БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандык тогуз жашар хоккейчи Нуртемир Сулайманов Нью-Йорк шаарындагы Aviator хоккей клубунун негизги курамында ойной баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кичинекей спортчунун апасы Мээргүл Маматова билдирди.
Анда чечүү шайбаны команданын негизги чабуулчусу, №8 оюнчу Нуртемир Сулайманов киргизген.
Апасынын айтымында, жаш спортчу эми АКШда өтө турган өспүрүмдөр аралык лигага катышмакчы.
"Быйыл жайында Нуртемир "Нью-Йорк Рейнджерс" хоккей клубунун жайкы машыгуусуна барган. Ал жактан АКШнын Aviator хоккей клубунун машыктыруучулары балабыздын жөндөмүн байкап калыптыр. Аны ойнотуп көрүп машыктыруучулар U10 деп аталган команданын негизги курамына алды. Уулубуз №88 катар саны менен ойноп жатат. Азыртадан эле жакшы жыйынтыктарды көрсөтө баштады", — деди Маматова.
Белгилей кетсек, Нуртемир Сулайманов — Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун уулу.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги жаш спортчу тууралуу материал даярдап, анда тогуз жаштагы чабуулчу менен машыктыруучусу өз командасы тууралуу айтып берген.