кышкысын кээде классташ балдарым сумкамды үйгө чейин көтөрүшүп келип, жардам беришчү.

— Жашооңузда кызыктуу окуяларга көп эле туш болсоңуз керек?

— Ооба. Азыр Instagram тармагында таанымал болгондон бери мени Москвадагы мекендештер "кел сүрөткө түшүп алалы, а-аа баягы бала турбайбы, чын эле 21десиңби" деп турушат. Бир жолу дос балам экөөбүз кафеде отурсак, бир эже келип досуман "Бул иниңби?" деп сурап калды. "Жок, досум" десе ишенбей, паспортумду көрсөтсөк, анан "ошо, дос  балаң менен отургандай сүйлөшүп отурасың" деп күлүп, мени менен сүрөткө түшүп кеткен. Таң калгандар көп эле. Бирок мен ага көнүп калгам.

— Убагында үй-бүлөлүк шартка байланыштуу окууга өтпөй калыптырсыз. Эгерде кимдир бирөө азыр сизди өзүм каржылап окутайын десе окумак белеңиз?

— Макул болмокмун, бирок окууга кеч болуп калды го. 5 жыл окусам 26 жашка чыгып, үйлөнгүчө 30га чыгып карып кетем го (күлүп)…

— Сүйлөшкөн кызыңыз барбы?

— Бар.

© Фото / Алмаз кызы ДианаАлмазбек уулу Элдосбек эч нерсеге капаланбастыгын, бул турушуна топук кылып жашай тургандыгын айтты
21-летний Элдосбек Алмаз уулу, страдающий гипофизарным нанизмом - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек уулу Элдосбек эч нерсеге капаланбастыгын, бул турушуна топук кылып жашай тургандыгын айтты

— Тасма же клипке тартылууга сунуш түшпөй элеби?

— Түштү. Бир жыл мурун орустардын бир даректүү киносуна тартылдым. Жакында чыгат болуш керек. Ал эми Кыргызстандан андай сунуш боло элек.

— Оорудан улам капаланган учурлар болду беле?

— Мен эч нерсеге капаланбайм, дайыма шайыр, күлүп жүргөнгө аракет кылам. Кудайдын ушунусуна да шүгүр деп жашайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0