Күйөөмдүн мага көңүлү жок, никеге да турбай жатат. Көп балалуу келиндин күйүтү

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Катран Ляйлякского района Баткенской области
Село Катран Ляйлякского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында төрт балалуу болсо да, күйөөсү менен расмий түрдө никеге тура элек аялдын арманы баяндалат.

Тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала карап үйдө отурган күйөөдөн тажадым. Бүлөсүн жалгыз баккан аялдын баяны
Турмушка чыкканыма 11 жыл болуп, төрт бала төрөдүм. Бирок жолдошум экөөбүз ушул күнгө чейин ЗАГСка туруп, нике күбөлүгүн ала элекпиз. Себеби күйөөм көңүлдөнбөй жатат. Жаңы үйлөнгөндө экөөбүз болор-болбос нерсе үчүн деле чырдашып, уруша кетчүбүз. Ал мени кемсинтип, кээде кол көтөргөнгө чейин барганынан айлам кетип, төркүнүмө чейин кеткен күндөр болгон. Болбосо экөөбүз кыз-жигит болуп сүйүшүп-күйүшүп эле үйлөнгөнбүз.

Күйөөм апасы менен жакшы мамиледе. Анын акыл-кеңешинен чыкпайт. Кайненем биздин эмне ичип-жеп жатканыбызды айылда болсо да баласы аркылуу билип турат. Жашообузга кийлигише берип тажатты. Экинчимди төрөгөндөн кийин баласына "ЗАГСка турбай кое тур, ажырашып калсаң болгон мүлкүңдүн жарымын алып коет" деп айтыптыр.

Ошондон кийин көңүлүм сууп калган. Бирок ортобузда балдар бар деп ак көңүл жаным бат эле жибип, кайненемдин айткандарын унутуп калгам. Күйөөгө жаш тийдим, ата-энем кое тур дегенине карабай кетип калып, азыр аларга сөзүм өтпөйт, "өзүң сүйүп тийгенсиң" деп жашоомо аралашпайт.

Пара в баре в Улан-Баторе - Sputnik Кыргызстан
Үлпөт тойдун алдында сүйлөшкөн кызым менден баш тартты. Жаш жигиттин муңу
Балдарга кам көрүп, жакшы жашап жаткандан кийин бир күнү расмий никеге тураарбыз деп жүрө бердим. Андан кийин дагы экини төрөдүм. Бирок күйөөм расмий нике тууралуу сөз да кылган жок. Бир күнү балдардын документтерин бүтүрүп жүрүп экөөбүздүн нике күбөлүгүбүз керек болуп калды. Айтсам ар кайсы шылтоону сүйлөп, кайра мени беттен алды. Акча берген окшойт, өзү барып нике күбөлүгү жок эле бүтүрүп келди. Ошол күндөн тарта санаам санга бөлүнүп, эмне себептен расмий никеге турбай жатканын өзүнөн сурап биле албай кыйналдым.

Азыр базарда соода кылам. Ал болсо эт менен иштейт. Акчаны жакшы эле табат, бирок эмне кылып жатканын мага айтпайт, акылдашып да койбойт. Эркек акча тапканда көөп калат дегендей бирдеме десем эле беттен алып, ороңдойт, "сен ким элең" деп мени басынтат. Ызаланып ажырашып кетейин дейм, бирок төрт баланы жалгыз кантип багаарымды билбейм. Эркекке эмне, ажырашса дагы бир жаш катын алып жашай берет турбайбы… Бул кырдаалдан кантип чыксам болот, жардам бериңиздерчи?

Кадиян Бообекова. Психолог

Биринчиден бул психологиялык эмес, юридикалык маселе. Ошондуктан келин тез аранын ичинде юристке барып консультация алсын. Андан кийин ошого жараша аракетин көрсүн. Бул аял төрөп, чогуу жашап жатса аны үй-бүлө деп ойлоп жүргөн. Бирок булардын расмий нике күбөлүгү жок болгондуктан — үй-бүлө деп эсептелбейт. Күйөөсү бардык жоопкерчиликти өзүнө алуудан качып жүрөт. Анткени кокус бирдеме болсо апасы айткандай баарын тарттырып жиберет да. Аял келечегин ойлоп жатканы жакшы, бирок мындай санаркоо, ойлонуу ар кайсы ооруну да козгошу мүмкүн. Ошондуктан азыр биринчи кезекте юристке кайрылсын. Андан кийин психологдор менен да иштешсин.

Город Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Турмушка чыксам дейм, бирок үч кызым менен батамбы? Келиндин тагдыры
Аял киши качан өзүн сыйлап, өзүн сүйсө күйөөсү да ошого жараша мамиле кылат. Жолдошунун айтканы менен болуп, унчукпай жүрө берип ушул абалга келин өзү жеткирген. Турмушка эрте чыгып өз укуктарын билбей эле жүрө берген. Бирок азыр деле кеч эмес.

Бизде көпчүлүк аялдар укуктарын билбейт, күйөөсүнүн айтканы-дегени менен жүрө берип акыры беш-алты балалуу болгондо гана кайрылат. Үй-бүлө куруу бул оюнчук эмес. Ар бир нерсени пландап жасоону үйрөнгөнүбүз жакшы.

Юрист, психологдор менен иштешсе балким үй-бүлөсүн сактап калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0