Эртели-кеч Бишкек шаарындагы Эркиндик гүлбагын аралап, жумушка барып, үйгө кайтам. Гүлбактагы эстеликтердин жарылып, таанылгыс болуп калганын көрүп зээним кейийт.
Былтыр күзүндө бир жигит өрт өчүрүүчү машинанын суу түтүгү менен эстеликтердин сыртын каңтара аттырып жууп жатканын көрүп "жигит, абайласаң боло, бул деген тарыхый эстелик да. Камкор, аяр мамиле кылып, суунун басымын азыраак кылып эле жуусаң боло" деп уруша кеттим эле. Ал "сиздин ишиңиз болбосун, мэриянын буйругу менен тазалап жууп жатам" деген. Ошондон бери кышкы суукта, кар эригенде эстеликтердин кейпи кетип, "ыйлай турган" абалга жетти. Бул майда болгону менен маанилүү маселе. Гүлбакты жүздөгөн чет элдик туристтер, меймандар аралап, сүрөткө түшүп жүрүшөт. "Уялбагандан өзүң уял" дегендей бул кичинекей макала шаар жетекчилерине коңгуроо болоор деген ниетте, бузулуп, оңдоого муктаж эстеликтердин айрымдарын сүрөткө тартып, жөнөтүп турган кербезим…
Кээ бир эстеликтердин ташы омкорулуп, кээсинин мурду бучуюп, колу жарылып, жарылып, кулап калуу коркунучунда турат. Гүлбакта эртели-кеч балдар ойноп, сейил курушат. Кокустан жарылган эстелик кулап, кырсык болбосо экен деп да чочуйсуң…
Балбал таштар, күмбөздөр, коргондор, андан соң советтик доорунда курулган коммунисттик духтагы эстеликтер, Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорго, андан кийинки эгемендик жылдары баатырлардын, чиновниктердин же колунда бар кыргызстандыктардын аталарынын эстеликтери тургузула баштады.Ошондой эле Кыргызстанда акын-жазуучу, манасчы жана искусство ишмерлеринин эстеликтери да арбын.
Маданият министрлигине республика боюнча эстеликтерди реставрациялоо же оңдоп-түзөө маселеси курчуганын кулак кагыш кыла кетели. Бул иштерге жылына кеминде 50-60 миллион сом керек дешет адистер. Эстелик куруу абдан түйшүктүү иш, бирок аны реставрациялоо андан дагы татаал. Анткен менен Кыргызстанда учурда жаңы эстелик курууга караганда, эскилерин оңдоого болгон муктаждык барган сайын жогорулап бара жатканына Эркиндик гүлбагындагы эстеликтер мисал болоор.
Скульптура жана эстеликтерди оңдоп-түзөө маселесине жөнөкөй кыргызстандыктар дагы кайдыгер карабай, ишембилик учурунда чөп-чарды, жалбырак, таштандыны тазалап гана койбостон, камкордукка алуусу зарыл болуп турат. Анткени бул биздин тарых, эстетикалык ырахат алуучу же эс алуучу жай.
Эстеликтерди ыйлатпайлы, замандаштар…