Sputnik Кыргызстан агенттиги Россияга акча издеп барып ажал тапкан мекендештердин сөөгүн алып келүүдөгү көйгөйлөргө баам салып, маселени жеңилдетүүгө көмөктөшүү жолун издеди.
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Санкт-Петербургда каза болгон журтташтардын сөөгүн ташуу баасынын кымбатташы боюнча маселе көтөрдү.
Бирок депутат айткан AviaTraffic компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров кепке келбей койду.
"Биз өлгөн адамдардан акча жасабайбыз. Ортомчулар болуп жатса Санкт-Петербургга барып иликтегиле. Биз токтомдун негизинде ортомчулары жок жакшынакай эле ташып жатабыз", — деп Аскаров мындан ары бул маселе менен башын оорутпоону талап кылды.
Андан сырткары, дагы бир чала турган болсок, журналисттин үстүнөн арыз жаза турганын да айтып, кызаңдады.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы боюнча жүк-200дү Россиянын "Урал аба жолдору", "Аэрофлот", S7 жана КРдин AviaTraffic авиакомпаниясы ташыйт. Баарынан баасы бирдей эмес, ар бир компаниянын койгон өз наркы бар.
Сөөк күткөн күйүт, эл чогулткан акча
Ал эми Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Кочкорбай Кутунаев сегиз жылдан бери маселе көтөрүп, бирок жыйынтыгы көрүнбөй жатканына нааразы болду.
Чаткал районунун тургуну Мирхамит Сыдыков былтыр ушул маалда Россиянын Рязань облусунда поезддин алдында калып набыт болгон. Маркумдун эжеси Айбарчын Сыдыкова анын сөөгүн үйдө 15 күн күтүп отурушканын айтты.
"Мына жөнөтөт деп атып эки жолу кармалып калды. Ал жакта туугандарыбыз жок, өзүбүздүн барганга мүмкүнчүлүгүбүз болбоду. Сөөгүн да көрбөй калабызбы деп сыздап жибердик. Балдарынын көкүрөгүндө өмүр бою өксүк болбосо экен деп тиледим. Улгайган ата-энесине угузбадык. Эптеп сөөгү келсе деп Москвадагы активист Улан Кошматовго кайрылдым. Ага 37 миң рубль жөнөтүп, ал да ошол жакта иштеген кыргызстандыктардан акча чогултуп Рязандан Москвага алып келип жөнөттү. Кийин Миграция кызматы компенсация дегенинен барсам "бир-эки документи туура эмес" дешти эле басып кетип калгам. Кайра Бишкекке бара албадым. Ал каражатты беришсе, жетим калган эки баласынын бир керегине жарап калмак да", — деди Сыдыкова.
Мамлекет 50 миң сом компенсация төлөйт
Бул башка мамлекетте эмне менен алектенип жүргөнүнөн көз каранды эмес. Өкмөттүн мындай токтому ушул жылдын июнь айынан башынан тарта ишке кирген. Ага чейин эмгек мигранттарына гана чыгымдары төлөнүп турчу.
Алыбаевдин билдиргенине караганда, жыл башынан бери чет өлкөдөн ажал тапкан 132 кыргызстандыктын (Россиядан 119, Түркиядан 7, Казакстандан 3 жана Кореядан 3 адам) жакындарына 5 миллион 870,4 миң сом берилген.
Каражатты төмөнкү документтерди алып барып, үч күндүн ичинде алууга болот.
— Өлгөндүгү тууралуу нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн документ;
— Акчаны ала турган адамдын паспортунун көчүрмөсү;
— Анын маркум менен туугандыгын тастыктаган документ.
Сөөк ташуу түйшүгү канткенде жеңилдейт?
Мигранттар менен иш алып барган "Замандаш" партиясынын төрагасы Жаңиш Молдокматов ар бир мигранттын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу жолу менен маселени чечүүгө болорун айтууда.
"Транспорттун кайсы түрү менен кетпесин, Кыргызстандан чыгып жатканда билетине кошуп камсыздандырууга 300 сом алынат. Толук ишенимдүү болушу үчүн бул ишти мамлекеттик камсыздандыруу компаниясына жүктөө керек. Эгер бирөө каза болсо компаниянын өкүлдөрү барып, өлүкканадан алып чыгып үйүнө чейин жеткирип берет. Эсептөөлөргө караганда бир жылда 1,5 миллиард сом чогулат экен. Ар жаран бир-эки жылда сөзсүз үйүнө келип кетет. Демек, эки жылдын ичинде мигранттардын баары өмүрүн камсыздандырып бүтөт", — деди Молдокматов.
Ал мындай демилгени Россиядагы мигранттар Толкунбай Акматов, Акбар Маразыков жана Марат Исаевдер көтөрүп чыкканын белгиледи.
Ошондой эле ал каражат табылбай калса, сөөк ошол жакка көмүлүп каларын кошумчалады. Мисалы, үч жыл мурда каза болуп сөөгү калып калган кызды эки ай мурда кайра каздырып, Кыргызстанга алып келишкенин айтты. Сөөктү алып кетүүгө 140 миң рубль керектелип, жалгыз бой энеси 150 миң кредит алган. Бирок каражатын уурдатып жиберип, айласыз отуруп калган.