Же кете албай, же кала албай... Кайын журтун кыя албаган жесир келин

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөсүнөн жаш калып, кайын журту менен жашаган келиндин тагдыры баяндалат.

Диванда отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
40тан ашып баратам, өзүм үчүн төрөп алсамбы… Аял кишинин толгонуусу
Болочок жолдошум менен студент кезде дос кыздарым аркылуу таанышып калгам. Экөөбүз бир көргөндө эле бири-бирибизди жактырып, тез эле сүйүү сезимдерибиз жанып, кыз-жигит болуп калдык. Бири-бирибизди мүнөз жагынан да, башка жагынан да толуктап тураар элек. Менин мүнөзүм шайыр, бир нерсени бетке айткан жайым бар. Ал болсо токтоо, оор басырыктуу, анан сабырдуу эле. Азыр ошол жаңы таанышып, кыз-жигит болуп кол кармашып жүргөн бактылуу күндөрдү эстөө менен жашап келем. Экөөбүз ошентип үч жылдан ашык кыз-жигит болуп сүйлөшүп, төртүнчү жылы баш коштук. Менин кесибим бухгалтер, күйөөм болсо аскер кызматкери болчу. Кайын журтум мени жылуу кабыл алды. Мен да алар менен тез эле тил табышып кеттим. Өзүмдүн апам эрте эле каза болуп калгандыктан, кайненеме жакын болуп кеттим. Ал абдан боорукер аял. Күйөөм үч бир туугандын кичүүсү болчу. Бирок жумушуна байланыштуу кайната, кайненемдер менен чогуу турган жокпуз. Жолдошум кийин ата-энемди жаныма алып алам дей берчү.

Бирок бактылуу күндөрүбүз көпкө созулган жок. Беш айлык боюмда бар кезде жолдошум жол кырсыгынан каза болгонун уктук. Анда ал түштүк тарапта кызматта болчу. Күйүттөн ооруканага жатып калдым. Дарыгерлер "ичтеги баланы ойло" деп атып араң өзүмө келтиришти. Кайната-кайненемдин абалын айтпай эле коеюн. Баланын күйүтү жаман тура, бат эле карып кетишти. Атасы айылда жакшы кызматта иштечү. Апасы мурда мугалим эле. Зыңкыйып жүргөн немелердин бат эле кебетелери кете түштү. Артында туягы калды деп илгери үмүт менен эптеп жашап жаттык. Кетип кала алган жокмун. Баласынын туягын күтүп, мага "айланайындан" башка сөз айтпаса кантип басып кетем. Өзүм да аларга үйүр алып, көнө түшүптүрмүн.

Приют для женщин, пострадавших от домашнего насилия в пригороде Москвы - Sputnik Кыргызстан
Эмчектеги балам менен көчөдө калдым. Кайын журту кууп чыккан келиндин арманы
Ошентип ай-күнүмө жетип кыз төрөдүм. Ал күнү күйөөм тирилип келгендей кубандык. Атасына окшош экен. Азыр кызым бирге чыкты. Дагы эле кайната-кайненем менен айылда турам. Жашым 25те. Алар мага "кет" же "кал" деп айтышпайт. Небересинин кылыгына кубанып жүрүшөт. Шаарга барып иштесем деп ойлойм, бирок кызымды кимге каратам. Жакшынакай жылуу үйдөн кетип калып, же тигинден, же мындан жок калбайын деп корком. Анын үстүнө кайнене-кайнатамды аяйм. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып небересин алып кетип калгандан корком. Кээде кайненем мага билгизбей ыйлап алганын байкайм. Кызымды да таштап кете албайм, менден алыс өсүп, ата-эне мээримин көрбөй чоңоебу деп чочулайм. Айтор, ар түркүн ойду ойлой берип чарчадым. Атамдардан болсо жардам деле күтпөйм. Өгөй энем менен да мамилем жакшы эмес.

Эненин мээримин көрбөгөнүм аз келгенсип, күйөөнүн да жыргалын көргөн жокмун. Кээде туугандар чогулуп калганда, абысындарым "ушинтип өмүр бою өтүп кетесиңби, турмушка чык, бактыңды тап, кызыңды аталуу кыл" деп айтышат. Күлүп тим болом. Жашоо улана берет экен. Кайната-кайненемдин да көңүлүн калтырбай, жашоомду туура багытта кантип алып кетсем болот?

Психолог Асель Сүйүнбаеванын жообу:

Кат жазган келиндин тагдыры оор жоготууга дуушар болгону үчүн аянычтуу… Бирок тирүү адамдын жашоосу улана берет. Тирүү болгондон кийин адам жашашы керек, болгондо да жакшы, толук кандуу жашашы керек.

Кайын журту жөнүндө айткан сөздөрү, аларга болгон мамилеси келиндин жакшы мүнөзүнөн кабар берет. Ошентсе да ар адамдын өзүнүн жолу бар, бул келин да өз бактысын табышы керек. Анын үстүнө жапжаш экен. Кайнене-кайнатанын абалын түшүнсө болот. Алар келининин деле абалын түшүнүп, көзү жетип турса керек. Баласынан калган жалгыз жандан кол үзүп, алыстап, унутта калабызбы деп коркуп жаткандыр. Балким бир ылайыктуу убакытты күтүп жатышкандыр.

Кызын жетелеп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тууганыбыздын кызын асырап алганбыз, эми талашып жатат. Айласы куруган үй-бүлө
Менимче, бул келин кызы 2-3 жашка чыгып калганда кайын журту, ата, апасы менен жай отуруп баарын түшүндүрүп айтып, алар менен акылдашышы керек. Ошол эле убакта небереси менен ар дайым жолукканга тоскоол болбой турганын да билдирсин. Ушундай учурда кайнене, кайната да сөздү биринчи баштап "сага тоскоол эмеспиз, бактыңды тап" деп айтса келинге да кийин турмуш курганга жеңил болот эле.

Өзүнчө бөлүнүп жашайм десе келин биринчи кезекте жумуш тапсын, ал аралыкта кызы кайын журтунда болуп турса жакшы болот. Андан кийин ким билет, балким жакшы адамды жолуктуруп, үй-бүлө куруп кетээр. Өлгөн адамдын артынан эч ким өлгөн эмес. Жашоо уланат. Келин кызына татыктуу тарбия берип, толук кандуу үй-бүлөдө тарбиялагысы келсе өткөн жашоого кейип, ыйлап-сыктап отура бербей иштесин.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында ичиңиздеги букту чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg mailto:news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз. Каттар ар кыл темада кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0